Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жол кырсыгына учураганы ырасталган жок

Кадамжай районунда иш сапары менен жүргөн Чолпон Султанбекованын машинеси жол кырсыгына туш болгонун «Турмуш» басылмасы билдирген.

Маалыматка ылайык, Учурда Чолпон Султанбекова колу кокустап, больницага жеткирилген. Вице-премьер-министр менен машинеде дагы бир аял болгон. Ал аялдын абалы учурда туруктуу болгонун Кадамжай аймактык ооруканадан билдиришкен.

Бирок Өкмөттүн басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка жатапай турганын жана учурда вице-премьер-министр Батке облусунда жолугушууларын өткөрүп жатканын маалымдады.