Казактын кызыл чок акыны Шахизада Абдикаримов

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Учу-кыйры көрүнбөгөн казак талаасы, бир калыбынан жазбай, мелмилдеп аккан Сыр дарыясы дүйнөлүк адабиятка Махамет, Абай Кунанбаев, Магжан Жумабаев, Мухтар Ауэзов, Сабит Муканов, Сакен Сейфуллин, Абдижамил Нурпеисов, Абиш Кекилбаев, Оралхан Бөкөев, Мукагали Макатаев, Олжас Сулейманов, Мухтар Шаханов, Улугбек Эсдаулетов, Рахымжан Отарбаев баштаган ндогон акын-жазуучуларды берди. Ошол атак-даңктуу ысымдардын катарында казактын кызылчок акыны Шахизада Абдикаримов да бар.

Шахизада  Абдикаримов  1956-жылы Кызыл-Ордо облусунун Кармакшын районунун Жаңы-Жол айылында жарык дүйнөгө келген. Айылдык мектепти аяктаган соң, адабий чөйрөнү багынтыш үчүн Алматыга келип, КазМУга тапшырат. Арийне, адабиятка батыл аралашып, улуттук поэзия чөйрөсүндө өзүнө ысым жаратканы менен Алматыга келгенинен кеткени бат болот. Себеби, «Жакшы акын жакшы ичүүгө тийиш», — деген акындын баскан жеринде из, жүргөн жеринде аңыз калат.

Алматыны ыры менен да, жүргөн жүрүшү менен да багынтып, артына даңаза сөз, аңыз кеп калтырып, элетке кетет. Ошентип, КазМУнун журналистика факультетине 1974-жылы келип кирген эрен аны 22 жылда, 1996-жылы барып аяктаган. Казак адабиятындабы, же кыргыз адабиятындабы, же дүйнөлүк адабияттабы акындар көп болгону менен, Шахизада Абдыкеримовго окшоп, акындык тагдыр күткөн акындар саналуу.

Туз-насип буйруп, Алматыга бат-бат каттаган Шахизада өзүнөн кийинки муундагы-лардын сүймөнчүгүнө айланган. Анткени, ал тубаса таланты, нугуна сыйбаган дайрадай акындык албуут мүнөзү, тоо суусундай шардыгы, эр көкүрөктүүлүгү, артка кайтпаган өжөрдүгү, эрки менен жаш акындардын идеалына айланып, анын кашынан чыкпай, аны айланчыктап, андан акындык тагдырды үйрөнүүгө аракет кылышкан.

Бул тууралуу казактын дагы бир таланттуу калемгери Бауржан Омар уулу Шахизада Абдикаримовдун чыгармачылыгына арналган «Гладиатор» аттуу эссесинде: «Кыял жетелеп Алматыга елгенибизде, ал бул калаада жок экен. Окуусун ара жолдо калтырып, элетке кетиптир. Бирок шаардын кай тарабына барбагын, акын тууралуу аңызды угар элек. Өлөң жазууга өлөрманданып киришип жүргөн биз акындык аңызына аябай тамшанабыз. Шакеңе окшоп ыр жазгыбыз келет», — деп жазганы бар.

КазМу акындын экинчи үйүнө айланганын ушундан билиңиз, жылдардын бир жылында дипломду колуна алган акын «эми кандидаттык диссертациямды коргойм» деп жүгүрүп жүргөнү анын кажыбаган кайраткер адам экенин көрсөтүп турбайбы.

Ш.Абдикаримов акындык тагдырын журналисттик иш менен айкалыштырып, университетте сырттан окуп жүргөн жылдарда Кармакшы оодандык «Коммунизм шамчырагында» иштеген жана бул гезитте Алтай Үсөнов, Толубай Алыбаев жана Ш.Абдикаримов баш-таган чыгармачыл чөйрө калыптанган. Мунун өзү да акын үчүн чыгармачылык менен узанууга эң сонун өбөлгө болгон. Менин жеке пикиримде Шахизада үчүн ыр жазуу, сөздү сөзгө уйкаштыруу, ойду кынапташтыруу өтө деле кыйын эмес экени анын ырларынан даа-на байкалат.

Акын Е.Евтушенкого арнаган ырын (ыр кыскартуулар менен берилди – авт.) мисалга алалы:

«Абал оор…
Күн кыскарды.
Кеч кирди.
Альбомдогу сүрөттөр да эскирди.
Көөдөнүндө кыпын жаны калса да,
Кара сандан оң аягын кестирди.

Абал оор…
Ак төшөктө ак урду.
Америка – аялдама акыркы.
Алтымыш төрт эл …. Кай заман,
Аягы менен өлөң жазган акынды.

* * *

Абал оор…
Саясатта шарт барбы?
Путиндердин жолу болуп жорткондо,
Самолетту сегиз саат туткундап,
Кемелерди киргизбей тур порттордо.

Абал оор…
Ливановго жан кайгы,
Лимоновдор «орусум» деп зарлайды.
… бөлөк туулган кызыбы
Белла апамдын башына эч ким бармайды».

Менимче, бул ырга комментарийдин кереги жок.

Акындын ырларын барактап окуп отуруп, акындын чабыты бүркүттүн чабытындай кенен, ойлору деңиздей терең экенин байкайсыз. Ал кайсы темада ыр жазбасын, аны кемелине келтирип, окуган окурман бир там-шанып алгандай жазат. Ыр жана шыдыр уйкаштыктар аскадан кулаган шаркыратмадай өзүнөн өзү төгүлүп, казактын кызыл чок акыны үчүн ыр жазуудан өткөн рахат, бакты жок экени сезилип турат. Аны башка акындардан айырмалап турган өзгөчөлүк – ал татаал ойлорду да жөнөкөй түшүндүрөт. Анын ырлары салттуу ырларга жакыныраак. Бул анын тубаса акын экендигинин белгиси.

Дагы да айтабыз, казакта дүйнөлүк адабияттан өзүнүн татыктуу ордун таба турган акындар көп. Анын бири Шахизада Абдикаримовго чыгармачылык бийиктиктерди жана өзү идеал туткан Абайдай көсөмдүктү каалайбыз.

ӨЗҮМ ТУУРАЛУУ

Сөзүмдүн таарынчы жок, татымы көп,
Тураттыр айтканымда чакыруу кеп.
Баалаган Байбота агам акылымды,
Казактын ажайып бир акыны деп.

Акимден атак сурап, эшик багып,
Ар кимдей жүгүрбөдүм өлүп-талып.
Карышкан, тулпар кандуу мүнөзүм бар,
Суу ичкен тунугунан кечип барып.

Уялбай көрсөтсөм деп жүзүмдү элге,
Үзбөстөн узатамын изимди өргө.
Жүрбөймүн болбогон бир каршылашта,
Кирбеймин текшерилген тизмелерге.

Өрөпкүп өзүмө-өзүм ээ болалбай,
Сүйлөймүн көзү тирүү залкарлардай.
Кээ сөзүм кор болуп, чын, жүрөт топко,
Кезинде табыттарга каккан мыктай.

Кетердей чоң аалымча калып дарек,
Мокок сөз куроо менен болуп алек.
Жазамын ар ырымды ташка жонуп,
Карайып баш жагымда турабы деп.

Таланты ташты жарган далай мага,
Карашат каршы алдыман абайлана.
Өмүрдө акындардын баары тууган,
Ырымда-атаандашым Абай гана!

Сөзүмдүн таарынчы жок, татымы көп,
Турат да айтканымда чакыруу кеп.
Убал го бул казакка мен болбосом,
Абайдан башка айтууга акыны жок.

ТҮНКҮ ЫСЫК-КӨЛ

Алладан насип жай кылып,
Табигат эстен тандыра.
Асмандын четин кайырып,
Төшөдү таман алдыма.

Толкунга килем жайдырып,
Табыштым майин үр кызга.
Туптунук аппак айды илип,
Чачымды жууду жылдызга.

Жарыгы жанып созула,
Ашыктык дартын козгоду.
Анарын тосуп оозума,
Бир өксүк жуттум окшоду.

Ошентип эрким алды кыз,
Сагынтып көптөн жүргөндөй.
Ак көбүк чачкан бал кымыз,
Чымырап бойго сиңгендей.

Өчөбү жүрөк төрүнөн,
Аялуу ушул ыр-аңыз?!
Көнүлдөш болгон пери менен,
Шарап Акындан сураңыз!

Булкунду бир күч денемде,
Өзүмө такыр сыйбаган.
Келип мен баткым тереңге,
Жээкке кайткым келди анан.

Ишенбес чындык айтымда,
Казак жүргөнү кумайбы…
Пери кыз, калсам кашында,
“Сууга кетти” деп чуулайбы!

Түнүбүз ушул-акыркы,
Жазат ким төлөөр карызын.
…Жээкке кайтар акынды,
Дүргүтөт журттун баарысын.

ФАРИЗА АПАМ

Кабанбайдай, куушуруп жерди-көктү,
Көк найзаны жазданып жатам деппи.
Алай-дүлөй кылымдын ашуусундай,
Ак бороонго оронуп апам кетти.

Желге каршы туралбай камыш сындуу,
Кайгы тартты мобул журт, намыс кылды.
“Карындаштан айрылган жаман экен”,
Эки көзү мөлтүлдөп Абиш турду.

Ээн кырдын жатасың бөксөсүндө,
Өпкөм көөп кысылып эстегенде.
Апакем ай, сыртымдан кулпу салып,
Үйгө жалгыз калтырып кеткениң не?

Колго үйрөткөн козудай көгөнүңдө,
Көп иниңдин муңу бар өлөңүмдө.
Тамды айлана чуркаган байкуш бала,
Таппай жүрсүн апасын дегениң…же?

Бекерчи ырдын милдети –кыл моюнда,
Бүркөө өткөн жылдарың турду оюмда.
Светкали аңылдап Акшүкырда,
Эңгиреймин мен болсо Сыр боюнда.

Ырга салсам бийигиң кеңдигиңди,
Жукаргандай кайгым да тең тилинди.
Камчы үйрүсө,
“Апама айтамын!” деп,
Коркутабыз, катыгүн, эми кимди?

УЛУУТАЛАА ЗАЛКАРЫ

Белги көрүп… жолсузда жүгөнгө эрип,
Жамалыңа тиземди бүгөм келип.
Узак жолун узатып кыл чокуңа,
Улуу Талаа, жоктодук түгөл көрүп.

Залкар болуп турган соң тирүүсүндө,
“Жөөлөр менен жан багып жүрүшүм не…
Жетип алсам дедиби жылдыздарга”
Жолго чыгып кетиптир түн ичинде.

Андан бери тынбай ой, тынбай көңүл,
Өзгөрүп да кеткен андан өмүр.
Улуу Талаа төшүндө улууларга,
Үлпөттөшүп жүрөт дейт агам не бир.

Бири кырга тартканда, бири Сырга,
Кылыч эмес сөз калган улуу ысымда.
Айткым келип ааламды оозумду ачсам,
Абиш агам, турасың тил учунда!

Жүрөгүнө жуктурбай жалган сезим,
Жан агам ай, алыска салган көзүң.
Азан айткан мечиттей заңкылдоодо,
Аят болуп урпакка калган сөзүң.

Түбөлүктүүлүк буюруган багы сага,
Улуу Талаа залкары — Абиш ага.

Которгон Б.Чотурова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *