Парламент 2019-жылга бюджеттин жана 2020-2021-жылдарга болжолунун долбоорун экинчи окууда кароодо

29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу”, “КР 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “КР 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорлору 2-окууда каралып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйынга КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөттүн мүчөлөрү келип катышып, өлкөнүн бюджеттик мыйзам долбоорлорунун алкагында эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатышат.

Суроо-жооптун жүрүшүндө келерки жылдын бюджети менен майып баласын баккан энелерге же башка тууганына эмгек акы чектелип жаткандыгы белгилүү болду. Депутат Дастан Бекешев түшкөн каражаттын 10%ын өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жана тышкы карыздарды жабуу максатында резервдик фондго которууну сунуш кылды. Анын айтымында, 5 жыл ичинде 10%дан топтолгон каражат бир топ карызды жаап, өлкөнүн өнүгүшүгө салым кошулат. Бир катар депутаттар сырттан келген эмгек мигранттарын патент менен иштөөсүн жолго коюу менен бюджетке пайда келтирүү жагы белгилешти.

Депутат Мирлан Жээнчороев өлкөгө келген тикелей инвестициянын көлөмү эмне үчүн 33% чейин түшүп кеткендигине кызыкты. Өкмөт өкүлдөрүнүн айтымында, өткөн жылдарда “Түндүк-Түштүк” авто жолу сыяктуу чоң-чоң инвестициялар болбогону менен келген инвестициялардын саны көп, бирок көлөмү аз болуп жатат. Өткөн жылдарда көбүнчө Кытай, Орусия, Казакстандан инвестиция келген. Учурда алардын экономикасынын абалына жараша тикелей инвестициялардын көлөмү дагы түшүп кеткен.

Депутат Иса Өмүркулов контрабандалык товарлардан улам бюджеттен 1 миллиардга чейин жоготуулар болуп жатканын белгилеп, бул жагдайга катуу көзөмөл кылуу керектигин билдирди.

Жыйын жүрүшүндө Өкмөт башчы М.Абылгазиев алтынды казып, иштетип, сыртка сатуу менен чектелүү туура эместигин, бул багытта ювелирдик тармакты экономиканын өзүнчө тармагы катары көңүл буруу зарылдыгын, анын негизинде бир топ жумушчу орундар түзүлөөрүн айтты.