«Бишкексүт» суткасына 200 тонна сүттү иштете баштайт

Премьер-министр М. Абылгазиев «Бишкексүт» ААК ишканасындагы жаңы технологиялык линияны ишке киргизди.

Өкмөт  башчы  заводдун өн дү рүштүк аянттарын көрүп чыгып, ишкана жетекчилиги жана  эмгек  жамааты  менен маектешүүнүн  жүрүшүндө фермердик чарбалар тарабынан өз-ара пайдалуу шарттарда сырье менен камсыздоонун жаңы формаларын киргизүү маселесин талкуулады.

Андан  соң  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишканадагы жаңы технологиялык линиянын ишке киргизилүүсүнө старт берип, Өкмөттүн атынан «Бишкексүт» ААК жана «PepsiCo» компаниясынын эмгек жамаатын бул окуя менен куттуктады.

— Бүгүн биз жаңы технологиялык линиянын ачылышына күбө болуудабыз. Биз көрүп тургандай, эми компаниянын сүттү иштетүү көлөмүн үч  эсеге  дейре  жогорулатуу мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде учурда завод суткасына 60 тоннага жакын сүттү иштетип чыгарса, эми 200 тоннаны иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү болот. Ошондуктан мен «Бишкексүт» менен кызматташкан фермерлерибизге кайрылгым келет: сүт өндүрүүнүн сапатын жакшыртуу маселесине көбүрөөк көңүл буруңуздар», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр жаңы технологиялык линиянын ачылышы менен бир катар социалдык маселелер чечилип, жаңы жумушчу орундар пайда болуп, кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга, ал эми дыйкандар жана фермерлер үчүнтовар сатууга мүмкүнчүлүк пайда болуп жаткандыгына басым жасады.

— Республикабызда инвесторлор үчүн, алардын өз өндүрүштөрүн ачып жана бизнес менен тынч алектенүүсүнө дайыма жол ачык. Биз инвесторлор үчүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык аракеттерди көрөбүз, – деп жыйынтыктады сөзүн Мухаммедкалый Абылгазиев.

Маалымдама:  сүт  азыктарын  өндүрүү «Бишкексүт» ААКнын ишмердигиндеги негизги багыты болуп саналат, мында 49 аталыштагы сүт продукциясынын кеңири ассортименти өндүрүлөт. Жаңы өндүрүш линиясы суткасына 144 000 бөтөлкө сүт продукциясын чыгарууну камсыздайт.

Жаңы өндүрүштүк багытка инвестициялардын көлөмү 2 млн. АКШ долларын түзөт.

С.ОРОЗОБЕКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *