«Антистандарттагы» алты «кумалак»: Поэзия — порнография эмес

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Башталышы бул жерде

«абстрАКЦИЯда» андан ары иллюстрация, люстрация деген сөздөргө түшүндүрмө берилет, эми бу маданияттуу эле сөздөр, анысына болуптур дейли, андан ары Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, экс-маданият министри С.Раев:

«Сезимдер сенек,

Инплотан чиновниктер,

Оозунан чаңы чыгып,

Какшытып саясатты,

Тилинин сөөгү сынган,

Импотент өздөрү да,

Сүйлөгөн сөздөрү да,

Эчтеке өспөй калды,

…Измине…

Изине да,

Саясат анонизм,

Кутурган,

Кургак учук,

Куру чөп ооз арчытып,

Кургап калган.

Саясат метастазын,

Мээсине үйүп алган,

Жашоонун экстазын,

Унуткан катын да,

Үмүт үзүп,

Көнүп алган,

М а с т р у б а ц и я», — («абстрАКЦИЯ», 19-бет, С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет) деп, сөз ылгабай, улуу-кичүүнү көзүнө илбей, «маструбация» деген медициналык түшүнүккө түшүндүрмө берип жатпайбы, кашайгырдыкы десе. Бул саптарда «инплотан чиновниктер», «импотент өздөрү да», «саясат анонизм», «саясат метастазын», «жашоонун экстазын» деген кабелтең салыштырмалардан башка эмне баалуулук бар??? Мына Кыргыз эл жазуучусунун деңгээли!!! Эми келгиле, элестетип көрөлү, Алыкул Осмонов ушинтип ыр жазар беле? Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевчи? Жок, алар мындай ыр жазмак эмес. Жолон Мамытовдон да, Турар Кожомбердиевден да мындай ырларды окуган эмеспиз. Кийинки муундагы акындардын тополоңу Алик Акималиев эле, бирок, ал да мындай сөздөрдү ырына аралаштырган көрө алган жокпуз. Алардын баары ырга кир кол менен кармагыс ыйык нерседей мамиле кылышчу.

А экс-маданият министри жогорудагы эки мисал менен токтоп, тим болуп калбай:

«Тукумун кырабыз,

Туюк кылып салабыз,

Баскан жолун,

Кырка чаап балта менен,

Кекиртегин сыгабыз.

Кертмегин да,

Аябайбыз, койбойбуз,

…быз

быз,

быз…

пыс… көчүктү кыс!..

(Не сүйлөйсүң ызылдап,

Көмөкөйдө көрүнүп,

Турса баары!..)

Коррупционер, ии сени!

Кылыш керек кырка чаап

К а с т р а ц и я», — («абстрАКЦИЯ», 19-бет, С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет) деп бул жолу ветеринардык түшүнүккө поэтикалык түшүндүрмө берип жатпайбы.

Анан, ошентип өзүнө өзү канааттанып, өзүнө өзү ыраазы болуп, поэзияга «революция» жасагысы келген антистандарт акын:

«Ты дурак!»

«Сам дурак!», — деп, окурмандын жана өзүнүн ким экенин да чечмелей, көзгө сая көргөзө келип, ырын «тегерек туштун баары» «менструация, иллюстрация, маструбация, люстрация, кастрация» деп аяктайт.

Мына ушундай, бул ырда окурман күткөндөй, антистандарт деле эч нерсе жок, болгону С.Раев «абстрАКЦИЯсы» аркылуу окурманга этек кир жана жалаяк тууралуу эле айткысы келген.

Арга жок таңгаласың, жугумсуз сөздөрдү зордуктап кошоктоштуруп, белге тээп сындырып, тепкич-тепкич ыр кылып, ыр сыпатын жасап, келегей, чолок ойлорду айтып койсо эле ыр болуп калабы? Автор жалгыз өзүн ыр генийи, калган окурмандарды ырды түшүнбөгөн кемпай ойлойбу?

Бул ырга ким кандай комментарий берсе, ал өз эрки, биз башкаларга өз оюбузду таңуулагыбыз да келбейт, бирок бул ырда «менструация, иллюстрация, маструбация, люстрация, кастрация» деген интимдик, медициналык, ветеринардык поэзияга жат түшүнүктөрдөн башка эч кандай баалуулук жок, бул талашкыс чындык.

С.Раев адабиятка жаңыдан аралашып, жаңы туулган музоодой телчигип, өз жолун таппай жүргөн жаш талапкер, болбосо адабий чөйрөдөн куугунтук жеген, коомдон куулган диссидент болсо, анан ушундай ыр жазса бир жөн эле. Ал Кыргыз эл жазуучусу, ал мамлекеттик наам аздык болсо, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Министр болгон, мамлекеттик кызматтарда иштеген. Анан, минтип пайгамбар жашына келип калганда, мамлекеттик мартабалуу сыйлыктардын ээси болуп туруп, этек кир менен жалаяктын деңгээлине түшүп калганы кечиримсиз нерсе. Же жазганга башка тема табылбай калдыбы?

С.Раевдин акындык өнөрү тууралуу кенен-кесири сөз кылганыбыздын бир себеби, аны социалдык түйүндөрдө «акыркы пайгамбар» эсептегендер, алтургай Кудай туткан жаш акындар бар. Алар анын баскан ар бир изине сыйынып, ар бир жазганына тамшанып, «биз да күндөрдүн биринде С.Раевдин курагына жетип, ал жазгандай «антистандарт» ырларды жазган деңгээлге жетсек» деген кыял менен жашап жатат. Ошол С.Раевге суктанган муун жетилсе, С.Раев дың бузуп, жол салган тематиканы андан ары кеңейтсе, тереңдетсе, анда кыргыз поэзиясында кандай маанидеги ырлар жаралышы мүмкүн!?? Ыр поэзияга айланбай эле, медициналык же ветеринардык сөздүккө, тагыраагы энциклопедияга айланат го. Аны айтпаганда, Кыргыз эл жазуучусу жаш муунга кандай үлгү көрсөтүп, эмнеге чакырып жатат?!! Маструбациягабы, анонизмгеби?

Улуу муундагы китепкөй окурмандардын эсинде болсо керек, Чыңгыз Айтматов адабиятка жаңы эле аралашып, «Жамиласын» жазганда, кыргыз жазуучулары аны түшүнө алган эмес. Фронтто кан кечип, эл-жер үчүн баатырларча салгылашып жүргөн күйөөсүн чанып, башка бирөөнүн этегин кармап кеткен, кайдагы бир шуркуяны идеялаштырып жазган, бул биздин элдин салтына жатпайт деген. Андай болсо, биздин бул сыныбыз да, ошол 1960-жылдардагы эски жазуучулардын Айтматовго койгон кинесиндей эскичилдик эмеспи. Башкалар тамшанган С.Раевди түшүнө албай жатабызбы? Каалайбызбы же жокпу күмөн ой жаралбай койбойт экен. Арийне, «абстрАКЦИЯ» менен «Жамиланын» айырмасы асман менен жердей. Дегеле салыштырып мүмкүн эмес. Бул бири-бирине таптакыр карама-каршы нерселер, бири-бирине коошпогон түшүнүктөр. «Жамилада» залкар жазуучу сүйүүнү даңазалап жатат, анын каарманы этек кирдин деңгээлинде ойлонбойт, ал Даниярдын обонуна ашык болот, ошол обондун керемети күчүнө, махабатка багынган келин. Ырас, Батышта күйөөсү Садык душмандар менен кармашып, өмүр менен өлүмдүн чеңгелинде жүрөт. Ошол эле учурда, бул жакта Жамила сүйүү менен кармашка чыгат да, андан жеңилип, махабаттын туткунунда калат. Бардык мезгилдерде, сүйүү убакыт, мезгил тандаган эмес. Сүйүү — булар качан согушуп бүтөт деп күтпөйт, махабат жер тандабайт, улут тандабайт, тылда эмес, кан күйгөн согуштарда да сүйүшкөн. Бири-бири менен бет карашкыс душмандар да бири-бирин сүйүп калышкан. Анүстүнө, Жамила душмандын солдатын эмес,  фронтовикти сүйүп жатпайбы, демек кечиримдүү. А Кыргыз эл жазуучусу С.Раев «абстрАКЦИЯ»да сүйүүнүн улуулугу тууралуу эмес, менструация, маструбация, кастрация жаатында сөз кылып жатпайбы. Ветеринарлар залкар жазуучунун деңгээлине көтөрүлүшкөн, качан поэзия ветеринариянын деңгээлине, акын ветеринардын деңгээлине түштү эле.

Эч ким С.Раевге «ыр жазба» дебейт, эмнени кааласа, ошону жаза берсин. Болуптур, поэзия медициналык, ветеринардык түшүнүктөрдү жазганга, поэтикалык түшүндүрмө бергенге жол берет дейли, автор поэзия жоопкерчилигин четке какса да, коом алдындагы, мамлекеттик наам-сыйлыктарды берген мамлекет алдындагы этикалык-моралдык жоопкерчилигин ойлошу керек эмес беле? Же биз ага ашөпкө жоопкерчилик тагып жатабызбы? Жок, биерде эч кандай ашөпкө нерсе жок. Ал адабият астанасын жаңыдан аттаган бирөө-жарым эмес. Ал кыргыз адабиятынын жүзү катары жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге байма-бай каттап, китептери чет тилдерге көп которулуп жаткан жазуучу.  Анын мамлекеттик наам, сыйлыктары жок, «башы бош», ооздугу жок эркин жазмакер болсо да, «менструация» тууралуу ыр жазабы, же «маструбация» тууралуу жазабы, же көчөгө чыгып бийлеп кетеби, анда маселе жок эле. Азыр анын мойнунда Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты деген чоң жоопкерчилик — «каргы» илинүү.

Бүгүн коом автор өзү жазгандай:

«Аңыраят катындын

Шалбарындай,

Чек ара

чатын жырган,

агылат,

агындылар бизге карап,

Дүйнөлүк мусоркана,

бизде бардай…

Христи да, антиси да,

Католиги, куу чирен чокунганы,

Сакалчаны,

Таз башы,

Миң ирет окунганы,

Шакмары да,

Какмары да,

Кудай дейт,

Солу, оңу

Кудайдан жөө качканга

Толуп кетти…

Ишеним полигону» («Пофигизм». С.Раев. «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет), — болуп башы маң болуп турат.

Улуттук мамлекеттик идеологиянын жоктугунан ал боштукту дин жана диндин ар кандай экстремисттик агымдары ээлеп жатат. А диний экстремисттик агымдары кирген жерде сөзсүз экстремисттик уюмдар түзүлөт, террористтик маанай жаралат, кыскасы дин мите курттай коомдун «канын» соро берет.

Бүгүн жаштар кимди ээрчирин билбей, эки айрылыш жолдо туру. Эмгек миграциясында жүргөн миңдеген жаштар акын Н.Гургубаева «Груз-200дө» жазган улуттук трагедияны көрүп, жаны жанчылып турса, коомдогу карама-каршылыктардан улам, психикасы бузулган жаштар арасында өзүн аял катары эсептеген эркектер, өзүн эркек сезген кыздардын чөйрөсү жаралды. Коом карама-каршылыктардын, парадокстардын доорун баштан кечирип жатат. С.Раевдин эле телегейи тегиз болбосо, башкаларыбыздын чечекейибиз чеч болуп, кубанычтан маңдайыбыз жарылып турган жок. Айрымдар ак нанды малга, чочкого берип, фирмалар бир күн ичилбей калган максымды атала кылып, малды бордоп семиртип жаткан заманда бирөөлөр нанга жетпей жашап жатат. Бир миллион кыргыз чет өлкөдө жүрү. Үйгө жетпей жүргөн канча жаш үй-бүлөлөр бар? Ушундай кыйчалыш мезгилде этек кирдин деңгээлиндеги ырлардын кереги барбы? Акындык дебейли, адамдык жарандык позициябыз кайда?

С.Раев идеал туткан, тагыраагы ал туураган адабияттагы, искусстводогу, дегеле турмуштагы сюрреализмди туу туткан Батыш эмне болду? Абстрактуулукка азгырылып, сюрреализмге суктанып, тамшанып, акыл-эстин өзгөчө туундусу катары караган Батышта бүгүн эркек менен эркек, аял менен аял үйлөнүп жатат. Ал коркунуч биздин да босогодо туру. Алтургай андай көрүнүштөр пайда боло баштады. Эми сөзсүз эле ошол ыпластыктын баарын поэзияга алып келиш керекпи?!!

Ырды жалаң гана атак-даңк, же эксперимент үчүн жазбайт. Ырды адамдын жан дүйнөсүндөгү аңылдаган боштукту толтуруш үчүн, эсеңгиреп, эс-учун жыя албай турган жан дүйнөгө жарык чачыш үчүн жазат. Ырдын касиети, акындын эл алдындагы озуйпасы ошондо. Аңкилдек атып, адам катары, улут катары жоголуп бараткан, ааламдашкан заманда улут катары сакталып калабыз десек, анда ырдын философиясы адамзаттын генийи Айтматов эскерткен «баарынан эң кыйыны күн сайын адам болуу» деген айныгыс логикага келип такалыш керек. Поэзияны зомби окурмандар үчүн жазыштын кереги жок.

«Антистандарттагы» алты «кумалак»: Поэзия — порнография эмес: 1 комментарий

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *