Жогорку Кеӊеште «Манас» – кыргыз рухунун туу чокусу» деген илимий-практикалык конференция өтүүдө

Жогорку Кеӊеште «Манас» эпосунун күнүнө карата «Манас» – кыргыз рухунун туу чокусу» темасындагы илимий-практикалык конференция өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара залкар манасчылар Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына, Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына, Шаабай Азизовдун 90 жылдыгына да арналды. Конференцияга Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар менен манастаануучу адистер катышып жатат.

«Манас» — кыргыз рухунун туу чокусу» темасындагы илимий-практикалык конференция Төрага Дастанбек Жумабековдун кириш сөзү менен ачылып, ал өз сөзүндө “Манас” эпосу – кыргыз элинин туу туткан руханий азыгы, идеологиялык багыт берген жол көрсөткүчү экенин, кыргыз эли улут катары калыптанууда анын тили сыяктуу эле зор рухий мааниге ээ болгон «Манас эпосунун ээси, сактоочусу жана улантуучусу болуп санала турганын баса белгиледи.

— «Манас» эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча репрезентативдик тизмесине Кыргызстандын атынан катталган.  Ал эми Жогорку Кеңеш өз маалында кыргыз элинин улуу табериги катары дүйнөлүк маданий мурастын көөнөрбөс кенчине кирген, адамзаттын алтын казынасынан орун алган «Манас» эпосун сактоо, коргоо, колдоо, асыроо жана андан ары өркүндөтүү максатында “Манас эпосу жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Анткени кыргыз эли улут катары калыптанууда анын тили сыяктуу эле зор рухий мааниге ээ болгон «Манас эпосунун ээси, сактоочусу жана улантуучусу болуп эсептелет. Тагыраагы, «Манас» эпосун асыроо жана аны андан ары өркүндөтүү ар бирибиздин ыйык парзыбыз, — деп билдирди Жумабеков.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жөнөкөй окурман катары “Манас” эпосунун башка эпостордон айырмаланган өзгөчөлүктөрүн тизмектеп берди.

Эл өкүлүнүн айтымында, дүйнө жүзүндө 7 миңдей улут болсо алардын жыйырмасында гана эпос жаралган. Бирок ошол 20 эпостун 19у тирүү эпос эмес. Аны айткандар же жазгандар ошол доор менен калып калган. Ал эми “Манас” эпосу бүгүн да айтылып келе жатат. Эпостун дагы бир өзгөчөлүгү анын көп варинаттуулугунда. Улутук илимдер академиясында 70 варианты бар. “Залкар манасчы Саякбай Каралаев 3 күн, 3 түн айткан деп келебиз. Бирок өз убагында Шлапштейн аттуу немец сүрөтчүсү С.Каралаевге жолугуп, канча Манас айттыңыз дегенде, ал 21 күн Манас айттым деп куштарланып жооп бериптир. Ошондой эле белгилүү музыка таануучу Виноградов С.Каралаевдин “Манасында” 28 кыраат бар экенин, анын укмуштуудай музыкалуу экенин белгилеген. Ал эми эпосто 547 географиялык аталыш бар”,- дейт депутат К.Иманалиев.

Эл өкүлү өз баяндамасында “Манас” эпосун бир гана адабият айдыңында кароого болбостугун, анда тарых, дин, этнопедагогика, астраномия, улуттук медицина, улуттук армия, тышкы саясат, төкмөчүлүк, мамлекеттик башкаруунун ыкмалары бар экендигин, андыктан “Манасты” кеңири кароого чакырды. Депутат Каныбек Иманалиевдин белгилөөсүндө “Манас” эпосунда историзм дагы таамай чагылдырылган, анда Хун, Байыркы Түрк, Түргөш, Кыргыз каганаттары болуп жети тарыхый доор чагылдырылган. “Эпосубузда мамлекеттүүлүктүн толук белгилери бар. Андыктан, Манас” эпосу качан жаралса, ошондон бери эгемен элбиз”,- деген К.Иманалиев “Манас” эпосу дүйнө жүзү боюнча жападан жалгыз мыйзам менен корголгон эпос экендигин кошумчалады.