Түркияда туризм тармагы талкууланат

2018-жылдын 3-5–декабрь күндөрү Стамбул шаарынын Лутфи Кырдар көргөзмө борборунда “III. Дүйнөлүк Туризм жана Маданият конференциясы“ өтөт. Бул иш чара Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министирлиги тарабынан Дүйнөлүк туризм уюму (ЮНВТО) менен Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча бириккен улуттар уюмунун (ЮНЕСКО) кызматташтыгында өткөрүлөт.

“Жалпыбыздын пайдабызга” аттуу конференцияга көптөгөн өлкөлөрдүн Туризм жана Маданият Министирлери, ошондой эле дүйнөлүк туризм жана маданият жаатындагы алдынкы адистердин катышуусу күтүлүүдө.

Толук маалымат «www.tourismandculture.org» баракчасында орун алган.