Жоголгон муун: кароосуз калган адабият, калеми мокогон жазуучулар, «станок» акындар, Эралиевди таң калтырган талант…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Алгы сөз

Кыргыз улуттук адабиятынын тарыхында 19-кылым акындар поэзиясынын алтын доору катары белгилүү болсо, 20-кылым кыргыз жазма адабиятынын алтын дооруна айланды. Өткөн кылымдын 20-30-жылдарында гана жаңыдан түптөлүп, телчиге баштаган кыргыз совет адабияты бат эле ирденип, улуттук адабияттын алтын казынасын түптөө процесси гана жүрбөстөн, акын-жазуучулардын улам кийинки мууну күжүлдөп иштеп, дүйнөлүк адабияттын алдыңкы үлгүлөрүнө айлана турган чыгармаларды бере баштады. Кыргыз совет адабиятынын (же совет мезгилинде түшүндүрмө беришкендей, кыргыз жазма адабиятынын) башатын түптөгөн, А.Осмонов, А.Токомбаевдин ж.б.лардын сүйүү лирикалары, атажурт темасындагы ырлары, М.Элебаев, Т.Сыдыкбековдун кара сөздөрү чындыгында эле дүйнө окурмандарынын көңүлүнөн орун таба турган көркөм сөз туундулары экенинде шек жок. Ошентсе да, кыргыз адабиятынын алтын доору 20-кылымдын 50-60-70-жылдарына туура келет. Бул мыйзам ченемдүү кубулуш, анткени ал жылдарда дүйнөлүк классикалык адабият менен сугарылган жаңычыл нуктагы, революциячыл духтагы кыргыз акын-жазуучуларынын бүтүндөй бир мууну улуттук адабиятка бурулуш жасап, дүйнөлүк адабий традицияны, жаңычылдыкты кадыресе салтка, туруктуу тенденцияга айландырышты. Жарым кылымга жетпеген убакытта улуттук адабият катуу секирик жасап, акындар С.Эралиев, Р.Рыскулов, О.Султанов, С.Тургунбаев, М.Сейталиев, Т.Муканов, Т.Эргешов ж.б.ж.б., жазуучулар У.Абдукаимов, К.Каимов, Ч.Айтматов, К.Жусубалиев, М.Гапаров, К.Акматов, А.Саспаев ж.б.ж.б.лар кыргыз адабиятынын жаңы бийиктиктерин аныкташты. Ошентсе да, каалайбызбы же жокпу 60-70-жылдардын адабий бийиктиги улуттук адабиятты дүйнөлүк адабияттын деңгээлине көтөргөн акын Сүйүнбай Эралиев, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бийиктиги менен бааланып, өлчөнүлөт.

Андыктан, бүгүнкү күндө Айтматов, Эралиевден кийинки муундагы кыргыз адабияты кандай өнүктү, адабий процесс кандай жүрдү, эмне ийгиликтерди жаратты, алардын арасында Айтматовдой алптар чыктыбы, Алыкул менен Сүйүнбайлар барбы, же улуттук адабият унутта калган жылдарда өз казанында кайнап, өз көлөкөсүндө кала бердиби деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат. Эгер, сереп салсак, 70-жылдардын аягында 80-жылдардын башында адабиятка келген адабий муундагы жазуучулар: А.Матисаков, Т.Мадылбаев, К.Сыдыкова, С.Раев, М.Апышев, Т.Шайдуллаева, М.Сабыров, Ч.Абыкеев, Б.Алымбаева, А.Түмөнбаев, Ш.Калыков, Э.Ажыканова, ж.б.; акындар М.Осмонкулова, Б.Чотурова, Г.Шакирова, М.Рысбеков, А.Алымбаев (Баяс Турал), Б.Медетова, К.Белеков, Н.Капаров, Б.Карагулова, Э.Өскөналиев, М.Алиев, Д.Жапаров, Ж.Акунова, С.Абылгазиев, К.Урманбетов, С.Стамбеков, А.Акбаров, Т.Нуркемел, Т.Алымбеков, А.Темирова, Б.Сарыгулова, С.Күрүчбеков, Ч.Турсунбеков, К.Култегин, Ө.Тиллебаев, Ж.Саалаев, Ф.Абдалова, С.Касымова, А.Авазов, Н.Ахмедулин, Т.Мендебаев, М.Тураева, М.Токторов, С.Сарбалаева, Н.Жаманкулов, Ж.Исабаева, Н.Көкөтөева, М.Исатов, В.Бөлөкбаева, А.Кожогулов, ж.б.лардын алды 60тан, арты 50дөн ашты. Бири кем дүйнө демекчи, бул муундагылардын арасынан Т.Бостонкулов, Ж.Зарлыкбеков, А.Акималиев, Ж.Осмонкулов, А.Жапаров,  Б.Бугубаев ж.б. таланттуу жигиттерибиздин көздөрү өтүп кетти. Акын Сагын Акматбекова: “Ыры эмес, ыр ичинде үтүрү, кээ бир тирүү акыныңан өйдөрөөк” деп жазмакчы, көзү тирүү калемгерлер тууралуу айтып жатып, арабызда жок акын-жазуучулар жөнүндө сөз козгобой кетсек, арбактары бизге таарынар. Анан калса алар өз убагында улуттук адабий процессине катышып, өздөрүнүн артында “көзү тирүү” ырларын калтырды дегендей, эмнеси болсо да арбагы тирүү акындарыбыздын ырлары, чыгармалары алар тууралуу сөз кылууга арзыйт.

Ашуудагы отчет: талант мамлекеттик наам же сыйлык менен өлчөнөбү же ким эмне жазды, ким эмнеге жетти?

Акын Байдылда Сарногоев алтымышында окурмандарына, адабий журтчулукка ашуудан отчетун берип жатып:

«Мен киммин, мен бир акын жаман сары,

Колунда койкоңдогон калам сабы.

Энекем эптеп төрөп койсо керек,

Кыргызда көбөйсүн деп адам саны.

Китепте ырларымдын начары көп,

Күйпөктөйм элге жетпей жатабы деп.

Кез-кезде көк базарга бара калам

Соодагер наспай ороп сатабы деп.

Чынында чыгарманын чатагы көп,

Жакшысын жаратуунун азабы көп.

Кез-кезде айылга да бара калам

Кээ бирөө кесип, айрып жатабы деп.

Мен киммин, мен бир акын жаман сары,

Колунда койкоңдогон калам сабы.

Кылган иш, ырым менен кубантсам дейм

Кыргызды, кыргыз сүйгөн замананы»,

— деп санааркап жазгандай, кеткен кылымдын 70-80-жылдардагы муундагы акын-жазуучуларынын кимиси нукура таланттуу калемгер катары калыптанып, кимиси ортосаар, чийки бойдон калды, кимиси кандай адабий ийгиликтерге жетти, кимиси канча китеп чыгарды, кимиси кандай китептерди жаратты, кимиси кайсы адабий бийиктикти багынтты, кимиси адабиятка купулга толорлук жаңылык апкелди, кимиси халтурадан өйдө көтөрүлө алган жок, кимиси акын катары, кара сөз чебери катары ачылды, кимиси ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар бойдон кала берди, кимисинин адабиятка арнаган өмүрү сая кетти, кимиси кыялындагы эңсегенге жетти, кимиси кандай сыйлык алды, ал сыйлыктарга кимиси татыктуу эле, кимиси татыксыз эле, коомдук-саясый турмуштун бар тарабын аралаган коррупция адабиятты да аралап кеткен жокпу, бул муундун өкүлдөрү акыркы жылдарда кандай чыгармаларды берди, бул муундагылардын арасында дүйнөлүк адабиятка кире турганы барбы, же баары сүрмө топтун ичинен суурулуп чыга алышпай кала бердиби деген суроо ар бирибиздин көңүлүбүздү кытыгылап турса керек.

Бул мыйзам ченемдүү собол. Ушуга улай дагы бир собол жаралат. Таланттуу акын Байдылда Сарногоев өзүнүн талашсыз таланттуу акын экенине көзү жете, биле туруп:

— Чыңгыз, кайда?
— Москва, Берлин, Лондондо.
— Эмнеге кетти?
— Бир маанилүү маселе болгон го.
— Байдылда кайда?
— Мал жайылган тоолордо.
— Эмнеге кетти?
— Туз берип жүрөт койлорго.
Чыңгыз кайда?
— Прага, Париж, Римде.
— Эмнеге кетти?
— Эл аралык адабияттын
Абалын билүүгө,

— деп өзүн Чынгыз Айтматовго салыштыра, өзүнүн акын экенинен бир саамга күдүктөнө калганы бар. Андай болгондо, Б.Сарногоев өзүн Ч.Айтматовго салыштыргандай, биз да сөз болуп жаткан муундун өкүлдөрүнүн чыгармачылыгын поэзия алптары Алыкул Осмонов, Сүйүнбай Эралиев, О.Султанов, кара сөз алптары Чынгыз Айтматов, Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиевдерге салыштырсак, алар туура түшүнөт деп ойлойбуз. Анткени, адабиятта болобу, өнөрдүн башка тармагындагы, же спорттобу, кийинки муундун жараткан ийгиликтери, жетишкендиктери улуу муундагылардын алдыңкыларына карай салыштырылат, кийинкилер улууларга түздөнөт. Андыктан, бул муундагылардын арасынан Айтматов, Эралиев, Алыкулдун деңгээлинен да ашып, өйдө көтөрүлүп, дүйнөлүк адабияттан орун тапкандары, кол жеткис бийиктиктерди багынткандары барбы деген суроо мыйзам ченемдүү.

Анда, оболу Чынгыз Айтматов тууралуу эки ооз маалымат. Ч.Айтматов өзүн дүйнөгө белгилүү кылган «Жамиланы» жазганда болгону 29 жашта (1957) экен. Ал эми Лениндик сыйлыкты «Тоолор жана талаалар» китеби үчүн 35 жашында (1963) багынткан. Мамлекеттик сыйлыкты алгач 38 жашында (1966) алса, кийин да эки жолу (1977, 1983) берилген, Токтогул атындагы сыйлыкты 45 жашында (1973), Кыргыз Эл жазуучусу наамын 46 жашында (1974) алган. 50 жашында Социалисттик Эмгектин Баатыр наамы ыйгарылган. Кыскасы, алп жазуучубуз 50 жашка чейин эле алчу сыйлыктын баарын алып, жазчу чыгармаларын жазып коюптур. Ырас, «Кылым карытар бир күнү» (1980), «Кыяматы» (1986), «Чынгыз хандын ак булуту» (1992), «Кассандра тамгасы» (1996), «Тоолор кулаганда» (2006) кийин жазылганы белгилүү.

Алыкул деле кыргыз улуттук адабиятынын классикалык үлгүлөрүнө айланган ырларын 30-35 жаштын тегерегинде жаратып, 35 жашында дүйнөдөн кайткан. Сүйүнбай Эралиев узак жашады, бирок анын улуттук поэзиянын шедеврлерине айланган ырлары, улам бир адабий бийиктикти багынткан чыгармалары жаш кезинде жаралды. «Ак Мөөрдү» 30-35 жашында, «Жылдыздарга саякатты» 40 жашында жазды. 60 жаштан өтүп, “Кызгылт багымдаты” менен дагы бир адабий бийиктикти багынтты. Омор Султанов «Отузунчу станциясын» 30 жашында, «Сен жөнүндө поэмасын» 30-40 жаштын тегерегинде, «Чарчоонун жүзүнчү ырын» 40 жашында жазып, тирүү классиктердин бирине айланган. Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиев да 30-40тын аралыгында мыкты чыгармаларын жазган. Антип, жаш кездеринде эле кыргыз адабиятынын жаңы бийиктиктерин аныктаган, дүйнөлүк алтын казынага кирген чыгармаларды жаратышса да, улуу муундагылардын арасынан сый ургаал жагынан Айтматовго эч кимиси жакындаган жок. Арты 50, арты 60тан ашкан акын-жазуучуларыбыздын арасында да Айтматовдой болуп, ааламга аты угулуп, адабий сыйлыктардын, наамдардын баарын калтырбай алып, адабий атак-даңкка жеткендери жокко эсе. Эми анын көптөгөн обьективдүү жана субьективдүү себептери бар.

Ырас, өз учурунда Алыкул да, С.Эралиев да, Ч.Айтматов да, К.Жусубалиев да, О.Султанов да адабий журтчулук тарабынан дароо эле кош колдоп колдоого алынган эмес, тескерисинче кодулоого учурашкан. Демек, ушул өңүттөн алганда мыкты чыгарманын жазылышы менен, анын өз учурунда татыктуу бааланып, адабий журтчулук тарабынан кабыл алынып, баалай билиниши бир тең. Таланттуу адам бардык учурда эле коомчулук тарабынан же мамлекет жана өкмөт жагынан өз убагында баалана бербейт. Бул жагынан бири жолдуу болсо, биринин жолу жок болот экен.

70-80-жылдардагы адабий муун тууралуу айтсак, бул муундан сый-ургаалдын үстүндө келатканы жазуучу жана драматург, акын Султан Раев. Ал Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын, Т.Абдумомунов атындагы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты. Кыргыз эл жазуучусу наамын да алган, бир катар театр фестивалдарында дипломдорго ээ болгон. Бирок, бул сыйлыктардын арасында СССР убагындагы Ч.Айтматов алган Лениндик, Мамлекеттик сыйлык дегендей, Нобель сыйлыгына тете, мартабалуу сыйлыктар жок. Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын дагы бир лауреаты А.Матисаковдун Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамы бар. Эл жазуучулугуна жете элек. А акын К.Урманбетов Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамын да, Кыргыз эл акыны наамын да алган. 2000-жылы Кыргызстан Жаштар сыйлыгынын лауреаты наамын алыптыр. Буларга куйрук улаш келаткан Кожогелди Култегиндин да Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери жана Кыргыз эл акыны деген наамы бар. «Дарбаза жолго ачылат» аттуу ыр жыйнагы үчүн Алыкул Осмонов атындагы, «Бал ууртам» китеби үчүн Ош облустук мамлекеттик акимчилиги уюштурган Жолон Мамытов атындагы сыйлыктар ыйгарылган. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгондордун бири – Ж.Саалаев. Акын А.Акбаровдун Алыкул Осмонов жана Молдо Нияз атындагы адабий-республикалык сыйлыктары бар.

Уландысы бар