Кадыржан Батыров Одессада дүйнө салды

Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилип, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда 62 жаш курагында көз жумду.

Бул кабарды “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматына Кадыровдун жакындары ырасташкан. Алардын маалыматына караганда, 4-декабрга оогон түнү Кадыржан Батыров куптан намазын окугандан кийин жатып, ойгонгон эмес.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Жалал-Абаддагы мурдагы өзбек улуттук-маданий борборун жетектеген Кадыржан Батыровго 2010-жылы Кыргызстанда «улут аралык жаңжалды козуткан», «жикчилдикке чакырган», «калайман башаламандык уюштурган» деген айып тагылган жана өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *