Шералы Жураев – достуктун жана тынчтыктын жарчысы

Ырчы, композитор, музыкант, акын, актер жана мамлекеттик ишмер, Өзбек Республикасынын эл артисти Шерали Жураевдин сейрек таланты элибиздин музыка сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн небак орун тапкан. Шерали Жураевдин композитордук талантына өз убагында СССРдин Эл артисти, улуу композиторубуз, маркум Калый Молдобасанов да кесиптештик баасын берген экен. Музыка искусствосу чек араны тандабайт. Шерали Жураев дүйнө классиктеринин, өзбек элинин улуттук ырларын, өзүнүн чыгармаларын не бир мукам авазга салып ырдаганы менен миллиондогон жүрөктөрдү багындырып келе жаткан талант. Бир тууган кошуна өзбек элинин көп кырдуу көркөм өнөргө ээ залкар уулу Жураевдин Кыргызстандын элине өзгөчө мээрим жана урмат менен мамиле кыларын билебиз. Ал өлкөбүздүн башына оор күндөр түшкөндө, кыргыз жана өзбек агайын-туугандарды биримдикке, ынтымакка чакырган канаттуу ыр саптарды чыгарып, эки элдин бир туугандык сезимдерин ширетүүчү милдетин аткарган зор инсан. Ал кыргыз обончуларынын ырларын да жогорку чеберчиликте аткарганы эстен кетпейт. Жакында Шералы Жураевге “Тажикстандын Эл артисти” деген жогорку наамдын берилиши кыргыз журтчулугун дагы бир кубандырып алды!

Кумирин сагынбаган эл болбойт

Жарым кылымдык мезгил-ден бери Шералы Жураевдин ырлары эл оозунан түшпөй ырдалып келе жатат. Аны бир гана Өзбекстан жергесинде эмес, бүткүл түрк тилдүү мамлекеттерде жана өзбектер жашаган башка мамлекеттерде да тааныбаган, ырларын укпаган адам жок болсо керек. Ушундай таланттуу, атагы кылымдарды карыта турган инсан менен бир доордо жашап, анын жетишкендиктерине күбө болуу, замандаштарына бакыт жана ырахат тартуулары бышык. Мурда Шералы Жураевдин ырлары магнитофондук ленталарга жазылып келсе, азыр аудио-видео клиптери дискке, уюлдук телефондорго жазылып жатат.

Бүгүнкү күндө сүйүктүү ырчысынын гастролун кыргыздар күтүп жаткан чагы… Анткени, кумирин сагынбаган эл болбойт.

Шералы Жураев дүйнөнү ыр менен алды!

Ырларынын  көптүгү  жа-гынан Шералы Жураевге тең келе турган ырчы жок болсо керек. Себеби, анын ырдаган ырлары миңден ашып кетти. Ал жалаң эле өзбек тилинде эмес түрк, казак, азербайжан, кыргыз, тажик, орус, араб, фарси жана башка тилдерде ырдап, ошол элдер өз ара мамиле түзүп, таттуу жашашына чоң салым кошуп келе жатат. Шералы Жураев Өзбекстан Республикасынын Эл артисти, Алишер Навои атындагы  сыйлыктын  ээси.  Анын  ырдаган ырлары тез эле элге тарап,хит болуп эле калбастан, ар кайсы темада“гимнге” айланта алды. Мисалы: “Биринчи махабатым” деген ыры ”Махабат гимни” болуп калды, эгерде ыры энелерге арналса “Энелер гимни”, балдарга арнаса “Балдар гимни” болуп калууда.

Залкар акын Абдулла Орипов: “Мен Өзбекстанды эмне үчүн сүйөм” деген ырында “Тимурдун кылычы жетпеген жерлерди Алишер калеми менен алды”деп айткан эле. Абдулла Ориповдун ырын пайдаланып, Шералы Жураев жөнүндө, “Аалам элдеринин алкышын Шералы ыры менен алды” деп айткым келип турат. Шералы Жураев өзбек ыр дүйнөсүнө жаңы жолду — Шералы Жураевдин жолун негиздеди. Анткени анын ырлары мазмундуулугу менен башка-лардыкынан айырмаланып турат. Дүйнөнүн  көптөгөн  мамлекеттеринде жашаган өзбек элинин урпактары, элүү жылдан бери Шералы Жураевдин ырларын угуп, андан таалим алып келе жатышат. Бул келечекте да улана беришине эч кандай күмөн жок. Ошондуктан миңдеген ырчылар, кайсы өлкөдө жашашпасын, Шералы Жураевди өздөрүнүн устаты катары көрүшөт.

1961-жылдын 12-апрели адамзат үчүн космоско Юрий Гагарин учкан күн катары тарыхта калды. Дал ушул күндү миллиондогон эл Шералы Жураевдин туулган күнү катары белгилешет. Аны мурда 1947-жылы алма гүлдөгөндө туулган деп келишкен, анткени туулган күнү, жылы так эмес эле. Шералы Жураевдин адамдын космоско биринчи жолу учкан күнүн өзүнүн туулган  күнү  катары  белгилеши, башка ырчылар жете албаган бийик тикке жетишине өз жардамын тийгизгенби деп ойлойм…

Залкар ырчы өмүрүндө дал ошол 12-апрель күнү көптөгөн жакшылыктар болгонун мындайча айтып берген эле. Жаш кезинде Гагариндей болууну каалап спорт менен машыкканын,1960-жылдары велосипед менен жарышка түшүп райондун  иринчилигин  жеңип  алганын, Аллахтын каалоосу менен 12-апрель күнү ал Өзбекстандын өкмөтүнүн делегациясы менен Сауд Арабиясына барып, Макка Мукаррамада “Масжид ал-Харам”дагы Каабанын ичине кирип зыярат кылып чыкканын, ошол ар бир өзгөчө кубанычка бөлөнгөн күндөрү 12-апрелге туура келгенин кубануу менен айткан.

Ошондуктан Жараткандын жардамы менен ушул күн анын руханий кайрадан туулган күнү болуп калды десек ашыкча болбос.

Жогоруда айтып өткөндөй жыл сайын 12-апрель күнү, Шералы Жураевдин үйүнө окумуштуулар, жазуучулар, композиторлор, ырчылар жана достору келишип, музыка кечесин өткөрүү адатка айланган. Туулган күнүнө келгендердин куттуктоо сөздөрүнөн кийин, анын уулдары Шохжахон жана Зохиршох Жураевдердин  аткаруусунда  видеоклиптерди, лирикалык ырларды “Шер” студиясы жазып алып, меймандарга тартуу кылат. Шералы Жураев жана анын уулдарынын видеоклиптери миллиондогон элдерге көрсөтүлүп, интернет тармактарында кеңири жайгаштырылган. Шералы Жураевдин Жалолидин Румий жана Алишер Навоиге арналган ырларын эл жыл сайын чыдамсыздык менен күтүшөт. Бул ырлар менен Шералы Жураев “Сүйүүнүн жети жылоосу” деген программада Румийдин баа жеткис эмгектерин адамдарга тартуулап, Румий ааламына жол ачып берди. Биздей элге көп жылдардан бери жеткизе албай жүргөн маалыматты Шералы Жураев бир эле музыкалык кечеси  менен  жеткизип,  хазрат Румийдин чыгармачылыгына за-мандаштарынын кызыгуусун ойготту. Замандаштарыбыз“Султонул орифийн”  менен  зикр  кылынуучу  хазрат  Жалолидин  Румий жөнүндөгү маалыматты жана китептерди издеп таап, изилдеп окууга киришишти.

Кыргыз жана өзбек элдеринин достугунун ырчысы Шералы Жураев  Кыргызстандадда  жашаган кыргыз, өзбек, тажик жана башка элдер менен достук мамиледе болгондуктан, алардын үрп-адаттарын жакшы билет. Негизи өзү Ош жергесинен  болгон,  ХХ  кылымдагы өзбек жазуучусу, маркум Шавкат Рахмондун 50 жылдык мааракесине келгенде Кыргызстан жөнүндө чын жүрөгүнөн жакшы сөздөрдү айтып берген эле. Ырчынын атасы Журабай ата бай адам болуптур. Шералы Жураев жаш кезинде Алайга барып, чабан агасына жардам берчү экен. Андыктан, кыргыз элинин меймандостугун, салтын,тарыхын мыкты билген адам катары Кыргызстанды, кыргыз элин сагынарын, сыйлаарын ар бир жерде айтып жүрөт.

Шералы  Жураев  “Тумарым”, “Адамдын аты” жана башка бир нече кыргыз ырларын жаңыча жазып ырдап чыккан. Ош жергеси тууралуу ырлар анын репертуарынан түшкөн эмес. “Сен кеттиң аста-аста”, “Энени сыйла”, “Чач эмес бул”, “Ош тоосунан” сыяктуу ажайып ырларга музыка жазып ырдаган жана алар миллиондогон элдин жүрөгүнөн не-бак орун тапкан.

Шералы Жураевдин айтымына караганда 7 деген сан сыйкырлуу жана кандайдыр бир сырга ээ. Мисалы: күндүн нуру 7 түскө ээ, нота дагы 7 нотадан турат. Жети түстү бири-бири менен аралаштырса миллиондогон жаңы түстөр келип чыгат, жети нотаны да бири-бирине кошуп  күү  жаратса  сан  жеткис музыкалар пайда болоорун угуп, бул да Алланын кудуретинин бир көрүнүшү деп билебиз. Дал ушул сыңары Аллахым адамдарды түрдүү улуттарга бөлүп жараткан. Адамдар акылга салып бири-бири менен таттуу мамиледе жашашса берекеге жетишээрине ишарат бар деп эсеп-тейт Шералы Жураев.

Кыргызстанда  уюштурулган концерттеринде Шералы Жураев ар дайым достук, тууганчылык жана адамгерчилик жөнүндө ырдап жүрөт. Бардык элдер бир ата, бир энеден таркаган бир тууган экенибизди, түрк тилдүү элдердин тарыхы жана келечеги бир болгондугу тууралуу эки тилде ырдагандан чарчабайт. 2010-жылы Кыргызстанда болгон окуяны да туура түшүнүп, эки элдин тең жабыр тартканына ичи ачышып, окуянын анык себептерин билип, уюштуруучулар ким экендигин аныктаган соң “Ойло балам” деген ырын жазып, кыргыз жана өзбек элине тартуу кылды. Бул окуяны үчүнчү бир күчтөр уюштурганын, эки элдин ортосуна от жага турган күчтөр бар экендигин айтып кыргыз, өзбек элинен чагымчылардын оюнунан этиет болууну, тышкы күчтөрдүн ушактарына ишенбөөнү суранды. Улуу акын-композитор менен болгон ошол жолугушууда отурган эл анын саптарында не деген терең ой жаткандыгына ынанышып, коё бербей кол чаап туруп алышкан.

Ал достукка жана тынчтыкка арналган көптөгөн ырларын жазып, ырдайт. Кыргыз жана өзбек элдеринин ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө көп жылдар бою чоң салымын кошуп, анын ошол иштери жаштарга үлгү болууда.

Баса, 2018-жылдын март айында  Өзбекстан  менен  Тажикстан өлкөлөрүнүн тарыхында кала  турган  зор  окуя  болду.  Анда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Эмомали Рахмондун  чакыруусу  менен  Душанбе шаарына расмий иш сапарга барган. Эки лидердин жолугушуусу, “Достук кечеси” аттуу салтанаттуу концерт менен коштолду. Ал жерде Өзбекстандын Шерали Жураев баштаган Ф.Закиров, О.Назарбеков сыяктуу атактуу ырчылары ырдаган болчу. Бирок, Шерали Жураевдин “Заман биздики” деген музыкалык композицияны өзбек жана тажик тилдеринде жүрөккө жеткире аткарышы  залды  ырахатка  бөлөп турду. Эртеси ал чыгарма Жураевди кумир туткан көптөгөн музыка сүйүүчүлөрдүн чөнтөк телефону-на жазылып жатты… Мына ушул сыяктуу  маданий  ыр  кечелер, кыргыз жана өзбек элдеринин искусство  ишмерлеринин  жолугушуулары Бишкекте дагы уюштурулса  деген  ишеним  билдиргим келет.

Бегижан АХМЕДОВ, Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *