Өлкөдө калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталды

Декада 2018-жылдын 3-декабрынан 10-декабрына чейин уланып, бүт өлкөнү камтыйт.

Иш-чараны Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору уюштурууда. Декаданын алкагында адвокаттар, юристтер борбор калаада жана аймактарда, калк көп чогулган жайларда жарандарга юридикалык консультация бермекчи.

Бул консультациялар төмөнкү жайларда көрсөтүлөт:

 

Датасы-убактысы                                      Дареги  
                                                               Бишкек шаары  
1. 3-декабрь, 10:00-16:00 Бишкек, Кыргызстандагы Эл аралык университет. Чүй пр. 255.  
2. 5-декабрь, 10:00-16:00 Бишкек, «Азия молл» СБ, Ч.Айтматов пр. 3  
3. 6-декабрь, 10:00-16:00 Бишкек, «Бишкек Парк» СБ, Киев көч. 148  
                                                               Нарын облусу  
4. 6-декабрь, 10:00-16:00 Нарын ш., Т.Усубалиев атындагы борбордук аянт.  
                                                           Ош облусу  
5. 4-декабрь, с 10:00-16:00

6-декабрь, с 10:00-16:00

7-декабрь, 10:00-16:00

Ош Мэриясынын  конференц-залы.

Ош шаары, «Келечек» борбордук базары.

Кара-Суу шаары, «Туратали» борбордук базары.

 

 

 

 
                                                          Баткен облусу  
6. 6-декабрь, 10:00-16:00 Баткен шаары, борбордук аянт  
                                                          Талас облусу  
7. 7-декабрь,  10:00-16:00 Талас шаары, борбордук аянт  
                                                         Жалал-Абад облусу.  
8. 5-декабрь, 10:00-16:00 Жалал-Абад шаары, Юстиция башкармалыгы, Кыргыз Республикасы көч.129 “А”    
                                                         Ыссык-көл облусу.  
9. 6-декабрь, 10:00-16:00 Каракол шаары, Тыныстанов көч.21, Юстиция

башкармалыгы.

 

 

Декаданын негизги максаты – калктын аялуу топторунун укуктук корголушун жогорулатуу, юридикалык жардам көрсөтүү, укуктук жактан агартуу.

Декада БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРнын укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоору, USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы, GIZ ишке ашырып жаткан Европа Бирлигинин “КРде укуктун үстөмдүүлүгү – 2-фаза” программасы жана “Кыргызстан-Сорос” Фондусу колдоодо.

Кенен маалыматты www.minjust.gov.kg  жана 0770 459117 телефону аркылуу  алса болот.