Улуттук адабиятты маданият министрлигинен бөлүп, Мамлекеттик тил комиссиясына берсек кантет?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кыргыз маданий коомчулугуна кайрылып:»Жалпы маданият тармагында көйгөйлөр жок эмес, аларды жоюу үчүн болгон күч-аракетимди жумшайм. Бүгүнкү күндө министрликке келген жарандардын 90 пайызы наам, сыйлык алуу маселеси менен келип жатышат. Муну токтотуу керек. Жалпы жарандык коомчулуктан мага сыйлык сурап эмес, жаңы идея менен келүүңөрдү суранам. Аткарыла турган иштердин маанилүүлүгүн эске алып, мага арка-бел болууга чакырам», – деди.

Маданият ишмерлери Маданият министрлигинен сыйлык сурап баргыдай, маданият тармагында акыркы 27 жылда эмне иш жасалды? Айталы, ошол эле каржылык оор жылдарда мамлекет тарабынан үзгүлтүксүз каржыланып келаткан Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Кыргыз улуттук опера жана балет театры, Орус драма театрынын репертуарлары жаңыландыбы? Көрүүчүлөрдү “бах” дедирткен бир көркөм туунду жаратыштыбы?!!

Албетте, жаратышкан жок. Баягы эле эски репертуарлары менен калды. Бирин-экин жаңы спектакль койсо койгон чыгар, бирок анысы деле көрөрмандарды чогулта албаганын моюнга алууга тийишпиз. Антип, жаңы спектаклдер коюлбаган соң, далай артисттердин таланты ачылбай, мындан 27 жыл мурда өнөр дүйнөсүнө келген артисттердин көбүнүн жашы өтүп кетти. Эгер, маданият тармагына союз убагындай көңүл бөлүнгөндө, мүмкүн, М.Рыскулов, Б.Бейшеналиева, Д.Күйүкова, Б.Кыдыкеева, А.Токомбаева, Ч.Базарбаев, С.Жумадылов, С.Чокморов ж.б. деңгээлиндеги далай таланттар чыкмак. Же дагы да тагыраак айтканда далай өнөр адамдарынын талант кырлары ачылмак. Бул чындыгында, улуттук трагедия. Талкаланган завод-фабрикаларды кайра ордуна койсо болот, бирок өнөр адамдарынын жаш курагы өтүп кеткен соң, улам карылыкка жакындаганда чыгармачылык эргүү, дымак жоголот, күч да кетет.

Эгер, бир кылым мурдагы тарыхыбызга  кайрылсак,  өткөн  кылымдын  башында, Октябрь революциясынан кийин, совет мамлекетин куруунун алгачкы жылдарында, азыркыдан кыйын мезгилде, кыргыз искусствосу аябай өнүккөн. Ж.Бөкөнбаевдин “Алтын  кыз”  драмасы,  Ж.Бөкөнбаев, Ж.Турусбеков, К.Маликовдун “Айчүрөк” либреттосу, Ж.Турусбековдун “Ажал ордунасы” ошол мезгилдин сахнасынан түшпөгөн чыгармалар болгон. Бул чыгармаларды музыкалаштырган А.Малдыбаев кыргыздын улуттук тунгуч композитору катары таанылган. Бир сөз менен айтканда, ошол жылдардын жыйынтыгы болгон 1939-жылы Москвада өткөн декада анын айкын көрсөткүчү десек болот. Ал убактагы залкар таланттардын эскерүүлөрүнө караганда, алар арабага түшүп алып, айыл кыдырып концерт коюп, айыл элинин маданиятын жогорулатууга чоң салым кошушкан экен. Азыр Кыргыз драма театрынын артисттерине “айылдарга барып, спектакль коюп келбейсиңерби” деп айтып көргүлөчү, эмне жооп айтаар экен? Алар айылга барып, оюн койгонду намыс көрүшөт. Кыргыз опера жана балет театрынын артисттери “айыл биздин деңгээлибиз эмес” деп чалкасынан кетерин бөркүбүздөй көрөбүз. Филармониянын жамааты айыл кыдырып концерт койгонго караганда, кафе-ресторан кыдырып ырдаганды артык көрөт. Азыр ырчылар ырчы эмей эле, Ош базарында отурган “коммерсант” болуп алган. Тамадалар да өзүнчө чоң “бизнесмен”, “бизнестин” битин сыгышат. “Жакшылык болуп жатканда, сараңданбаш керек” деп акыл айтып киришет. Бул тойдо деле ошол бата, тиги тойдо деле ошол бата, ошол оюн, майда тамаша, Жараткан берген үн эле болбосо, жаңы эч нерсе жок. Ал эми төкмө ырчылар аш-тойдун ырчысына айланды. Анан уялбай, “Арзымат эшик ырчы болгон экен” деп коюшат, кана кийинки төкмөлөрдүн кимиси акчага ырдабайт, баары ырдайт. А алар жаман көргөн Арзымат — ырчылардын курсагы тогу, мырзасы болгон. Дыйканбай менен тең ата сүйлөгөн.

Маданият министрлигине сыйлык сурап барса, мына ошол Кыргыз улуттук драма театрында, Кыргыз академиялык опера жана балет театрында, Кыргыз улуттук филармониясында иштегендер, кафе-ресторандарга ырдаган “курсагы токтор”, чөнтөктүүлөр сурап барышы мүмкүн. Министр кайрылса, ошолорго кайрылып жатат. А кайрылганында эч айып жок. Себеби, бүгүн кыргыз маданиятында, кыргыз искусствосунда сыйлыктан башка да көйгөйлөр толтура.

Маданият кызматкерлери мамлекетке нааразы боло турган эч нерсе жок. Мамлекет Кыргыз драма театрына да, Кыргыз филарманиясына да, Кыргыз опера жана балет театрына да “улуттук” деген статус берди. Бул дегендик, “мамлекет силерге мурдагыдан да көбүрөөк көңүл бөлөт, иштесеңер да, иштебесеңер да жогорулатылган айлык төлөйт” деген сөз. Ага жооп иретинде маданият кызматкерлери кыргыз искусствосуна эмне салым кошту, эмне жаңы чыгармалар жаратышты, кандай жаңы ысымдар пайда болду, драм театрларга, опера жана балет театрына эл келип жатабы, филармониядагы чыгармачылык абал кандай, ар бир жеке өнөр адамы кыргыз улуттук искусствосуна эмне жаңылык апкелди?

Сыйлык сурагандар сыйлык сурагандан мурда бул маселени ойлонушту болду бекен?

Маданият тармагында маселе көп. Бирок, ал каржы маселеси менен эч байланышы жок. Жаңылбасак, мамлекет тарабынан маданият тармагына бөлүнгөн каражат капкачан эле миллиардан ашкан. Бирок, мамлекетке ыраазы болгон маданият ишмерлерин көрө элекпиз. Качан да болсо, каражат жок деп ооздорун куу чөп менен аарчып отурушат. Бишкекте эле канча театр, канча музей, канча китепкана бар? Дээрлик жети облустун ар биринде өз драма театрлары бар, музейлери бар, ошонун баарын мамлекет каржылабаганда ким каржылап жатат?

Кептин төркүнү аларды каржылашта эле эмес, кеп ошол музей, театрларды маданияттын ыйык очогуна, эл үзүлбөгөн куттуу жайга айлантышта. Облустарды айтпай эле коелу, борбор калаанын театрларына көрүүчүлөр барабы? Барбайт. Музейлерге барабы? Барбайт. Китепканалар да аңгырап бош турат. Маданияттын куттуу очоктору анда иштеген кызматкерлер барбаган жайга айланды. Бул ачуу чындык. Бул маселе эмне үчүн Маданият министрлигинен сыйлык сурап баргандарды ойлондурбайт. Ушул өңүттөн алсак, Маданият министри “сыйлык сурап келбей, идея менен келгиле” деп туура айтат. Эгер, анын ордунда биз болсок, андан да катуураак айтмакпыз.

Маданият  министрлиги  “похоронное бюро” менен “наградной отделге” айланган акыркы 27 жылда кайсы маданият кызматкери маданият үчүн күйүп-бышып, бир идея көтөрүп чыкты. Министр Азамат Жаманкулов азамат экен, бир да маданият министри айта албаган чындыкты көзгө сайып көрсөтүп айтты. Азыр сыйлык ала турган эмес, кыргыз улуттук маданиятын көтөрө турган мезгил. Залкарлар четинен келбес сапарына узап жатат. А алардын ордун баскан-дар азырынча көрүнбөйт. Бул албетте өтө өкүнүчтүү, буга кыстаган турмуш гана эмес, иралды маданият кызматкерлери өздөрү да күнөөлүү.

Эми Маданият министрине өзү сурагандай бир идея. Урматтуу министр, акыркы 27 жылда улуттук адабият унутта калды. А залкарлар болсо, четинен кетип жатат. Мүмкүн, айрымдар адабият Маданият министрлигинин прерогативасы эмеспи дешээр, бирок антели десек, Маданият министрлигинин структурасында жазуучулар менен түздөн-түз иш алып барган бир да түзүм жок, а түзүм болбогон соң, мунун өзү маданият тармагын мамлекет каржылаган каражаттан адабиятка бир да тыйын бөлүнбөйт деген сөз. Маданият министрлигинин структурасында кандай гана түзүмдөр жок: маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгы, кайра эле маданият, искусство жана кесипкөй билимди өнүктүрүү башкармалыгы ж.б.ж.б. маданиятка эч кандай тиешеси жок бөлүмдөр бар, асти адабият эскерилбейт, сөз да болбойт. Туризм, кинематография, маалымат жана массалык коммуникация департаменттери жана алардын жетекчилери, министрдин орунбасары рангындагы коргоочулары бар. А адабият унутта калган. Министрлик өзү адабиятты унутуп калган, анан ким эстейт. Департаменттери бар экен, жыл сайын туризмге, кинематографияга, маалымат жана массалык коммуникацияга олчойгон бюджеттик каражаттар бөлүнөт. Адабиятка болсо, эч нерсе. Ушундан улам, суроо жаралат, Маданият министрлигинин “маданияты” барбы. Кинематографисттер департаменти министрликтен бир кино тартканга эле 75 миллион бөлдүрүп алып жүрөт. Адабият болсо ачка отурат. Ушул адилеттүүлүкпү? Албетте, мында идея сураган Маданият министри А.Жаманкуловдун эч күнөөсү жок. Күнөө буга чейин министр болгондордо.

Ушундан улам, бир идея келет, Айтматовдой залкар таланттарды берген улуттук адабиятты минтип кордогондон көрө, адабиятты маданияттан бөлүп, Мамлекеттик тил комиссиясына кошсок кантет. Чынында, тил менен адабият ажырагыс эмеспи. Ошондо, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана улуттук адабият комиссиясы болуп, макамы жогоруламак. Ушундай болгондо, улуттук адабиятка жок дегенде элге берген куруттан акын-жазуучуларга да берилип калабы деген ой, Азамат мырза!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *