Казакстандын Туңгуч Президентинин күнү белгиленди

1991-жылдын 1-декабрында Казакстанда Президенттик кызмат ордуна бүткүл элдик шайлоо өтүп, Нурсултан Назарбаев айкын көпчүлүк добуш менен Казак ССРинин Президенти болуп шайланган. Туңгуч Президенттин республикага сиңирген эмгегин баалап, Казакстандын Парламентинин жогорку палатасы Сенаттын 2011-жылдын 10-декабрындагы отурумунда депутаттар 2012-жылдан баштап 1-декабрды Туңгуч Президенттин күнү деп белгилөө жөнүндө чечим кабыл алынган.

Н.Назарбаев президенттик кызматынын онунчу күнүндө, 1991-жылдын 10-декабрында «Казак ССРи» деген аталышты «Казакстан Республикасы» деп атоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул Туңгуч Президенттин алгачкы, олуттуу кадамы болду. Н.Назарбаевдин жетекчилиги менен Казакстан учурда дүйнөдөгү экономикалык  жактан  атаандаштыкка жөндөмдүү 50 мамлекеттин катарына кошулуп, эми 30 мамлекеттин катарына кирүүнү мерчемдеп жатат.

1-декабрда Бишкектеги Каба Кожомкул атындагы Спорт сарайындагы Жаштар борборунда Казакстандын Туңгуч резиденти-нин күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Аны Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги жана Кыргызстан эл Ассамблеясынын тутумундагы Кыргызстан казактарынын ассоциациясы уюштурду.

Жыйында сөз сүйлөгөн Казакстандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Р.Карибжанов Казакстандын эл башчысынын эгемендик жылдарында республика үчүн жана эл аралык алакадагы жасаган орошон зор эмгегине токтолуп өттү. Өкүл белгилегендей, Казакстан ушул жылдары ОБСЕнин, Ислам кызматташтык уюмунун, ШКУнун жана башка уюмдардын жыйындарына төрагалык кылган. Быйыл БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык ишмердигин аяктап жатат.

Жыйынды алып баруучу, Кыргызстан казактарынын ассоциациясынын төрайымы, КР ЖКнын депутаты Г. Асылбаева кыргыз-казак карым-катнаштарынын азыркы абалын баяндап,  эки  өлкөнүн  ортосунда  бардык багыттарда боордоштук, ынак мамиленин түзүлүп отурганын баса белгиледи.

Жыйында пикирин билдиргендер Нурсултан Назарбаевдин президенттик кызматынын, өлкөнү башкаруу стилинин өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, Эл башчысынын туура саясатынын аркасында Казакстан айтарлыктай ийгиликке жетишкенин белгилеп өтүштү.

Иш-чарада Казакстан Президентинин ишмердиги тууралуу даректүү фильм көрсөтүлдү, казактын улуттук обондору жаңырды. Жыйындын катышуучулары китеп көргөзмөсү менен таанышып, казактын улуттук тамак-аштарынан (кымыран – төө сүтү, казы-карта – чучук ж.б.) даам татышты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *