Балага эптеген эмес, толук кандуу жашоо керек

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


29-ноябрда Бишкектеги Жаннат мейманканасында Европа Биримдиги тарабынан колдоого алынган «Балдар үйүндө жашаган балдарды үй-бүлөлөргө асырап берүү жана балдар тууралуу чагылдырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу” деген темада семинар өтүп, буга уюштуруучулардан сырткары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылды.

Семинардын жүрүшүндө вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова балдарды жатак интернаттарда, балдар үйлөрүндө эмес, үй-бүлөлөрдө багуу канчалык оңтойлуу экенине токтолду. “Кыргыз эч качан баласын талаага таштаган эмес, канчалык кыйынчылык, ачарчылык замандарда дагы жетим калган балдарды өзүнүн туугандары, алар жок болсо башкалар канатына калкалап, өз баласындай багып өстүрүшкөн. Эми да ошол кыргыз өз улутундагы балдарга кайдыгер карабашы керек”, — деген оюн айтты.

Анын айтымында, мындай шарт балдардын бактылуу тарбияланышына шарт түзөт, ошол эле убакта өлкөнүн экономикасына дагы үнөмчүлүк алып келет.

Ал эми экономика илимдеринин кандидаты, “Балдарды үй-бүлөлөрдө асыроо” долбоорунун техникалык жетекчиси Владимир Кузьминский жатак интернат жана балдар үйү деген түшүнүк менен мындай мекемелердүйнөдө, анын ичинде Советтер Союзунун маалында бизде да өтө айласыз кырдаалдарда пайда болгонун кеп кылды. Мисалы, бери жагын эле айтканда, Улуу Ата Мекендик согуш маалында таптакыр жетим калган балдарды эптеп тирүү алып калуунун максатында балдар үйлөрү иштеген. Бирок бул “эптеп” деп балдарды багуу – ошол балдарга да, келечекке да канчалык пайдалуу жана зыяндуу? Айталы, ошол “эптеп” багылган балдар ата-энелүү балдарга караганда турмушка ыңгайлашпаган, тескери кулк-мүнөз менен чоңоет. Анткени балага эптеп эле курсак тойгузуу эмес, чоңдордун мээрими, сүйүүсү, нагыз үй-бүлөлүк тарбия керек. Булардан өксүгөн балдар таш боор жана кекчил, өзүмчүл болуп чоңоеру дүйнөлүк практикада көрүнүп турат. Себеби, дүйнөлүк статистика тастыктагандай, кылмышкерлердин көпчүлүк бөлүгү жетим балдар үйүндө чоңойгондор.

В.Кузьминский өзүнүн сөзүн атайын видео тасманын коштоосунда ырастап, илимий фактыларга токтолду. Видео тасмада көрсөтүлгөндөй, окумуштуулар балдар үйүндө жана өз үйүндө тарбияланып жаткан балдардын мээсине эксперимент жасашкан. Анда, бактылуу үй-бүлөдө чоңойгон баланын мээ клеткалары тынымсыз аракетте болуп,ал канчалык кубанган сайын, ата-энеси, бир туу гандары менен баарлашкан сайын, кызыктуу кеп-сөздөрдү (жомокторду ж.б.) угуп, ойногон сайын мээдеги клеткалар тынымсыз аракетте болуп, бири-бирине жалгашуу менен улам толукталып турганы чагылдырылат.

Ал эми ушунун баарынан өксүп, куру жалак өскөн балдардын мээ клеткалары өспөй, токтоп калат жана алардын ордун көбүнчө боштуктар ээлейт. Мындай балдар жакшы ойлорду ойлоого, жакшы иштерди жасоого, кыялданууга, умтулууга жөндөмсүз. Тескерисинче, алар көбүнчө ыза, жек көрүү сыяктуу сезимдер менен куралданып алышат.

Айтмакчы, балдардын мээ системасынын толук калыптанып бүтүшү сегиз жашка чейин созулат. Айрыкча, мына ушул куракта балага жагымдуу жагдай түзүү – ар бирибиздин милдетибиз.

“Балдарды үй-бүлөлөргө асырап  берүү”  деген  түшүнүк  башка өлкөлөрдө өтө чоң сенсация, жаңылык болууда. Анткени, алардын менталитетинде мындай жашоо, мындай түшүнүк болгон эмес. Ал эми кыргыздар муну башынан эле практика жүзүндө колдонуп келишкени мени таң калтырды жана кубантты. Жогоруда дагы айтылып кетпедиби, кыргыз эли өзүнүн кары адамы менен жаш баласын эч качан талаага таштаган эмес. Демек, бул долбоорду ишке ашыруу, тактап айтканда, жетимканалар менен балдар үйлөрүндө жашаган бөбөктөрдү кадыресе үй-бүлөлөрдө асырап, балдардын келечегине, кыргыз элинин келечегине кам көрүү эч кимге өөн учурабайт деп ойлойм”, — дейт В.Кузьминский.

Ошондой эле мамлекетте таасир калтыруучу жана нандыруучу зор күчкө ээ жалпыга маалымдоо каражаттары дагы муну туура түшүнүү менен кабылдайт деген ишеними бар экенин билдирди.