Кыргызстан менен Ирандын парламент төрагалары жолугушту

Кыргыз Республикасынынын Жогорку Кеӊешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Иран Ислам Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында Иран Ислам Кеӊешинин Межлисинин төрагасы Али Лариджани менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү алакалардын учурдагы абалы жана бул жааттагы байланыштарды келечекте кеӊейтүү маселелери боюнча пикир алышып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу тууралуу баарлашты.

Жолугушууда айрыкча мыйзам чыгаруу органдары эки мамлекеттин өз ара байланыштарын кеӊейтүүгө жана күчтөндүрүүгө чоӊ салым кошору айтылып, тараптар парламенттеги депутаттык достук топторунун ишин жандандыруу зарылчылыгына токтолушту.

Эске салсак, төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация 23-апрелден 27-апрелге чейин Иран мамлекетинде расмий иш сапар менен болот.