Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына учуп барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн учуп келди.

7-декабрда Мамлекет башчысы Москва шаарына иш сапары менен барып, улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышат.

Президентти коштоп кеткен расмий делегация:

-Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;

-КРнын вице-премьер-министри Жеиш Разаков;

-Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев;

-КР экономика министри Олег Панкратов;

-КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров;

-КРнын РФдагы элчиси Болот Отунбаев;

-КР өкмөтүнүн ЕАЭБдеги иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *