Транспорт жана жолдор министринин орун басары 50 миң долларпара менен кармалды

Транспорт жана жолдор министринин Ж.А. аттуу орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды.  Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал акча “Кошмо жол БААЭК 1 жана 2-коридорун, Эпкин-Дыйкан тилкеси (Башкууганды, (89,5 км – 159,2 км)” долбоору боюнча жол курулуш жана калыбына келтирүү жумуштарын аткаруу боюнча тендерди оң жагына чечип берүү үчүн берилген. Министрдин орун басары тендердик комиссияда төрагалык кылгандыктан чет элдик компаниянын таламын талашмак.

Белгилей кетсек, чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо 520 миң долларга бааланган. Ал мурдараак ошол каражаттын 120 миң долларын ортомчулук кылган туугандарынан алган. Акчанын калган бөлүгүн кийинки жумаларда алмак болгон.

Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө жүрүүдө.

Кармалган адам транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев болушу мүмкүндүгү айтылууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *