18 жаштагы баланы сүзүп, ага жардам көрсөтпөстөн качып кеткен

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда айдоочу 18 жаштагы баланы сүзүп, ага жардам көрсөтпөстөн качып кеткен. Бул тууралуу Чүй облусунун автоинспекция кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 3-декабрда болжол менен саат 2,20 чамаларында, Красная Речка айылынын тушунан  «Мерседес лупарь» үлгүсүндөгү автоунаа жолдун четинде өзүнүн бузулуп калган унаасын түртүп жаткан Кегети айылынын тургуну, 2000-жылкы баланы сүзүп, качып кеткен.

Натыйжада бала ооруканага жетпей тез жардамда каза болгон.

4-декабрь күнү милиция кызматкерлери Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү автоунааны башкарган айдоочуну кармашкан. Буга кагылышуу учурунда туманга каршы фарасы окуя болгон жерге түшүп калганы жардам берген.

Айдоочунун өздүгү такталып, ал Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылынын 1955-жылы туулган О.А. атуу тургун болгон. Учурда баардык материалдар Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө тергөөгө өткөрүлүп берилген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *