«Антистандарттагы» алты «кумалак»: Поэзия – порнография эмес

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Башталышы бул жерде

1960-жылдарда верлибир (ак ыр) менен бирге бул агым бизге да келген. Анын серпиндилери бизде да, айталы акын Рамис Рыскулов, Табылды Муканов, Таалайбек Шаршеналиев ж.б.да кездешет. Бирок, Ракең ыр генийи эмеспи, аны кыргыз кыртышына тууралап, шырымал чапан, ак калпак кийгизип койгон. Ошондон улам, окурман Ракенин – Ыр акенин ырларын өгөйлөбөй кабыл алат, дароо сиңирет. Т.Муканов да аны кыргыз кыртышына чебер отургузган. Т.Шаршеналиевдин ырларынын да кызылы кызыл, агы ак болуп, кыргыздын духу сезилип турат. А С.Раевдин ырларында Батыштын сюрреалисттик духу ошол бойдон кала бериптир. Акыркы жылдарда жазган чыгармаларына караганда, Батышка көп каттап, падыша айымдарга кол бергендиги менен калың элге көбүрөөк таанымал болуп калган жазуучу-драматург Батыш духун кыргыз ыр кыртышына жакындат-канга аракет кылбаптыр:

«Куруган анти сезим,
каршылык, анти ойлоо,
Анти дүйнө, анти сөз, анти жашоо,
Түгөндү анти амал…
Антейдин таманында.

………………………………………………………………………

Чыркыраган чындыкты чаңда калган,
Чыйкан сымал денемден сыккым келет.
Чечекейди чеч кылган чечим менде:
Өзүмдөн өзүм ойлорду тангым келди,
Дүйнөнүн түзүлүшүн чангым келди,.
Өзүмө өзүм бетме-бет анти чыгып!..»

(«…Анти ойлор огубу чагылгандын?» 6-бет. С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет)

Китептин аталышы «Антистандарт» болгон соң, ыр саптарындагы «анти сезим», «анти ойлоо», «анти дүйнө», «анти сөз», «анти жашоо», «анти амал», «анти чыгып» деп, «анти» катышкан сөз айкаштары, атүгүл «Антейдин таманында» дегени да катардагы окурман үчүн да түшүнүктүү эле. Биерде, окурман түшүнбөй кала турган эч нерсе жок. Бирок, ырды «анти» деген сөз катышкан сөз айкаштарына шыкап, башаламан, чачкын, кунарсыз, кыргыздын аң-сезимине жат, чоочун ой бүркүндүлөрүн айтса эле, антистандарт ыр болуп калбайт эмеспи. Бул ырды окуган катардагы окурман автор эмнени айткысы келгенин табабы же жокпу, билбейм, адабият тууралуу кенен түшүнүгү бар биз деле автор айткысы келген ойлорго чалынып, аябай мүдүрүлдүк. Ырдан эч кандай баалуулук таба албадык. Окурман түгүл, автор өзү деле өз оюна өзү чалынып, айтайын деген оюнан адашып калгандай. Эгер, антистандарт деген ойдун тузу ушунда катылган болсо, автор өзү стандартка сыйбаган ойлорунун курмандыгына айланса, башкалар да ошол белгисиздиктин барымтасында калганы ошол.

Автордун  кийинки  ыры  «Кыргыз дух» аталат. Автор өз оюн ыр саптарын жаа жана жаага кере тартылган жебенин көрүнүшүндөй жайгаштыруу аркылуу бергиси келген. С.Раевдин кыргыз духун жаа менен жебеге салыштыргысы келгенин «Жебенин огундабы?..», «Атылган көк жебе» ыр саптарынан боолголоп түшүнсөк болот. Анын мындай аракетинде айып жок, кашайып, ал аракетинин майнабы жок болуп жатпайбы. Минтип символдор аркылуу жазуу сюрреализм багытынын символизм, дадаизм агымынын өкүлдөрүнө мүнөздүү.

Адатта,  акындар  кыргыз  духун бүркүткө, күнгө, тоого, дарыяга да салыштырып  жүрөт.  Эгер,  С.Раев  кыргыз  духун  жебеге,  атылган  окко  эмес, бүркүткө салыштырса, анда ырдын сырткы көрүнүшүн кандай тартаар эле? Же автор кыргыз духун атылган окко эмес, бүркүткө, тоого, тоо дарыясына салыштыргысы келбейби? Бул өңүттөн алганда, ыр «Антистандарт» аталган китептин атына жарашат. Жылдардын бир жылында кыргыз духун өчүп бараткан отко салыштыргандар деле чыгат окшойт сыягы. Муну Батыш духундагы, кыргыз ыр кыртышына чоочун сюрреализм десек болот.

Кийинки бир ыры «Асимметрия» аталат. «Симметрия» геометрия, физикага, кыскасы илимге тиешелүү түшүнүк болсо, «асимметрия» поэзияга эмес, негизинен искусствого тиешелүү түшүнүк. «Асимметриянын» акыркы саптарындагы:

«………………………………………………..чылык,
Койнуңа бир кумалак кирип алган», – дегенди албаганда, бул сегиз сап ырдын алдыңкы алты сабынын ар бир сабы чылгый «кыргыз» деген төрт сөздөн куралган жана ортодон оңдон солго экиге бөлүнгөн. Мүмкүн, өзүн антистандарт эсептеген акын бул ыр асимметрия чыгар, жаңылбасак, биерде эч кандай асимметрия жок. Ыр чылгый символика, дадаизм. («Асимметрия», 12-бет. С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет)

Андан  арылап  барганда,  С.Раевдин «абстрАКЦИЯ»  ыры  бизди  айран  таң таңгалдырды. Тамшана турган керемет ыр, чыныгы поэзия болгону үчүн эмес, медициналык,  ветеринардык,  саясый түшүнүктөргө поэтикалык түшүндүрмө бергени жана поэзияга эч кандай тиешеси жок түшүнүктөрдү зордоп апкелип эле ырга айландырганы үчүн. (черный квадрат деген сүрөтү бар. Анда эч кандай гениалдуулук жок)

«Эртели-кеч,
Жыйырма төрт саат,
Жаагын жанып,
ТВнын бары
Рекламалайт,
Какшанат, кебин жанат,
Дүйнөнүн катындарын каптагансып,
Топон суудай аккансып,
Этек кири
Менструация.» («абстрАКЦИЯ», 19-бет, С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет), – дейт Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси С.Раев.

Бали, ырга ТВ рекламасынан башка тема табылбай калдыбы? ТВ азыр эмнени гана рекламалабайт, азыр аялдардын анысы эмес, балдардын жалаягы деле, эркектердин мунусу деле рекламага айланган. Бул бизнес, кызылдай соода, башка эч нерсе. Эми ошону деле поэзияга сүйрөп апкелиш керекпи? С.Раевге ТВда кетип жаткан ошончо рекламанын ичинен аялдардын ошонусу көзүнө дароо урунуп калганын көр.

Ал антистандарт акын болгусу келгенине  кызганыч  жок.  Болсун.  Бирок, антистандарт акын болуш жана ыр жазыш үчүн «жалаяк» менен «менструациядан» башка сөз таба албай калдыбы? Жер баарын чыдап көтөргөндөй, ыр да чыдамдуу, көтөрүмдүү, ыр саптарына кандай кир, сасык сөздөрдү аралаштырба, ырга эмнени жазсаң, айтсаң көтөрө берет. Арийне, бирок бир талашсыз чындык бар: ПОЭЗИЯ – порнография эмес. ПОЭЗИЯ менен порнографияны чаташтырбаш керек.

«Антистандарттагы» алты «кумалак»: Поэзия – порнография эмес: 1 комментарий

Комментарии запрещены.