Бүчүр бойдон соолуган өмүр…

Жазып алган Анара АРЗЫБАЙ кызы


Өткөн жумада редакциябызга Замира Жумакадырова аттуу апа келиптир. Көкүрөгү толо күйүт, көзүндө толо жаш. Көрсө, небересинен айрылып, кан жутуп турган учуру экен. “Азим – жанда жок жароокер, ак көңүл, элпек, кичи пейил болчу. Ал жаш болсо да улууга урмат, кичүүгө ызаат көрсөткөндү билчү. Эч кимге катуу айтчу эмес. Ар качан жаркылдап күлүп, шайдоот жүрчү…”,-дейт Замира апа небереси тууралуу сөзүн баштап.

Айтымына караганда үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында Азим Нурлан уулу студенттик кабыл алууга катышып, андан соң “Көк-Жар” кичи районунда жайгашкан “Мэнь-Шэнь” аттуу клубга концерт көргөнү барган. Себеби, ал жерге казактын Азим жактырган артисттери келип ырдамак. Бейчеки баспаган бала ал күнү ата-энесинен уруксат алып, кечирээк келерин эскертип кеткен экен. Тилекке каршы, концерт учурунда балдардын ортосунда пикир-келишпестик орноп, мушташа кетишкен. Азим алган жаракатынан улам, ошол бойдон үйүнө кайтпай калган. Эң өкүнүчтүүсү анын 17 жашта гана болгону.

“Чырдын эмнеден чыкканын айтпай жатышат. Угушума караганда концерт башталардан мурда неберем: “Фин. тех. баарынан мыкты!”, – деп ураан кылып кыйкырыптыр. Чамасы башка окуу жайдын балдары: “Биз мыктыбыз”, – деп чыгышкан окшойт. Ортодогу от ошондон тутандыбы, же башкаданбы ким билсин? Айтор, концерттик залдан сыртты көздөй чыгып, тепкичтен түшүп бараткандагы уруштары аталган клубдун камерасына түшүп калыптыр. Видеону көрсөк, Азимди бейтааныш эки жигит аркы-терки койгулап, муунтушуптур. Бир кезде тепкичке башы менен кулап, эсин жоготкон экен. Байкуш неберем ошол бойдон көзүн ачпай түбөлүк уйкуга кете бербедиби”, – деп каңыры түтөгөн таэне “Мэнь-Шэнь” клубунун күзөтчүлөрүнө нааразы. “Алар эмнени карап жатышты. Эмне үчүн өз милдеттерин так аткарбайт. Балдарды убагында арачалап, милиция чакыртышса болот эле го”, – дейт Замира Жумакадырова.

“Ушундан көрө колу-буту сынып калса, дарылатып ооруканада жүрбөйт белек.  Азимдин  жүрөгү  токтоп  калганын түнкү  саат  3тө  уккам.  Ошондон  бери күндө  3тө  ойгонуп  уктай  албай  убарамын. Кызым Азада менен күйөө балам Нурландын азыркы акыбалын айтпай эле коеюн. Уулу экөөнө тең жакын эле. Эшикке чыгып атасына кол болсо, үйгө кирип апасына жардам берчү. Өзүнөн улуу эжеси турмушка чыгып кеткендиктен, апасын аяп, үйүн жыйнап, тамак жасап, кичинекей инисин багышчу. Үй жумуштарына да, окуусуна да жетишер эле. Активист, уюштургуч бала болчу. Баарыбыздын көңүлүбүздү алып, тамашалап күлдүрүп, жайдары жүрчү. Мени: “Таэнешка”, – деп айтып эркелечү”, – дейт Замира апа.

Азимге мектептен сабак берген мугалимдердин айтуусу боюнча, ал мектепти да абдан жакшы окуган. 9-классты аяктагандан кийин Финансылык техникумга  тапшырган.  “11-класска  чейин  биздин мектепте окуй берсе балким, мындай окуя болбойт эле”, – дешет эже-агайлары.

Ал эми Финансылык техникумдун мугалимдери,  студенттери  Азимди  эскерип, анын ар дайым алдыга умтулуп, келечекке оптимисттик көз караш менен кадам  таштап  келгенин  айтып  арман кылышат.

“Неберем  келечекте  мыкты  финансист  болмок.  Алдыга  койгон  ой-максаттары  көп  болчу.  Чет  өлкөлөрдү кыдырмак. “Билимимди чет өлкөдөн улантам. Кыргызстанда жок жаңылыктарын алам, бизге келип жайылтам, жаштарга үйрөтөм”, – дечү. Эми анын баары Азимжандын ишке ашпаган аруу тилеги бойдон калды”, – дейт апа көзүнүн жашын аарчый.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *