Кылымды камтыган “Кыргыз Туусунун” музейи

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргызча айтканда «Кыргыз Туусу” гезити жакында өткөн 7-ноябрда 94кө толуп, 95ке кетти. Башкача айтканда ушул күндөрдөн баштап, кыргыз басма сөзүнүн башаты болгон “Кыргыз Туусунун” 95 жылдыгына кадам таштадык. Гезитибиздин кыргыз элинин тарых-маданиятындагы, саясатындагы, социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү орду өзгөчө. Бул тууралуу бери болгондо докторлук диссертация жазсаң болот. Анткени, 1924-жылдын 7-ноябрында жарык көргөн “Эркин Тоо” гезити кийин кандай гана аталышта чыкпасын – “Кызыл Кыргызстан” (1927), “Советтик Кыргызстан” (1956), ошол күндөн ушул күнгө чейин кыргыз элине кызмат кылып келет. Сыймыктануу менен айта турган болсок, союз мезгилиндеги эң жогорку сыйлыктардын бири болгон “Эмгек Кызыл Туу” орденинин (1958) ээси болгон.

Редакциябызга баш баккан ким гана болбосун, ар кыл мезгилде гезитке редакторлук кылган инсандардын сүрөтүнө көңүл бурбай койбойт. Эң алгачкысы Ишеналы Арабаевден баштап, бүгүнкү редакторубуз Эрнис Балбаковго чейин кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал 25 инсан редакторлук кызматын аркалаптыр. Карап көрсөк Аалы Токомбаев, Касымалы Баялинов, Касым Тыныстанов, Осмонкул Алиев, Мухаммед Дөгдүров, Төрөкул Айтматов, Курмангали Каракеев, Молдогазы Токобаев өңдүү кыргыздын каймактарын көрөбүз.

“Кыргыз Туусу” гезитинин бүгүнкү жана кыргыз маданиятындагы орду тууралуу дагы далай жазарбыз, бул жолу редакциябыздагы өзүбүздүн музей тууралуу сөз кылсам деп турам. “Кыргыз Туусу” гезитинин музейи – бул биздин сыймыгыбыз. Бир дагы ата-мекендик басылма биздегидей терең тарыхы бар, эч жерде кездешпеген экспонаттарга бай музейи менен мактана албайт!

Музейибизде “Эркин-Тоо” гезитинин алгачкы санынын фото көчүрмөлөрү, мамлекетибиздин түзүлүшү (болгондо да 1924-жылдагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү тууралуу) жана гезиттин туңгуч редакторлору жөнүндө маалыматтар, алардын макалалары, ырлары, буюмдары, китептери, кол жазмалары бар.

Айта кетүүчү нерсе гезиттин “Советтик Кыргызстан” аталышында чыгып турган мезгилиндеги тарыхы көбүрөөк сакталып калган. Айтылуу журналисттер Төлөн Насирдиновдун, Ажымукан Түркмөновдун, Токтогул Сейитбековдун кол  жазмалары,  өздүк буюмдары, сүрөтчү Шекербек Сартовдун фотоаппараттары, ошондой эле белгилүү  коомдук  ишмер,  алгачкы  редакторлорубуздун бири Турдакун Усубалиевдин отуруп иштеген иш үстөлү, отургучу музейбиздин көркү.

Мындан тышкары совет мезгилиндеги алгачкы магнитофон, азыр музейлерде гана сакталып калган патефон, алардын табактары да бар. Ташкендеги Молдотойчу  Ташмухаммедов атындагы студиядан чыккан граммпластикаларды күнү бүгүн коюп уксаң да болот. Айтмакчы, “Кыргыз Туусунун” музейи менен таанышууну каалагандарга дайыма эшигибиз ачык.