Эски телефондон этият болуңуз

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Ысык-Көл облусунун Тоң райондук ооруканасынын хирургиялык бөлүмүнө уюлдук телефондун жарылуусунан улам күйүк алган 2004-жылы туулган Д.Айдин 24-ноябрда саат түнкү он бирлерде жеткирилген. Ал Кажы-Сай айылында жашайт. Ал эми телефон анын чөнтөгүнөн жарылып кеткен.

Д.Айдиндин өзүнүн айтымында, ал ошол окуянын алдында эле апасы менен телефон аркылуу сүйлөшүп, андан кийин уюлдук  телефону  жерге  түшүп  кеткен. «Телефонду жерден алып, сол чөнтөгүмө салганда  ал  жарылып  кетти»,  –  деди ал. Айдин «Nokia X1» үлгүсүндөгү телефонду  колдонуп  жүргөнүнө  бир  ай болгон.

Телефонго  байланыштуу  ушундай окуялар соңку убактарда көп катталууда. Атүгүл 2016-жылы эл аралык авикомпаниялар самолетко телефон алып кирүүгө тыюу салышкан. Телефон заряддап туруучу аккумуляторуна доо кетип калган, же жерге кулаган ж.б. учурларда жарылышы мүмкүн.

Телефон кулаган кезде “чип” деп аталган  нерсе  жарака  кетиши  же  сынышы күтүлөрүн айтышат. Эгерде чип бир аз эле (жерге түшүп, ж.б.) жабыркаса, анда ал аккумуляторду жөнгө салуучу касиеттен ажырайт да, аккумлятор акыры жарылууга туш болуусу турган иш деп белгилешет адистер. Ошондуктан эскирген, жерге кулаган же улам оңдолгон телефондорду колдонуу кооптуу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *