Тууган издесең Авчиге бар

Тергөө органдары тарабынан З.Исаевге Улуттук онкология борборунун директорунун милдетин аткаруучу Б.Шаимбетов менен тууганчылык байланышта туруп, алдын-ала келишүү жолу менен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деген айып тагылган. Кылмыш ишти Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун судьясы Авчи Алиев карап, З.Исаевди күнөөлүү деп таап, 2017-жылдын 15-ноябрында эки миллион сомго айыпка кириптер кылган өкүм чыгарган.

Баарынан  кызыгы  аталган өкүмдүн жыйынтыктоочу-жүйөөлөштүрүүчү бөлүмүндө судья А. Алиев минтип жазат. “Соттолуучулар  Б.Шаимбетов  менен З.Исаевдин  жосундарына  баа берүүдө алардын аракеттери туура квалификациялангандыгын сот белгилейт. Анын ичинде соттолуучу З.Исаевдин аракеттери Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү, 306-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмышка  катыштыгы  бар  деп туура бааланган. Башкача айтканда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана кызмат адамынын мамлекет үчүн алдын-ала пайдасыз келишим түзгөндүгүнө, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды алдын-ала келишүү жолу менен адамдар тобу тарабынан жасоо жана өзгөчө ири чыгымга кириптер кылууга катыштыгы бар деп эсептейт.”

Ал  эми  соттолуучунун  абалын  жеңилдетүүчү  жагдайы  катары анын сот жообуна биринчи жолу  тартылып  жатканын  жана  кылмыш  иши  боюнча  материалдык  чыгымдын  жоктугун белгилейт.

Ошентип  судья  А.Алиев З.Исаевди өзгөчө ири чыгымга кириптер кылганга катыштыгы бар десе, кайра эле иш боюнча материалдык чыгым жоктугун жүйөө келтирип, өзүнө-өзү карама-каршы пикир жазганы кызык.

Бирок  аталган  өкүмдө Б.Шаимбетов менен З.Исаевдин тууган экендигин далилдеген бир да бүтүм жок. Алардын тууган экендигин судья А.Алиев гана жон териси менен сезгендей. Ал турсун алдын-ала сүйлөшүп алып кылмыш жасагандыгы тууралуу да далил келтирилген эмес. Жадагалса З.Исаев ал жерде иштебейт. Курулуш иштери боюнча адис катары келишимдин негизинде өз пикирин чагылдырган корутунду жазып берген. Кашайып, ошол тендерге катышкан төрт фирманын атайын белгиленген иштерди аткарууга лицензиясы жок болгондугуна байланыштуу бул тендерге катыша албай тургандыктарын көрсөткөн жана эсеп кысаптарда арифметикалык каталар бар экендигин белгилеп, байкабай жыландын куйругун басып алгандай…

Ошентип  Октябрь  райондук сотунун аталган өкүмүнө нааразы болгон З.Исаев апелляциялык даттануу менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик тартип бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2018-жылдын 30-майындагы өкүмү менен З.Исаевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу акталды.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2018-жылдын  12-сентябрындагы  токтому менен Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 30-майындагы өкүмү өзгөртүүсүз күчүндө калтырылды.

Бирок,  бироктун  баары  эми башталчудай.  Жок  жерден  кылмышкерге айланып, баш аягы төрт жылдан бери башы тергөөдөн, соттон чыкпай азап чеккен З.Исаевдин ден соолугуна, аброюна, адамдык абийирине келтирилген моралдык зыяндын, материалдык чыгымдын ордун ким толтурат? Мыйзамсыз иш козгогон тергөөчүбү, же аны мыйзамсыз бекитип берген прокурорбу, же мыйзамсыз өкүм чыгарган судьябы?

Мунун  бардыгы  З.Исаевдин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө. Жамшитовго жазган арызына кандай жооп боло тургандыгынан билинчүдөй. Балким “Атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу” беренеси менен судьяга карата кылмыш иши козголуп калабы же колдоочусу күч болсо, тууганчыл Авчи байкебиз дагы кутулуп кетеби. Айтор, мезгил көрсөтөт.