«Жамгыр менен – жер көгөрөт, бата менен – эр көгөрөт…»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Өлкөбүздүн улуттук тун гезити “Кыргыз Туусу” жыл бою алыскы жана жакынкы аймактарда, облустарда, райондордо, жеке жана мамлекеттик ишканаларда, агартуу, саламаттыкты сактоо ж.б. бардык тармактарда мыкты ийгиликтерге жетишкен жамааттарды, жеке ишкерлерди окурмандар менен бирге атайын абай салып, ар биринин эмгектерине көңүл буруп, гезит бетине чагылдырып келет. Быйыл дагы “Кыргыз Туусу” 2018-жылы ак эмгеги менен эл арасында аброй, атак-даңк жана кадыр-барк тапкан жеке инсандарды, жетекчилерди, ишкерлерди, жамааттарды эл арасынан таап “Жылдын мыктысы” жана алардын колунан чыккан мыкты баалуулуктарды “Кыргыз бренди” деген номинация менен баалап, жалпы жумурай-журтка сунуштады.

30-ноябрь күнү мыктылардын – мыктылары деп табылган замандаштарыбызды “Кыргыз Туусу” гезити Бишкек шаарындагы “Береке” ресторанына ак дасторконго чакырып, сый-урмат көрсөтүү менен сыйлыктарын тапшырды.

Иш-чаранын ачылышында “Кыргыз Туусунун” башкы редактору Эрнис Балбаков мыктынын мыктысы болгон замандаштарыбызды жыл ичиндеги ийгиликтери менен куттуктап, келе жаткан жаңы жылда мындан да жогорку ийгиликтерге жетишүүлөрүн каалады. Ошондой эле ал, кыргыздын 100 жылга жакын тарыхы бар гезити – “Кыргыз туусу” ар дайымокурмандар менен жана мекендин өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жаткан ар бир ишкер, жетекчи, мугалим, дарыгер, ж.б. кесиптин ээлери менен тыгыз кызматташып, алардын ак эмгектерин, асыл ойлорун ишке ашырууда маалыматтык колдоо көрсөтүүгө дайым даяр экенин билдирди.

“2018-жылдын  мыктыларына” сыйлык тапшыруу үчүн чакырылган сыйлуу коноктордун бири – белгилүү коомдук-саясий ишмер, легендарлуу парламенттин  (1989-1994-жж.) төрагасы Медеткан Шеримкулов “Кыргыз Туусунун” сыйлыгына татыктуу болуу – өзгөчө сыймыктуу экенин айтты. “Анткени, бул гезит улуттун туусу болгон гезит. Кыргыздын эң алгачкы тун гезити. Ал 1924-жылы Ташкент шаарында жарык көрүп, эң биринчи бетине адабияттын алпы, акын Аалы Токомбаевдин “Октябрдын келген кези” деген ыры жарык көргөн. Бул гезит мына ошол бир кылымга жакын убакыттан бери сапарын улантып келе жатат. Башкасын айтпаганда эле бул гезитте Турдакун Усубалиев сыяктуу улуу инсандар иштешкен. Гезит улуттун алгачкы алиппеси, тарыхы, маалыматчысы жана кыргыз тарыхынын энциклопедиясы катары жашап келе жатат”, — дейт ал.

Ошентип, эмгеги менен кыргыздын эсинде жүргөн белгилүү коомдук-саясий ишмер М.Шеримкуловдун колунан “Кыргыз Туусу-ун” сыйлыгын алуу жыл мыктыларына дагы да жигер, дем-күч берди деген ойдобуз.

Ошондой эле сыйлык тапшыруу озуйпасына азыркы ЖК депутаттары Рысбек Кожобеков менен Айнура Осмонова келип, мыктыларга мыкты каалоо-тилектерин билдирип, алган сыйлыктары жана ийгиликтери менен куттукташты.

“1986-жыл болсо керек эле, — дейт Рысбек Кожобеков. – “Кыргыз Туусу” анда “Советтик Кыргызстан” деген ат менен жарык көрчү. Ошол жылдары өмүрүмдө биринчи жолу гезитке макала жазууга аргасыз болгом. Ошондон көп өтпөй эле мага мамлекет эки бөлмөлүү квартира берген. Муну менен мен бул гезиттин кадыр-баркын, кудурет-күчүн айткым келип жатат”, — деген депутат, мыктыларды куттуктап, сыйлыктарын тапшырды.

Депутат Айнура Осмонова басма сөздүн коомдогу ролу тууралуу айтып, жашоодо ак менен караны таразалап, өлкөдө тынчтыктын, ынтымактын, саясий абалдын туруктуу болушуна, мекендин гүлдөп өсүшүнө маалыматтын таасири чоң экенине токтолуп, жамаатка да, сыйлык ээлерине, жалпы журтчулукка жакшылыктарды каалады.

Сыйлык тапшыруу аземин КТРКнын алып баруучусу Саната Жумакадырова алып барды жана КР эмгек сиңирген артисти, ырчы Алина Жетигенова, Каныкей Раймалиева, Айпери Кубик кызы, Добр сыяктуу белгилүү ырчылар, бийчилер тобу өнөр тартуулап, иш-чарага майрамдык маанай кошту.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *