Акыйкаттыкты аныктоодо эптемей болбошу керек же беш жылдан бери бүтпөгөн чатак жөнүндө

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


“Кыргыз Туусу” гезитинин 2016-жылдын 19-июлундагы №56 санында “Кимдер кылмышкер да, а кимдер жабырлануучу?” аттуу макала жарык көргөн. Анда Талас шаарында 2013-жылдын 30-декабрынын түнүндө болгон бир окуя (кылмыш деп айтууга ооз барбай турат, а акыркы сот чечими азырга чейин жок) боюнча тергөөдөгү жана биринчи инстанциядагы соттук териштирүүлөрдөгү кемчиликтер жөнүндө кеңири жазылган. Мына ушул тергөөнүн ишке тийди-качты мамилесинен жана Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясынын ошол учурдагы өкмөттүк эмес сектордун ызы-чуу салуусунун таасирине каршы тура албай чыгарган 21.05.2015-ж. өкүмүнөн улам экинчи жана жогорку инстанциядагы соттор ал иште акыркы чекитти кое алышпай, ишти тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн Талас шаарынын прокуроруна жөнөтүү чечимдерин (Чүй облустук сотунун коллегиясынын 20.04.2016-ж. аныктамасы жана КР Жогорку сотунун коллегиясынын 31.05.2016-ж. токтому) кабыл алышкан.

“Зордуктоонун” “баасы” 90 000 сом болгонбу?

Адатта, кынтыксыз тергелген кылмыш иштери боюнча соттук чечимдерди чыгарууда жапа чеккен тарапта да, айыпталган тарапта да анчалык суроолор жарала бербейт. Маселе мына ушул тергөө жана экспертиза органдарынын кызматкерлеринин сабатсыздыгынан же өз кызматтык милдеттерине тийди-качты мамилесинен улам кээде жок жерден жаралат.

Бул иште да Сокулук райондук сотунун судьясы Т.Чаргынова тарабынан жабырлануучу Калия Арабекова өзүн үчөөлөп зордуктады деп жаткан айыпталуучулардын – Кара-Буура райондук сот аткаруучулар кызматы бөлүмүндө сот аткаруучу болуп иштеген Ильгиз Карымбаевдин, Алтынбек Алыбаевдин жана Мукаш Кенесариевдин келтирген жүйөөлөрү менен фактылары эске алынбастан чечим чыгарылган. Муну кийинки соттук инстанциялардын чечимдери далилдеп турат. Эми бул окуядагы айрым нерселерге токтоло кетели.

Кылмыш  ишиндеги  документтерден көрүнүп тургандай, К.Арабекова окуя болгондун эртеси күнү эле – 2013-жылдын 31-декабрында Талас шаардык прокуратурасына эки баласын ээрчитип барып арыз жазганын суракта көрсөткөн. Арызы шыр кабыл алынып, өзү экспертизадан өткөрүлгөн.

Мына ушул жерден эле биринчи суроо туулат: К.Арабекова жазгандай, аны тигил үчөөсү түнү менен чектен чыккан формада зордуктап, сабап, ал аз келгенсип, аягында ага заара ушатып салышкан болсо, анда эмне үчүн экспертизанын корутундусунда дене жаракаттары көрсөтүлбөгөн? Экспертизаны жүргүзгөн Талас шаарынын соттук медициналык эксперти Т.Осмонов К.Арабекованын денесинде зомбулук белгилери жана дене жаракаттары табылбагандыгын сот отурумунда да көрсөткөн.

Экинчи  суроо:  К.Арабекова  эки  күндөн  кийин  – 2-январда арызында эмне үчүн “2014-ж. 1-январында мен Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылгам. Арызды мен Алыбаев Алтынбекке жиним келип жазып салгам. Себеби жыныстык катнаш болгон, эртеси күнү урушуп кеткенбиз. Азыркы учурда Алыбаев Алтынбекти кечирдим, ал мени күч колдонуп зордуктаган жок. Ошондой эле Кенесариев Мукаш жана Карымбаев Ильгиз менен жыныстык катнашта болгон эмесмин. Алар мени зордуктаган жок. Эч кимге доо арызым жок, айыптоодон баш тартам. Мурунку жазган арызым боюнча текшерүү иштерин токтотуп берүүңүздү суранам” деп жазат?

Ал өзү кийин бул арызды тигил үчөөсү кайра-кайра кечирим сурашканынан жана алдына түшүп 100 000 сом беребиз дешкенинен улам жазганы менен түшүндүрөт. А кийин бул оюнан кайра айныганын, анткени алар алгач 30-40 миң сомдой акчаны көргөзүшүп, арыз жаздырып алган соң 5 миң сом эле берип коюшканын айтат.

Эми ушул жерден төмөнкү ой жаралат: А эгерде алар 100 миң сомду толук бергенде “зордуктоо” болбой калмак экен да?!

Андан да өкүнүчтүүсү — мына ушул акча сунуштоо фактысы Сокулук райондук сотунун чечиминде далил катары кабыл алынганы. Ал кылмыш үчүн жоопкерчиликтен качуу аракети катарында эсептелген?!

Прокуратура соттордун көрсөтмөсүнө “түкүрүп” да койгон жок

Облустук сот менен Жогорку сот тергөөдө соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө четтетиле алгыс бир катар кемчиликтерге жол берилгенин көрсөтүү менен ишти кайра тергөөгө жөнөтүп, тергөөнүн жүрүшүндө аларды жоюу көрсөтмөсүн берген. Алар: биринчиден, 31.12.2013-ж. тергөөчү А.Дүйшөналиев окуя болгон жерди кароо жүргүзүп жатканда калыстарды катыштырбастан, Г.Гридневду жана Б.Амантаевди сыртынан эле күбө кылып жазып койгон-дугун. Бул жол берилгис далилдерге кирерин белгилеген.

Экинчиден, К.Арабекова окуя болуп жатканда, аны квартиранын дааратканасына камап салышканда, унитаздын капкагын чыгарып алып, шыпты ургулаганын көрсөтсө да, окуя болгон көп квартиралуу үйдө жашашкан кошуналары суралган эместигин. Иш Чүй облустук сотунда каралып жатканда окуя болгон квартиранын үстүндөгү квартирада жашаган Мария Чолпонбаева суралып, ал 30-декабрь күнү түнкү саат 12лер чамасында квартирага кирип бара жаткан 3 эркек менен 2 аялды көргөнүн, аялдардын бирөөсү ак халатчан экенин, кийин эч кандай ызы-чууну, дааратканадан тарсылдаган добушту укпаганын көрсөткөн. А тергөө бул маанилүү күбөнү суракка да алган эмес.

Үчүнчүдөн,  К.Арабекова  тергөөдө  жана  биринчи жана экинчи инстанциядагы соттук отурумдарда берген  көрсөтмөлөрүн  өзгөрткөн.  Ал  окуя  болгон  жерде Р.Туйгунбаева деген айым өзү менен кошо болбогону жөнүндө көрсөтмө берсе, соттолуучулар менен күбө Р.Туйгунбаева өз көрсөтмөлөрүндө чогуу болушкандыгын билдиришкен. Мына ошондуктан соттор тергөө бул карама-каршылыктарды салыштырып, соттолуучулар менен күбө Р.Туйгунбаеваны беттештирүү өткөрүүсү зарылдыгын көрсөтүшкөн.

Төртүнчүдөн, К.Арабекова А.Алыбаев тапанча менен башка урганын көрсөткөн, бирок, ал тапанча болгонбу, болсо, А.Алыбаев аны кайдан алганы, кийин кайсы жакка катылганы такталбаган.

Соттор тарабынан көрсөтүлгөн булардан башка да тергөө тарабынан иликтенбеген бир катар нерселер бар. Айталы, К.Арабекова тергөөдөгү көрсөтмөсүндө бөтөлкөнүн сыныгын алып, А.Алыбаевдин бутун шылып жибергенин жазган. Бирок, Сокулук райондук сотунда А.Алыбаев эки бутун тең көрсөтүп, эч кандай так жоктугу аныкталган.

Талас  соттук  медициналык  экспертиза  бюросу К.Арабекова алып барган ич кийимден А,В,Н антигендери табылганын, ал 3-топтогу канга таандык экенин корутундусунда көрсөткөн. Бирок, Республикалык соттук медициналык экспертизалар борбору бул антигендер 4-топтогу канга таандык экенин тастыктаган. А мындай топтогу кан аталган үч шектүүдө тең жок экен.

Тилекке  каршы,  тергөө  тарабынан  соттордун көрсөтмөлөрүнүн  бири  да  аткарылбастан,  иш  мурдагы боюнча эле кайрадан Талас шаардык сотуна кароо үчүн жөнөтүлгөн. Шаардык сотто иш негизсиз ар кандай шылтоолор менен создуктурулуп отуруп, акыры судья А.Турусбековдун колуна түшкөндөн кийин иш ордунан жылды.

“Кыргызчылык” дайыма эле жакшылыкка алып келе бербейт

Ал ортодо ошол эле өкмөттүк эмес уюмдардын ызы-чуусунан кийин, окуя коомдук резонанс алып, кылмыш иши укуктук талаада чечилиши мүмкүн болбой калгандай абалга келгенден кийин буга коомчулук да аралашып кеткендиктен, жергиликтүү бийликтегилер ишти “кыргызча жабууну” сунушташат. Башкача айтканда айыпталуучулардын туугандарын К.Арабекова сураган 100 миң сом акчаны берүүгө ынандырышат. Мунун канчалык мыйзамдык талаада ишке ашуусу мүмкүн экенин мен түшүнө албадым. Бирок, балдары камакта отуруп калганына кейиген ата-энелер 2016-жылдын 21-июлунда Өкмөттүн облустагы ыйгарымдуу өкүлүнүн биринчи орун басарынын, Талас шаарынын мэринин жана Талас шаарынын прокурорунун орун басарынын көзүнчө К.Арабекова сураган 100 миң сомду тергөөчү Р.Ниязбековго берүүгө да аргасыз болушкан. Анткени, ошол учурда К.Арабекова акчаны алгандан кийин чындыкты айтып берүүгө убада берген экен. Бирок, акыры ушундай жол менен эң башында сураган 100 миң сомду алгандан кийин К.Арабекова куйругун карматпастан кеткен.

Андан да өкүнүчтүүсү, эми К.Арабекова жана  анын  жактоочулары  бул  фактыны  да  айыпталуучулар  кылмыш  жасаганын  моюндарына  алышканы  катарында пайдаланышууда.

Эмне үчүн К.Арабекованын айткандары шек жаратат?

К.Арабекова сотко ага 105 925 сом материалдык зыяндын жана 3 миллион (!) сом моралдык зыяндын ордун толтуруп берүү доосун да койгон. Анда 15 075 сомго дары-дармек сатып алганын, дарылануу үчүн 12 000 сом кеткени, адвокаттын кызматы үчүн 78 000 сом төлөнгөнү келтирилген. Дары-дармекти “Ай-Тик” ЖЧКсынан сатып алганы боюнча эсеп-фактураны тиркеген. Бирок, бул ЖЧКнын директору Бурултай Жумабаеванын көрсөтмөсү боюнча, К.Арабекова бул дарыканага кайрылбаган, эсеп-фактураны ал өзү гана жазып берет, К.Арабекованын колуна ал эсеп-фактура кандайча берилгени ага белгисиз жана анда коюлган кол аныкы эмес. Ошентип, К.Арабекованын бир калпы ашкере болду.

Дагы  бир  калпына  келели.  К.Арабекованын версиясы боюнча өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан чуу көтөрүлө электе – 2015-жылдын  21-июлунда  түндө  үйүндө уктап жатканда белгисиз эки адам келип эшигин каккылап киришет. Ал Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү, бул иш боюнча ызы-чуу көтөргөндөрдүн бири Арзыкан Момунтаевага телефон чалганга үлгүрөт.

А.Момунтаеванын чакыруусу боюнча Талас шаардык ички иштер бөлүмүнөн опертоп жетип барганда, К.Арабекова аны эки адам сабап, бирөөсү зордуктап салганын билдирген. Бирок, соттук-биологиялык экспертизанын 05.08.2015-ж. корутундусунда андан алынган мазоктон жана ич кийиминен эч кандай сперматозоиддер табылбагандыгы аныкталган. А.Арабекованын ага макул болбой кайра арызынан улам, кайра дайындалган экспертизанын 15.09.2015-ж. комиссиялык корутундусу да ушундай эле тыянакка келген. Бул – калптардын экинчиси.

К.Арабекова ага кол салгандардын биринин үнүнөн улам И.Карымбаев экенин тааныганын айткан. Бирок, тергөөдө И.Карымбаев ал айткан убакта өз айылында футбол ойноп жатканы анын көп сандаган айылдаштарынын айтуусу жана телефон сүйлөшүүлөрү аркылуу тастыкталган. Мына ошондон улам бул кылмыш иши бир нече жолу жабылып, кайра тергелип отуруп аягында жабылган. Бул – калптардын үчүнчүсү. Бирок, анын бул арызы боюнча ар кайсы деңгээлдеги прокуратура органдарынын кызматкерлери тарабынан ондон ашуун (!) текшерүүлөр жүрүп, канчалаган кызмат адамдары убара тартышты?

Баса, анын өзүнүн томолой жетим экендиги жөнүндө айтканы да калп экени ашкереленип отурат. Бул – төртүнчү калпы.

Демек, төрт калпы чыккан К.Арабекова мурдагысында чын айтканына ким кепилдик бере алат?..

Калптардын аягы эми бүттүбү?

Чындык акыры чыкпай койбойт экен. Бул иш боюнча беш жылга (!) созулган териштирүү акыры  аягына  чыгып,  Талас  шаардык  сотунун  судьясы А.Турусбеков 03.11.2018-ж. өкүмү менен А.Алыбаевди, И.Карымбаевди жана М.Кенесариевди алардын жосундарында кылмыштын окуясы болбогондугуна жана кылмышты жасоого катышуусу далилденбегендигине байланыштуу актады.

Албетте, окуяга калыс, жан тартпай караган адамга бул айрым адамдардын күнөөсү же ишине шалаакы мамилесинен улам беш жылга созулган бул иштеги ушундай финал болоору мага мурда эле билинген. Бул боюнча жазган макаламда кеңири жүйөөлөр келтирилген. Бирок, биздин прокуратура жана экспертиза органдарынын айрым кызмат адамдарынын жана судьялардын укуктук баа берүүдөгү позициялары таң калтырбай койбойт.

Алар жөнүндө өзүнчө макалада сөз кылуу туура болчудай. Ошондуктан бул макалага көп чекит кое туралы…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *