Жолду баскан арбытат…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Кыргызстандын элинин үмүт-тилектери, алдыга койгон максаттары мамлекеттин биринчи адамы менен түздөн түз байланышкандай эле, карапайым эл өздөрүнүн көптөн бери чечилбей келаткан көйгөйлөрүн бөлүшүп, Президентке түз кайрылып, арыз-муңун айтып кайрылганы мыйзам ченемдүү. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы тастыктап айткандай: «Президенттин атына жазылган каттардын бардыгы тең Сооронбай Шариповичтин жеке өзүнө жетери» жана Президенттин аппаратындагы жарандардын жеке арыз-кайрылууларын кабыл алып, иш алпарган атайын бөлүмдүн сунуштары боюнча жана жардамчысы аркылуу жарандарды жеке маселелер боюнча атайын түзүлгөн график боюнча кабыл алары белгилүү. Мындан сырткары аппараттагы тармактык бөлүмдөрдүн кызматтык билдирүүлөрү боюнча дагы жарандарды кабыл алуу каралган. Кыскасы, жарандардын кайрылуулары мамлекет башчынын көңүл жаздымында калбайт деп айтсак болот.

Президент С.Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда: “Министрликтер менен ведомстволор жарандар менен иштөөгө жетишээрлик көңүл бурбайт. Мамлекеттик органдар жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүсү зарыл. Аны менен бирге жооптор мазмундуу жана негиздүү болушу керек”, — деп мамлекеттик органдарга катуу эскертип, ошондон кийин жарандардын кайрылууларына көбүрөөк жана өз учурунда көңүл бурула баштаганы эсибизде.

Карапайым элдин өтүнүчүнө Президент тарабынан кандай көңүл бурулуп, материалдык муктаж адамдарга кандай жардам берилип жаткандыгын гезитибиздин №88(24285) (24.11.2018-ж.) санында кеңири жазганбыз. Карапайым элдин өтүнүчүн, арыз-муңун аткаруу багытындагы иштер  мындан  ары  да  ырааттуу улантыла бере тургандыгында эч шек жок. Мунун себебин Президент С.Жээнбековдун карапайым адамдарга жакын экендиги жана жөнөкөйлүгү менен түшүндүрсөк болот. Ал жакында эле берген маектеринин биринде: “…Бизде бай менен кедей ортосунда ажырым күч. Мамлекеттин милдети — жакырларга кам көрүп, алардын жашоо деңгээлин көтөрүү. Биз жакырчылыкка каршы күрөшөбүз”, — деп айтканы көптөн үмүттөндүрөт.

Ал  эми  мамлекет  башчыга мүнөздүү жөнөкөйлүгү тууралуу айтсак, Президент Сооронбай Жээнбеков бир жылдык ишмердигинин учурунда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын Нью-Йоркто өткөн 73-сессиясына, Москвага, Ашхабадга, Ошко жана бир катар расмий сапарларга кадимки аба каттамдарын пайдаланып, барып келди. Мамлекет башчынын №1 борт менен учпай, жарандык каттамдар менен учканы кыргыз коомчулугунда бир топ кызуу талкууларды жаратып, социалдык түйүндөр: «Сооронбай Жээнбеков эл менен бирге учса, анда элдин көйгөйүн билейин деп жүрөт. Анын тушунда Кыргызстан оңолот деген чоң үмүтүбүз бар», «Бул эң сонун көрүнүш! Адам баласы канчалык бийиктеген сайын ылдый болушу керек! Эл менен болушу керек. Биз үчүн чоң сыймык!» «Президентибиз кыргыздын жакшы сапатын көрсөттү. Сыймыктанам», “Кыргызда: “адамдын улуулугу – анын жө нөкөйлүгү” деп таамай айтылган кеп бар. Президент Сооронбай  Жээнбековдун бир жыл аралыгындагы ишмердиги анын жөнөкөйлүгүнөн, элеттик элге жана карапайым адамдарга жакын экендигинен кабар берет”, — деген жылуу пикирлер айтылып жатат.

Жарандык коом демекчи, коомчулук тарабынан С.Жээнбековдун бир жылдык ишине оң баа берилип келет. Алардын арасында: “Президент шайлоо алдында берген убадаларын четинен аткарып келе жатат. Кызматка келгенден баштап эле коррупционерлердин бетин ачууда. Күнөөлүүлөр камалып жатат. Жолдор оңдолуп,  шаар өнүгүүдө. Иштеген  президент  Сооронбай Жээнбековдой болот. Дарыгерлердин айлыгы жогорулап, пенсия да көбөйтүлдү”, — деген ой-пикирлер басымдуу. Мындай коомдук пикирлерге кошулса болот. Өлкөдө коррупция менен күрөшүү күч алды.

С.Жээнбеков мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан жогору койгондуктан, коррупция менен күрөштүн эпкини мамлекет башчынын өзүнүн мурдагы  санаалаштарына  да  тийип кетти. Бүгүн алар Президент С.Жээнбековго  катуу  каршылык кылып,  аны  жаманатты  кылууга аракеттенип жатышат. “Коррупция менен күрөш оңой-олтоң иш эмес” экенин белгилеген мамлекет башчы аларга жооп кылып: “Жемкорлук күнүмдүк турмушта тамырын кенен жайып кеткен. Бул күрөштө элдин, бийлик бутактарынын, жарандык  коомдун  колдоосу  абдан маанилүү. Бизге азыр катуу каршылык көрсөтүлүп жатат. Бирок, андан коркуп токтоп калбайбыз”, — деди.

Президент С.Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин иштиктүү аткарууда  ККнын  катчылыгынын ролун жана жоопкерчилигин белгилөө менен: «Ар бир министрликте жана мекемелерде коррупциялык схемалар бар же жок экени, ар бир чиновникти жекече текшергиле. Дагы бир жолу кайталайм — коррупцияга каршы күрөш кимдин кандай чини бар экенине жана кандай кызматты ээлегенине карабастан катуу жүргүзүлүшү керек. Жарандар коррупцияны жоюу боюнча конкреттүү иш-аракеттерди жана катуу чараларды күтүүдө», — деп системдүү коррупцияны жоюунун алкагында ар бир мамлекеттик орган боюнча тыкыр иликтөө иштерин тапшырган. Демек, коррупцияга аралашкан мамчиновниктер мындан ары ойлонуп иш кылат, жемкорлук иштерге барбайт деген ойдобуз.

С.Жээнбеков бир жыл аралыгында республиканын аймактарынын баарын кыдырып чыкты. Элдин көйгөйлөрүн өз жеринен угуп көрдү. Элдин абалы менен жеке таанышты. Элдин эсинде болсо керек, С.Жээнбеков Премьер-министр болуп турганда Өкмөт Аймактарды өнүктүрүү концепциясын кабыл алган. Анда аймактардагы 20 шаарды өнүктүрүү каралган. С.Жээнбеков: “Биздин максат – айыл менен шаардын жашоо деңгээлин бирдей кылуу, тышкы жана ички миграцияны азайтуу” деп айтканы бар. Ал бул багыттагы идеяларын ырааттуу улантып, президенттикке талапкерлигин койгондо да: “Өнүккөн аймактар – өнүккөн өлкө!” деген ураан менен чыккан. Жыл башында “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Президенттин жарлыгы анын аймактарды өнүктүрүү тууралуу идеяларынын логикалык уландысы болуп калды көрүнөт.

Эгер Президент С.Жээнбековдун  жетекчилик  ишмердигине көз чаптырсак, ал мамлекет башчы  болгонго  чейин  эле,  аймактарды  көп  кыдырганы,  дээрлик Кыргызстандын ар бир айылында болгону, жергиликтүү элдин пикирин көп укканы, аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн, аларга кандай жардам, эмне керектигин жакшы билгендиги белгилүү. Таза суунун жетишсиздиги, өнүкпөгөн ирригациялык система, социалдык объектилердин – мектептердин, ооруканалардын, бала акчалардын жетишсиздиги, начар жолдор, сапатсыз тейлөө – мунун баарын мамлекет башчы билет жана бул багытта тиешелүү жетекчилерге тийиштүүтапшырмаларды берген.

Ал бюджеттик, кредиттик жана гранттык жардамдарды бөлүштүрүүдө  региондук  дисбалансты жараткан субъективдүү мамилени  жоюу,  жергиликтүү  бийликтин укуктары менен милдеттерин күчөтүп, аны менен бирге аймактарды өнүктүрүүдө жер-жерлердеги маселелерди убагында чечүү максатында  алардын  жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл керек деп эсептейт.

Президент жыл башында  «24.kg» маалымат агенттигине жарыяланган  «Визит  в  Сочи.  Кремлю вновь объяснят, чем хорош преемник?» макаланын авторуна карата доосунан баш тартуу менен, сөз эркиндигине болгон мамилесин билдирди десек болот. Макаланын автору журналист К.Карабеков: «Это решение президента показывает, что Сооронбай Жээнбеков настроен защищать свободу СМИ и демократические ценности в Кыргызстане. Эта позиция достойна уважения», — комментарий берүү менен, мамлекет башчыга сыйын билдирди.

Акыркы  бир  жылда  соттук-укук тук реформа сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө жүрө баштады. Билим берүү, саламаттык сактоо тармагына да тиешелүү көңүл бурулуп жатат. “Жакынкы 5 жыл аралыгында бардык аймактар таза суу мененкамсыз болот. Элди таза суу менен камсыздоо аркылуу биз өлкөнүн коопсуздугун бекемдеп, экономи-калык өнүгүүгө жол ачабыз.

…Ал эми медицина кызматкерлери менен мугалимдердин айлык акыларын көбөйтүү дайыма көңүл борборумда. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин маяналары көбөйдү, эми кезек стационардык кызматкерлерде”, — деди Президент С.Жээнбеков.

Мамлекет башчынын бир жыл аралыгында  аткарган  иштерин карап отуруп, С.Жээнбеков эски бийликтен таптакыр кол үзгөнүн, эң башкысы өз жолун тапкандыгын, эл тарабын тандап алганын, мамлекеттик кызыкчылыктарды баарынан жогору коёрун байкоого болот. Ата-бабалар айткандай, артка кылчактабай, алдыны карай умтулган адам гана жолду арбытат жана эл тараптык адам гана жаңылбайт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *