Элдик жыйындан өнүккөн парламентаризмге карай жол

Байыркы Греция жана Рим мамлекеттик башкаруу тутумдарында алгач эркин чогулуш, жыйын сыпатында пайда болуп, андан кийин Элдик Жыйын (Греция), Сенат (Рим) институттарына айланган парламентаризм тарыхы ондогон кылымдарды өзүнө камтыйт.

Алгачкы парламент Альтинг деген аталышта Дания колониясы Исландияда 930-жылы чогулган. Бирок, парламентаризм мекени катары Англия айтылып келет. 1215-жылы Англияда эркиндиктин Улуу хартиясынын кабыл алынуусуна байланыштуу ири жер ээлөөчү-феодалдар менен жогорку даражадагы дин өкүлдөрүнүн, графтардын жыйыны король бийлигине белгилүү чектерди коюуга жетишкен. Ошол эле мезгилде Францияда Генералдык Штат түзүлгөн, бирок анын каражат бөлүштүрүү укугу жок болгондуктан, Англия парламенти сыяктуу реалдуу бийликке ээ боло алган эмес. Англияда мамлекет казынасына бардык социалдык топтордон салык алынса, Францияда диний мекемелер менен дворяндар салыктан бошотулгандыктан алар Генералдык Штаттын реалдуу бийликке ээ болуусуна кызыкдар болушкан эмес. Ага карабастан, бул орган 1789-жылдагы Француз революциясына чейин жашап келген.

XVIII кылымда Түндүк Америкада Англия колониясынан боштондук алуу күрөшү граждандык согушка айланып, жеңишке ээ болгондон кийин көз карандысыз штаттар федерациясы түзүлүп, мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтеринин милдеттерин так бөлүштүрүү максатында эки палатадан турган Конгресс шайланган. Жогорку палата – Сенатка ар бир штаттан аймагынын көлөмүнө жана тургундарынын санына карабастан экиден өкүл, ал эми мыйзамдуу салык салуу укугуна ээ болгон эл өкүлдөр жыйынына депутаттарды штаттардын калкынын санына жараша пропорционалдуу шайлоо тартиби турмушка ашкан күндөн баштап, америкалык парламенттик система дүйнө өлкөлөрүндө парламент институттарынын пайда болууларына негиздүү таасир эткен. Ошол мезгилден тарта калыптануунун татаал этаптарын басып өтүп, элдик бийликтин ишенимдүү органы, демократиялык курулуштун күзгүсү катары системдүү өнүгүп келе жаткан парламентаризм институту бүгүнкү күндө башкаруу тутумундагы эң жогорку мыйзам чыгаруу, анын аткарылуусун көзөмөлдөө жана өкүлчүлүк кылуу укуктарына ээ болгон өз алдынча бийлик бутагы жана Сенат, Сейм, Парламент, Конгресс, Мыйзам чыгаруу жыйыны, Мамлекеттик дума сыяктуу ар кандай аталыштарга ээ. Парламент (англисче – parliament, французча – parlement) parler деген сөздүн негизинде – сүйлөө дегенди туюндурат.

Түпкү теги байыркы сактарга (скифтер) такалган, азыркы Теңир-Тоо (Тянь-Шань) Саян-Алтай, Борбордук Азия аймактарын жердеп келген көчмөн кыргыз элинин тарыхында да мамлекеттик олуттуу маселелерди чечүүдө кеңеш берүү вазийпасын аркалаган, кагандарды шайлоодо, казына саясатын ишке ашырууда, уруулар аралык же жеке талаш-тартыштарды чечүүдө чоң таасирге ээ болгон Ордо кеңешин, Аксакалдар кеңешин, Уруу башчыларынын жыйындарын парламентаризм үлгүлөрү катары кароого болот.

Белгилүү  чыгыш  таануучу,  этнограф Н.Аристовдун Россия географиялык коомунун архивдик такчаларында жүздөгөн жылдар катылып жатып 2001-жылы гана жарык көргөн «Усундар жана кыргыздар же кара кыргыздар» аттуу фундаменталдык эмгегинде хунндардын ажосу Модэ баатыр ээлик кылган түндүк жерлеринин катарында Динлин (Түштүк Сибирди жердеген байыркы эл) менен бирге Гэгунь (Енисей кыргыздарынын түпкү ата-теги, кыргыз этнонимин түшүндүрөт) да белгиленери, ал биздин заманга чейинки 209-201-жылдарга туш келери баяндалат. Чыгаан окумуштуу В.Бартольд «Улуу кыргыз державасы» атаган IX кылымда Енисей чөлкөмүндө түзүлгөн кыргыз империясынын жалпы аянты беш миллион чарчы километрден ашкан жана ал азыркы Орто Азия, Түркия, Жапония мамлекеттерин бирге алгандагы аянтка туура келген. Улуу кыргыз империясы бийлик жүргүзгөн аймактын кеңирилигин далилдөөчү факт катары Германия архивдик материалдарына ылайык түзүлгөн доктор Шолборгдун картасын айтууга болот. Анда кыргыз империясы (kirgisen reich) биздин замандын IX-XI кылымдарында батышта – бүгүнкү Франция, Италия жа-на Греция мамлекеттерине чейинки аймакты камтыйт. Буларда да элдик жыйындын, аксакалдар кеңешинин өзгөчө орду болгон. Уруу-уруулардан шайланган эл башыларынан жана аксакалдар курамдарынан түзүлгөн Элдик курултай институту элдик башкаруунун негиздерин камтыгандыгы, ал башкаруу бийлигинин таасирдүү органы, калктын жашоо-турмушунун саясий алыптануусунун башаты болгондугу жөнүндө улуу «Манас» эпосунда да даана баяндалат.

Европа элдери сыяктуу парламенттик өнүгүү этаптарын басып өтпөсө да, феодализмден социализмге секирик жасаган кыргыз элинин тарыхында парламентаризм институтунун башаты – 1938-жылы тикелей шайлоо жолу менен шайланган Кыргыз ССРинин Жогорку Совети болуп эсептелет. Бирок, 1990-жылга чейинки совет доорундагы парламенттик чакырылыштарга коммунисттик партиянын көрсөтмөсү менен, анын жактыруусунан өткөн гана адамдардын шайланып келгендиктерине байланыштуу, эл чарбасынын бардык катмарларынын өкүлдөрүн камтыгандыктарына карабастан алар чыныгы эл өкүлдөрүнүн жыйынын түзүүчү органга ай-лана алышкан эмес.

Кыргыз  ССРинин  Жогорку  Советине акыркы ирет шайлоо 1990-жылы болуп өткөн жана анын ишмердүүлүгү СССРдин ыдыроо мезгилине туура келип, өлкөнүн Эгеменди-ги, Көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияларды, Конституцияны кабыл алуу, биринчи президентти шайлоо, мамлекеттик Герб, Туу жана Гимнди, улуттук валютаны бекитүү сыяктуу демократиялык курулуштун саясый, укуктук жана экономикалык негиздерин түзүүгө өбөлгө болгон олуттуу чечимдер-ди турмушка ашыргандыгына байланыштуу ал коомчулук тарабынан «Легендарлуу парламент» деген атка ээ болгон. Бирок, белгилүү «алтын чатагынын» аягына чыга албай, президент, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринин ортосундагы татаалдашкан мамилелердин натыйжасында келип чыккан саясый кризистин кесепетинен өзүн-өзү таркатып, ишмердүүлүгүн мөөнөтүнөн мурда токтотууга аргасыз болгон.

1994-жылы, бүткүл элдик референдумдун негизинде Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 1995-жылы Мыйзам чы-гаруу жана Эл өкүлдөр жыйынынан турган эки палаталуу Жогорку Кеңештин шайланышы – Кыргызстан башкаруу системасына жаңы өзгөрүүлөрдү киргизүүгө жөндөмдүү, коомдук өнүгүүнүн, мамлекеттик башкаруунун жаңы нугуна карай багыт алган мамлекет экендигин дүйнө коомчулугуна жарыя кылды. Парламенттик демократия аркылуу саясый, экономикалык, социалдык, укуктук тармактарда позитивдүү өзгөрүүлөргө, сөз эркиндигинин калыптануусуна жетишүү Кыргызстанды дүйнө коомчулугу «демократия аралчасы» катары таануусуна негиз болду. Тилекке кар-шы, бул парламенттин өз укуктарынан сырткары иш аракеттерине бөгөт коюучу негизги күчкө айланып бара жаткандыгын түшүнгөн ал кездеги өлкө башчынын аракети менен депутаттардын саны жана укуктары улам-улам өзгөртүүлөргө туш болгон эки палаталуу Жогорку Кеңеш 2005-жылдан баштап кайрадан бир палаталуу жыйынга айланды жана парламентти шайлоодогу мыйзам бу-зууларга байланыштуу жалпы элдик нааразычылыктар 24-мартта өлкөдө авторитардык, үй-бүлөлүк бийликтин кулашына алып келди. Кыргызстан жол ачкан эки палаталуу парламенттик система бүгүнкү күндө Россия Федерациясында, Беларусияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда иш алып барууда.

Конституциялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында 2007-жылы партиялык негиздеги парламент түзүлдү. 2010-жылы 27-июнда кабыл алынган Конституцияга ылайык ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген, жоопкерчилиги күчөтүлгөн V чакырылыштагы Жогорку Кеңешти шайлоо менен парламенттик башкаруу тутумуна өтүүнүн жаңы этабы башталды. Бүгүнкү күндө VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш мамлекетти ар тараптуу реформалоо жаатында мурда болуп көрбөгөндөй көп багыттуу милдеттерди аткарууга байланыштуу кеңири ыйгарым укуктарды пайдалануу менен иш алып барууда. Коалициялык формада иштөөнүн ыкмалары өркүндөтүлүп, оппозициялык фракциялардын ишмердүүлүктөрүнө мыйзам ченемдүү кепилдиктер камсыз кылынып, аткаруу бийлигин, сот системасын реформалоонун жаңы принциптерин колдонууга шарттар түзүлдү. Парламент мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүнө, өлкөдөгү саясый абалдын турукташуусуна түздөн-түз таасир этүүчү нагыз жогорку бийлик органына айлана баштады. Кабыл алынган мыйзамдардын аткарылуусуна көзөмөлдү күчөтүү, саясый, социалдык, экономикалык, соттук, укуктук багыттарда алгылыктуу реформалык өзгөрүүлөргө жетишүү аркылуу өлкө жарандарынын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн зарыл чараларды көрүү жана аларды жүзөгө ашыруу милдети – мамлекетибиз багыт алган толук парламенттик башкаруу системасын орнотууга негиз болуп калары шексиз.

Жоробек БОРБОДОЕВ, Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын укуктук, кадр жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *