Мыйзамдын күчү эмес, күчтүн мыйзамы иштеп жатабы?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Юристтер арасында “Мыйзамдын күчү иштебеген жерде, күчтүн мыйзамы иштеп калат” деген учкул сөз бар. Же кыргыздан макалы менен айтканда “Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат”. Төмөндөгү окуя дал мына ушул айтылгандардай болуп турат.

Чагалдакованын чагымчыл чечими

Иштин жагдайын кыскача окурмандарга түшүндүрө кетсек, мындай.

Кочкор районундагы Талаа-Булак айылында мугалим болуп иштеген Асанкул Кадыракунов үй-бүлөсү менен 13.06.1995-ж. үлүшкө алган 4 га жер участогун 1999-жылы өзү айыл өкмөтүнө арызын жазуу менен кайра тапшырып берет. Анткени, ал жер жок деген маалымдама алуу менен кийинки көчүп барган жагынан жер алмак болуптур.

Ошондон улам Талаа-Булак айыл өкмөтүнүн 26.11.1999-ж. №127 буйругу менен аталган жер участогу Жакыпбек Касымовдун арызынын негизинде ага берилет. Анан Ж.Касымов мурда өзү ээлик кылган 5,6 га жерге кошуп, 9,6 га жерге райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан 2000-жылы 13-ноябрда жерге жеке менчик жөнүндө күбөлүк алган. Ошол күндөн баштап мыйзамдуу жер ээси катарында бардык салыктарды да төлөп келген.

Арадан 7 жыл өткөндөн кийин “эсине келгенби”, айтор А.Кадыракунов жубайы Дүйшөкан Кудабаева экөөсү Ж.Касымовго берилген жерге ээлик кылуу укугу жөнүндө күбөлүктүн 4 га жерге ээлик кылуу бөлүгүндө жараксыз деп табуу жөнүндө Нарын облусунун райондор аралык сотуна кайрылышат.

Доо  арызды  караган  судья  (ошол  кезде  соттун төрагасынын милдетин да аткарып турган) М.Чагалдакованы кайсы жылкы тээп, кайсы жылаан чакканын билбейм, бирок 11.05.2016-ж. чечими менен аны канааттандырып жиберет. Мында бул талаш боюнча даттануу мөөнөтү алда качан өтүп кеткенин да эске албайт. Атүгүл, Ж.Касымовду сот отурумдарына чакырганды да “унутуп” коет.

Иш жүзүндө КРнын Жарандык-процесстик кодексинин 263-бер. 3-п. ылайык, администрациялык иш боюнча сотко мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын кызмат адамдарынын актысынын көчүрмөсүн алган күндөн тартып, же эгерде мыйзамда башка мөөнөттөр белгиленбесе, арыз ээси андай акт чыгарылганын билген күндөн тартып үч ай ичинде берилери көрсөтүлгөн.

Албетте, мындай мыйзамсыз чечимге кийинки инстанциялардагы соттор көз жуумп кое алмак эмес. Нарын облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын (төрагалык кылуучу М.Байышов, судьялар Г.Арзыкулова жана М.Дүйшөнбекова) 02.08.2016-ж. токтому, Жогорку соттун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын (төрагалык кылуучу Б.Аманалиева, судьялар Б.Акматов жана Н.Эмилбек кызы) 13.10.2016-ж. токтому менен М.Чагалдакованын чалакайым чечими жарым-жартылай бузулуп, иш кайра кароого биринчи инстанцияга жиберилет.

Бул жолу кыскартып айтсак, иш үч соттук инстанцияда тең доо арызды кароо мөөнөтү өткөрүлүп жиберилгендиктен, аны калыбына келтирүү жана кароодон баш тартылган чечимдер кабыл алынган. Жогорку соттун акыркы чечими 2017-жылдын 22-августунда кабыл алынган.

Демек, 4 га жер участогу Ж.Касымовдун менчиги бойдон калууга тийиш.

Кадыракунов каратып туруп калп айттыбы?

А.Кадыракунов мындай кечигип сотко кайрылганын Ж.Касымов жерди менчиктеп алганын билбей калганы менен түшүндүргөн. Ошол эле учурда мындай тастыктоонун калп экени КРнын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын ага прокурору М.Абсатаровдун 17.09.2015-ж. Кылмыш ишин козгоо жөнүндө №150-15-144 токтомунан улам тастыкталып турат (цитата): “26.11.1999-ж. Талаа-Булак айыл аймагынын башчысы К.Байсаловдун №127 буйругу менен 4,0 га аянты менен жер участогу Ж.Касымовго пайдаланууга берилген.

13.12.2000-ж. Кочкор райондук жерге жайгаштыруу жана жер ресурстарын пайдалануу боюнча башкармалыгы тарабынан Ж.Касымовго 9,6 га жер участогун, анын ичинде А.Кадыракуновго таандык 4,0 га жер участогун да бекитип берүү жөнүндө жер үлүшүн пайдлаланууга укукка №8084 күбөлүк берилген.

19.12.2014-ж. 4,0 га аянты менен жер участогу мурда 2000-жылы Кочкор райондук жерге жайгаштыруу жана жер ресурстарын пайдалануу боюнча башкармалыгы тарабынан Ж.Касымовго бекитилип берилгенине карабастан, Мамкаттоонун райондук башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан өз кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганынын кесепетинен А.Кадыракуновго 4,0 га аянты менен жогоруда көрсөтүлгөн жер участогуна жеке менчикке укук жөнүндө №0066757 күбөлүктүн дубликатын беришкен” (цитатанын аягы).

Мына ушундан улам райондук мамкаттоо башкармалыгынын кызмат адамдарынын аракеттеринен кылмыштын белгилери көрүнүп тургандыктан, ал боюнча кылмыш иши козголуп, андан-ары иликтөөнү уюштуруу үчүн Нарын облустук прокуратурасына жиберилген. Ал токтом менен А.Кадыракунов 2015-жылдын 7-октябрында таанышкан-дыгы белгиленген.

Бул факт Жогорку соттун иш боюнча 22.08.2017-ж. ток-томунда да көрсөтүлүп, аларда бардык документтер чагыл-дырылган.

Мындан тышкары, апелляциялык инстанциядагы соттун 02.08.2016-ж. отурумунда А.Кадыракунов Ж.Касымовдун бул жерге кызыл китеп алгандыгы тууралуу 2013-жылы айтып, кийин кызыл китебин көргөзгөнүн да билдирген.

Азаркулов соттун чечимин да тоотпойт экен

Жогоруда  келтирилген  соттук  чечимдерден  улам, мыйзамдык, укуктук жактан алганда 4 га жер участогуна Ж.Касымов мыйзамдуу ээ экендиги айкын көрүнүп турат. Мындан ары ал боюнча талаш да болушу мүмкүн эмес.

Бирок, биздин укуктук нигилизм үстөмдүк кылган өлкөдө баары боло берет. Ошол эле раймамкаттоонун кызматкерлеринин А.Кадыракуновго жеке менчикке укук жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берип жибергенин жана бул боюнча эч чара көрүлбөгөнүн башкача кандай атайбыз?

Кочкор райондук мамкаттоо башкармалыгынын начальниги Ж.Азаркулов 12.06.2018-ж. (датасына көңүл буруп коюңуздар!) №413 чыгыш номерлүү жообунда мурдагы биринчи айлампадагы 2016-жылы кабыл алынган соттук чечимдер констатацияланып, Жогорку соттун 2017-жылдын 22-августунда кабыл алынган акыркы чечими жөнүндө сөз да жок.

Же азыркы заманбап байланыш каражаттары бар учурда Бишкектен анча алыс эмес турган Кочкор райондук мамкаттоосуна Жогорку соттун 1 жыл 3 ай (!) мурда кабыл алынган чечими жете элекпи!? Же Ж.Азаркуловдун компьютердик сабаттыгы жоюла элекпи?

Бул боюнча райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Нурлан Керимкулов, райондун прокурору Кубанычбек Нурруллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын директору Алина Шаикова, айыл өкмөтүнүн башчысы Белекбек Жолдошбек уулу чара көрүшөт деп ишенип туралы.

Ошентип, М.Чагалдакованын чагымчыл (башкача кантип атоого болот: сабатсыз, мыйзамсыз деппи?) чечиминен, райондук жана айылдык бийликтердин алсыздыгынан улам А.Кадыракунов Ж.Касымовдун жерин мыйзамды тоотпой эле күчкө салып тартып алып отурат.

М.Чагалдакованын чечими боюнча Судьялар кеңеши да өз баасын берсе жакшы болмок.

Кар жаады, из басты кылуу амалы

Ж.Касымов аксакал биздин редакцияга ушуну менен экинчи ирет арызданып келип отурат. Анын айтымында учурда А.Кадыракунов айыл өкмөт башчысына 4 га жер участогун айылдагы Сарматов Кайырбек жана иниси Мукунга сатканын билдирип кетиптир. Мына ошентип, укук коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракетсиздигинен улам, сот чечими турганына карабастан, Ж.Касымов рейдерликке туш келип отурат.

Баса, юридикалык документтери жок жерди сатуу из жа-ыруу амалын көздөгөндүк эмеспи!?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *