3-декабрга карата аба ырайы

3-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5,

Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 1…6,

Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…5,

Бишкек шаарында күн ачык болуп, жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз 2…4 градус болот.