Кырсыктардын кесепеттерин жоюуга тапшырма берилди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов кеңешмеде маалымдагандай, 1-декабрда Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында орун алган жер көчкүнүн натыйжасында ички жолдор жабылып, суу чарба объектилери талкаланган.

«Ошол эле күнү ӨКМ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринен турган комиссия түзүлүп, келтирилген зыянды баалоо жүргүзүлгөн. Учурда жолдун бир тарабы ачылып, ичүүчү суу жеткирүүгө атайын транспорт дайындалган.  Суу  инфраструктурасын калыбына келтирүү боюнча иштер улантылууда, алар бир жума ичинде жыйынтыкталмакчы», – деп маалымдады Калыс Ахматов.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү катуу шамалдын кесепетинен Ысык-Көл облусунда 122 үйдүн жана 22 социалдык объектинин чатыры бузулган. Жети-Өгүз районунда жабыркагандар көп, облус боюнча жалпы зыян 14,3 млн. сомду түзөт.

М.Абылгазиев маалыматты угуп чыгып, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу жана жапа чеккен адамдарга жардам көрсөтүүнү тапшырды.