Бактыбек ЖУНУШЕВ: «Карыганда жетим болгондорго боорум ооруйт»

Ысык-Ата районунун төмөнкү Серафимовка айылындагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу лгайгандардын жана майып адамдардын социалдык-стационардык мекемесинин жетекчиси Бактыбек Жунушев менен маек.

– Бактыбек мырза, карыган чагында  жетим  болгон  карыларды, майып болгон соң эч кимге керек болбой калган шордууларды бооруна баскан мамлекеттик мекемени жетектөө оңой болбосо керек…

– Түнү-күнү жан дүйнөмө тынчтык бербей жүргөн акыйкат суроону бердиңиз. Алты саны соо, бактылуу турмушта жашаган адамдариштеген мекеме-уюм же ишканада жетекчи болуп иштесем, жан дүйнөм мынчалык азапка батпайт эле. Жумушка келгенден баштап ке-чинде үйгө кеткенге чейин улгайганда же майып болгондо тагдырдын таштандысы болуп калган бечаралардын арасында болом. Алардын жалдыраган муңдуу көздөрүнө караган сайын, узак жашоодо баштан өткөргөндөрүн зар какшап айткан кайгылуу баяндарын уккан сайын боорум эзилет.

Ушул чүкөдөй болгон карыянын же майыптын багып өстүргөн балдарынын, жакындарынын үйлөрүнүн бир бурчуна батпай керексиз болуп калганына күбө болуп: “Адамдар эмне болушууда, неге мынча боору таш, кайдыгер болуп баратышат?” деп ойлоп калам, жакамды кармап. Сураштырып келсең, дээрлик бардыгынын жакындары бар. Ал эми ошол жакындары тууралуу сурай келсең, ал жакындар ага эчак эле жакын болбой калганын, андан көрө ушул жер эле жакшы экенин айтып сумсайышат.

Эгер андай эмес болсо, ошол жакындары бул мекемеге эч уялбай-нетпей өз колдору менен жетелеп келип таштайт беле? Кудайдан да, мамлекеттен да коркпогондор бар арабызда. Айла жок, мамлекет аларды талаада таштабай бооруна басат экен.

– Мекемеге кабыл алуунун эрежеси кандай? Түз эле сиздерге келишеби же ага чейинки талаптар барбы?

– Бул жерге келе тургандарды жашаган жерлериндеги социалдык коргоо органдары документтерин даярдап, комиссиялардын кароосунан өткөргөндөн кийин алып келишет. Биз ушул эреже боюнча кабыл алабыз. Улгайгандары пенсияга чыккан соң, майыптар болсо 18 жаштан кийин гана келиши керек.

– Майыптарды, ооруп калгандарды медициналык жактан тейлөө жагы кандай болот?

– Майыптардын, улгайган адамдардын ден соолуктары да, көңүлдөрү да назик болушат. Жарым көңүл, кайгылуу адамдарды кыжалат кылып койбойлу деп, алардын ар бирине боорукердик менен камкордук жасоого аракеттенебиз. Керек болсо ар биринин мүнөзүн билип алып, ошого жараша мамиле кылабыз. Кызматкерлер муну жакшы билишет. Мекемеде алар үчүн иштеген атайын бейтапкана бар. Жараны таңуу, укалоо, процедура, дезинфекциялоочу, тиш дарылоо кабинеттери кызмат көрсөтөт.

– Эгер операция жасоого туура келсе кантесиздер?

– Катуу ооруп калгандарды, операция жасала турган оорулууларды өзүбүздүн жолдомо менен Кант шаарындагы ооруканага алып барабыз. Дарыланууга, операция жасоого биздин оорулуулар акча төлөшпөйт, булардын баары акысыз болот. Жеңил-желпи оорулар  үчүн  өзүбүздө  дары-дармектер бар.

– Мекемеңиздерде канча тургун бар жана аларды канча кызматкер тейлейт?

– Бизде азыр бардыгы болуп 328 адам бар. Аларды жалпысынан 232 адам карап багып, ар кандай иштерди аткарып турушат. 3 врач-терапевт, 3 нөөмөтчү медайым карап, 21 жардамчы жууп-тазалоо иштерин күн сайын 24 саат бою жүргүзүшөт.

– Күнүмдүк тамак-ашына, дары-дармекке мамлекет тарабынан канча акча бөлүнгөн?

– Ар бир адамдын күнүмдүк тамагына 100, дары-дармегине 12 сом 50 тыйын ажыратылган. Эгер туура, үнөмдүү пайдаланса, баарына жетет. Мен муну ушул мекемени көп жылдан бери башкарган жана баарын байкап билген адам катары айтып жатам. Ушуга да шүгүр кылыш керек.

– Канча улуттун өкүлдөрү турушат мекемеңиздерде?

– Бизде он улуттун өкүлдөрү бар. Тилекке каршы, кийинки учурларда өзүбүздүн кыргыздарыбыздын саны көбөйүп баратат. Бул өтө терең ойлондура турган көрүнүш.

Өздүк көмөкчү чарбаны уюштуруу, кошумча продукцияларды өз күчүңүздөр менен өндүрүү жагы тууралуу эмнелерди айта аласыз?

– Техникалык ж.б. каражаттардын жетишсиздигинен  улам  өткөн  жылга  чей-ин бул иштерди колго алууга шарт болгон эмес. Азыркы Президентибиз С.Жээнбеков Премьер-министр  кезинде  кудай  жалгап биздин мекемебизге атайын келип, ал-абалыбызды сурап билгенден кийин, мамлекеттен 15 миллион сом бөлүнүп берилди.

Бул акчага “МТЗ–82” маркасындагы чиркегичи да бар трактор, Спринтер кичи автобусун, эскирип бүткөн эмеректердин ордуна жаңыларын сатып алдык. Жашылча өстүрө турган жылуукана курдук, 3 гектар жерге алманын көчөттөрүн отургуздук, алма багыбыз азыр 4 гектарга жетти. Буюрса, үч-төрт жылдан кийин мекемеге кошумча киреше бере турган алманын түшүмүн ала баштайбыз. Кыскасы, ошол акчанын шарапаты менен көптөгөн муктаждыктарыбызды чечип алдык. Нан бышыруучу навайканабыз, кир жууй турган жана ванналуу корпустарыбыз үзгүлтүксүз иштейт.

Маектешкен Мирзохалим КАРИМОВ, Журналист