Улуттук госпиталдын башчысы унутта калдыбы?

Ушул жылдын башында Саламаттыкты сактоо министрлиги бир катар чыр-чатактардын бутасына алынып, Жогорку Кеңеш тарабынан аларды иликтөө боюнча жумушчу топ, комиссиялар түзүлгөн. Бул тармактагы кемчиликтер менен чекиликтерди таап чыккан депутаттык комиссиянын жыйынтыгы менен ошол кездеги министр Талантбек Батыралиев кызматынан кол жууган. Ошол эле комиссия жалпы эле саламаттыкты сактоо тармагындагы кемчиликтерди санап келип, Улуттук госпиталь боюнча дагы бир канча фактыларды жалпыга жар салган. Бирок жалпы жоопкерчиликти министр Батыралиев жалгыз өзү тартып, калган жетекчилер суудан кургак чыкканын бүгүн эскертип койгонубуз туура болчудай. Болбосо депутаттар дей берет, алардын комиссиялары текшергени түккө арзыбайт дегендей кеп жаралышы мүмкүн. Ушул жылдын апрель айында КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо боюнча” мыйзамдын аткарылышын текшерүү боюнча Жогорку Кеңештин атайын жумушчу тобунун иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы чыккан. Андагы бир нече барактан турган Улуттук госпиталга арналган бөлүгүн кыскартуулар менен жарыялоону эп көрдүк. Себеби депутаттар таап чыккан кемчиликтерге жол берген Улуттук госпиталдын жетекчиси Динара Сагынбаева дагы деле өз кызматында. Бул бейтапканага негизинен республикабыздын аймактарынан келген капчыгы жука калк кайрылат. Ал жактагы кызмат көрсөтүүнүн абалы айтпасак деле белгилүү го.

Жеке менчик лабораторияга ыктаганы боюнча…

2017-жылдын 15-декабрында  Улуттук  госпиталдын жетекчиси Динара Сагынбаева-нын “Жеке менчик лабораторияны тандоо боюнча 9 адамдан турган комиссия түзүү тууралуу” № 117 буйругу чыккан. Улуттук госпиталдын карамагында мамлекеттик лабораториялар бар. Бирок ал жактагы жабдыктардын эскилиги жетип, изилдөө иштери толук жасалбайт. Ошентип аталган комиссия 2017-жылдын 27-декабрында жалпы элге “Бонецкийдин лабораториясы” деген ат менен белгилүү болгон “Интелмед” ишканасын тандап алган. 2018-жылдын 19-февралында Улуттук госпиталдын бейтаптарын коммерциялык баалар менен акы төлөнүүчү медициналык  кызматтарды,  диагностикалык,  лабораториялык изилдөөлөрдү өткөрүү боюнча №1-18 келишими түзүлгөн. Ошондой эле келишим боюнча:

– Улуттук госпиталь өзүнүн борбордук лабораториясынан “Интелмеддин” кызматкерлери үчүн ижара акысы жок кабинеттерди берген.

– Диагностикалык лабораториялык изилдөөлөр үчүн өз бейтаптарын дал ушул “Интелмедге” жөнөтүп туруу милдетин алган.

–  Биологиялык  материалдарды чогултуу иши Улуттук госпиталдын  кызматкерлерине  жүктөлгөн. (Лабораториялык  изилдөөлөрдүн калькуляциясында  биоматериалдарды  чогултууга  өзүнчө  акы төлөө  каралган)  Улуттук  госпиталдын  кызматкерлери  тарабынан баардык бөлүмдөрдөн чогулган био-материалдар борбордук лабораторияга жыйналып, ал жактан “Интелмеддин” кызматкерлери алып кетишет. Ал эми акчаны бейтаптар жеке менчик “Бонецикийдин лабораториясынын” кассасына төгүшөт. Бул жерде мамлекеттик кызматкерлерди жеке менчик  лабораториянын  пайдасы үчүн иштеткени аз келгенсип, бекер же жеңилдиктер менен дарыланууга акысы бар жарандарыбыздын конституциялык укугу тебелендиде калган. Кыргызстандын бардык жарандары ФОМСта камсыздандырылган. Анда чогулган каражаттар бардык бейтапканаларга медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн таратылат, демек, бейтаптар бекер дарыланышы керек. Бирок Улуттук госпиталь келишимдин 4.1-пункту менен элден кайрадан акы төлөттүрүп алууда. Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги дагы Улуттук госпиталдагы бул ыкманы мыйзам бузуу деп баалаган. “Бонецкийдин лабораториясы” Бишкектин чок ортосунда  бекер,  жылуу  орунду  ээлеп отурганы аз келгенсип, элди тартууга, жарнама жасоого эч кандай каражат коротпостон өтө көп өлчөмдөгү буйрутмаларга эгедер болууда. Госпиталь элге тандоо мүмкүнчүлүгүн бербестен дал ушул лабораторияга жөнөтүп жатканы коррупциялык көрүнүштөргө жол бериши мүмкүн.

Тендердеги теңсиздик боюнча…

2017-жылы июлда Улуттук госпиталга “Буу стерилизатор” аппаратын сатып алуу иши башталган. Ага ОМС тарабынан 6 миллион 900 миң сом бөлүнгөн. Сынакка катышкан эки компаниянын бири “Фарватер” ЖЧКсы 4 миллион 400 миң сом сунуштаса, “Лидер Медикал” ЖЧКсы 6 миллион 894 миң сом сунуштаган. Ортодогу 2,5 миллион сомдук ири айырмага карабастан башкы врач Динара Сагынбаева 2017-жылдын 3-июнунда “Лидер Медикал” менен келишим түзгөн. Тендердин негизги максаты талапкерлердин азыраак акча сунуштаганына көңүл бурулат эмеспи. Кымбат баасы менен утуп чыккан ишканага аппаратты 3 айдын ичинде орнотуп берүү милдети жүктөлсө дагы де-путаттык комиссия иликтөө жүргүзгөн 2018-жылдын апрель айына чейин, арадан дээрлик 9 ай өтсө дагы аппарат орнотула элек болчу. Азыр жабдык ишке кирдиби же жокпу ал жагына дагы өзүнчө иликтөө жүргүзсөк болчудай.

Нан сатып алуудагы нааразычылыктар

2016-жылы  Улуттук  госпиталь  тамак-аш  сатып алуу боюнча тендер жарыялап, Кененбаева Н.У дегендин ишканасы жеңип чыгат. 2016-жылы 5-октябрда келишим түзүлүп, 1-сорттогу ундан жасалган нан 18,85 сомдон 2-сорттогу ундан жасалган нан 17,85 сомдон деп жалпы суммасы 367 миң сомго келишим түзүлөт. Бирок көп өтпөй Кененбаева Улуттук госпиталга кайрылып, наабайканам иштебей калды, жабылып калдык деп келишимди бузушат. Ошол кайрылууну негиз кылып, 2016-жылы 19-декабрда Лишенко аттуу жаран менен түз келишим аркылуу 1 жана 2-сорттогу ун менен жасалган нанды такыр башка баага баалаган.

1-сорттогу  ундан  жасалган  нан 22,60 сомдон 2-сорттогу ундан жасалган нан 21,20 сомдон жалпы баасы 145700,70 сомго келишим түзүлгөн. Ортодо канча чыгым болгонун эсептей бериңиз. Баса, мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын негизинде орто жолдон ойт берген Кененбаеваны кара тизмеге киргизүү тууралуу Улуттук госпиталдан эч кандай демилге көтөрүлгөн эмес.

Кадр саясатындагы катачылыктар

Депутаттык  комиссиянын жыйынтыгында Улуттук госпиталдын  №1  көз  микрохирургия бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаеванын кызматтан кетирилиши дагы мыйзамсыз болгону жазылган. (Аталган айым гезитибиздин өткөн санында өлкө башчысына кайрылуу катын жарыялап, мыйзамсыз иштен алынгандыгы боюнча 3 инстанциядагы соттон утуп чыкканын, ошого карабастан башкы врач тарабынан куугунтук токтобостон, кайрадан кызматтан алууга аракет көрүлүп жатканын айтып арызданган. Окуянын чоо-жайы толугу менен гезиттин 27-ноябрда чыккан №90 санында).

Ошондой эле башкы врач Динара Сагынбаева тарабынан госпиталдын Жаак сөөгү жана бет хирургия бөлүмүнүн башчысы А.С.Кулназаров, ошол эле бөлүмдүн врачы А.С. Алымбаева кызматтан алынып, бирок алар бул чечимге макул болбой Биринчи май райондук сотуна кайрылып, жумуш ордуларын калыбына келтирүү, аргасыз бош жүргөн убактыларындагы 99201,9 сом айлык акысын кошо төлөп берүү талабын коюшкан. Сот алардын өтүнүчүн канааттандырган. Кийин башкы врачтын орун басары Т.Арстанкуловдун колу менен эки врач тең мыйзамсыз иштен алынганын мойнуна алып, кайрадан кызматтарын калыбына келтиришкен. 4-октябрь 2017-жылы №215 төлөм тапшырмасы менен аргасыз ишсиз жүргөн Кулназаровго 67 743 сом, Алымбаевага 31458 сом төлөп беришкен. Мыйзамсыз жумуштан алынган эки кызматкер моралдык жактан кыйналганы аз келгенсип, алардын аргасыз бош жүргөндөгү айлыктарын төлөп берген мамлекет 99 200 сомго зыянга учураган.

Бул маалыматтын баары депутаттык комиссиянын жыйынтыгы.

Баса, Динара Сагынбаеванын бир бейтапкананы эмес, үтүндөй министрликти башкарып тургандагы айрым иштери али күнчө айтылып бүтө элек. Айтылуу Азиз Батукаевге берилген “аз күндө өлөт, абалы өтө начар” деген медициналык аныктамасы, 2014-жылы Кызыл-Жардагы жиндиканадан ээн-эркин чыгып, Боом капчыгайы нан МАИ кызматкерлерин атып өлтүргөн Заур Магомедов жана башка окуялар дал ушул Динара Сагынбаева министр болуп турган кезине туура келет.

Быйыл “Германия жана Швейцариядан чыгарылуучу Рекармон соода маркасы аркылуу таанымал эритропоэтин – бетта препараты менен Индиядан чыгарылган Репоитин деп аталган эритропоэтин-альфа препаратынын дарылык касиети бирдей, бирөөнө артыкчылык берилбеши керек” деген Саламаттыкты сактоо министрлигинин эксперттик комиссиясынын тастыктамасы чыгыптыр. Ал эми Рекармонго артыкчылык берилген буйрук 2012-жылы 6-апрелде чыгарылган экен.

Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин маалыматы боюнча 2018-жылга чейин жогорудагы дарыдан 40 миң таңгак ташылып келинген. Бир бейтаптын бир курстук дозасына кеткен бир жылдык баасын эсептегендер ортодогу айырмачылык 21 000 сом экендигин айтышууда.

Эрнис БАЛБАКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *