КР Эл акыны Майрамкан АБЫЛКАСЫМОВА: «Кат жазгыла, кат жазгыла, досторум, Тирүү кезде бактылууга окшоюн…»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


– Майрамкан эже, азыркы кыргыз адабияты кандай акыбалда деп ойлойсуз? Деги эле адабияттын коомдо орду кандай?

– Союз убагында жаштарга көңүл бурулчу, азыр болсо андай жок. Жаштар өзү менен өзү болуп калды. Аларды караган эч ким жок. Улгайгандар өзүнчө бөлүнүп, азыр эң жаман акыбалда турабыз. Ар күнү кечинде, жатаарда Кудайга жалынам: “О, Кудай, жер титиребесе экен, суу каптабаса экен, согуш чыкпаса экен. Жакшыларды аман кыла көр, өз кызын, өз атасын, өз энесин тааныбагандарды жазалай көр”, – деп. Ушундай оор акыбалга келдик. Мунун баары бекерпоздуктан, жокчулуктан, ыймандын жайдакталып калганынан, маданияттын алсыздыгынан болуп жатат. Үй-бүлөдөн касиет, ынтымак кетти. Көп нерсени жоготтук, завод, фабрикаларды талкалап, тоноп бүттүк. Элдин көбү жумушсуз калды. Келечекти ойлогон, ата-журтту сүйгөн, ал үчүн күйгөн адам болбой жатат. Мындай учурда адабияттын ролу канчалык экенин билбей жатышат. Аалы менен Алыкулдун поэзиясын карабайсыңбы. Анда Алыкул:

Мен өзүмдүн тагдырыма капамын,

Заманымдын керегине жарабай,

Кыйган талдай соолуп бара жатамын… – деп жатпайбы. Анткени анын классташтары, туугандары согушта Мекенди коргоп өлүп жатса, “Мен ошого жарабай, бул жакта өлүп жатамын”, – деп арман кылган. “Ата-журт” деген ырында:

Сүйөм сени, сүйгөндүгүм сүттөн ак,

Сени сүйгөн тагдырыма рахмат.

Өлгөндө да сенин таттуу жытыңды,

Жаткым келет көкүрөккө кучактап, – деген. Алар ушундай ырлары менен башкаларды да Мекенди сүйүүгө үндөгөн. Азыр андай таасирлердин аздыгынан, ата-журтун, элин сүйбөгөн, жерин сүйбөгөн, өзүнүн уясын сүйбөгөн адамдар пайда болду.

– Кыргыз адабияты менен коңшу элдердин адабияты кандай алакада эле?

– Ал кезде байланышууга өкмөт шарт түзүп берчү. Казактардан Олжас Сулейманов экөөбүз Орто Азия боюнча чыгармачыл жаштардын комсомолдук курамы менен бүткүл союзду кыдырчу элек. Жалаң акындар жолугабыз. Дароо эле кандай ыр жазганыбызды сурашат да. Ошондуктан изденүү менен жүрөт элек. Китептерибизди алмашат элек. Ошентип жүрүп социалисттик өлкөлөрдү кыдырып, популярдуу болуп, китептерибиз которулуп дегендей, 1950–1960-жылдарда адабият өсүп-өнүккөн. Азыр жаштар каралбай, бирин-экини кол жазмаларын көтөрүп алып ата-энесин акмалап жүрөт.

– Аалы демекчи, ал сиздин устатыңыз болгон экен. Эсиңизде калган бир учурлар тууралуу айтып бересизби?

– “Мунарым” деген ырына кийин Асанкалый обон чыгарып, азыркыга чейин ырдалып жүрбөйбү. Бир күнү: “Аалыке, бул Мунарым деген ким эле?” – десем: “Бул бир учур эле. Мунарым деген кырк жашар келинге жолуккам”, – дейт. Менимче, сүйгөн окшойт. “Ал бечара да кайтыш болуп калды. Эми 80ге чыкканда адам кыял менен жашайт экен. Ошол күндөрдү эстеп, жаштыгымды эстеп, Мунарды жакшы көргөнүмдү жаздым эле”, – дейт. “Мунарымда”:

Талаада калган өңдөнөм,

Таалайым Мунар кайдасың?

Муңканып жалгыз отурам,

Муңдашым Мунар кайдасың? – деп айтылат эмеспи. Эми өзүм да ушул Аалынын жашына келгенде ойлоп атам да. Адам баласы кийин жакшы күндөр менен жашап калат экен. Ал эми бир кезде сени ушактаган, сени жамандагандарды ойлой берсең, ооруп калат экенсиң. Психологдор деле ошону айтат. Эртең менен турганда күндүн чыкканын, тоону көргөндө: “Аман-эсен сени көрдүм”, – деп сүйүнүш керек. Анан бирөө жаман сөз айтып койсо, туруп алып эле ошол жаман сөздү эстей берсең ал ичиңди иритип бүтөт.

– Белгилүү адамдардын тагдырынын соңку учурлары аянычтуу?..

– Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы. Бирок Аалы Токомбаевди үй-бүлөсү эркелетип багып, өмүрдөн жакшынакай өттү. Ага салыштырмалуу, Түгөлбай Сыдыкбеков кичине кор болуп өттү. Балдары арак ичти, караган жалгыз кызы менен байбичеси өлүп калды. Балдары эрке болуп, орусча сүйлөп, жашоонун оордугун көрүп калган жакшылар көп. Алардын балдары эмгекке көнгөн эмес, жанагы бизчилеп аталардын жанында эпейип отуруп чай куюп берген эмес, кептин бардыгы ошондо. Өзгөчө байбичеси өлгөндөн кийин жаман кор болду. Байбичеси өлдү, андан кийин кызы өлдү,

– Азыр ыр жазып жатасызбы?

– Жазып жатам, жаңы ырларымда достукту көп жазып келем. Анткени мен жашымдан эле достукту бийик койгом. Азыр Майрам Дүйшөкеева бир “Кат жазгыла, досторум” деген ырымды ырдап жүрөт:

Кат жазгыла, кат жазгыла, досторум,

Тирүү кезде бактылууга окшоюн,

Өлүп калсам бардыгыңан ажырап,

Өмүр эмес, мен силерди жоктоюн.

Кат жазгыла, мен капага батканда,

Күнүм, айым чыга түшсүн асманга,

Кат жазгыла, тирүүлүккө ойготуп,

Мен өлүмдөн жер кучактап жатканда.

…Жакшы күндү жазып калдым ыр кылып,

Жакшы күндү жаштыгымдай жоктоймун… – деген ыр.

– Муну кайсы досторуңузга арнадыңыз эле?

– Менин досторумдун баары мыкты, баа-ры акындар. Орус жазуучусу Валентин Распутин: “Мен сени жакшы көрөм” деген каттарды канча жазды. Ага Путин баатырдыкты берди го, кайран акын, жакында эле өлдү. Анын мага жазган каттарын Акбар Рыскулов билет. Анан ал Распутин өлгөндө мага тамашалап чалып жатпайбы: “Эже, сизге дагы бир көңүл айтайынбы, Распутин жездем өлдү”, – деп. “Эми, эже, тирүүлөрү барбы? Калдыбы?” – деп тамашага салат. Мен да тамашалап: “Мар Байжиев эле жездең калды”, – десем: “Кудай ошону аман койсун,” – деп коет. Тентуштарың болсо, тамашалашып сүйлөшсөң жакшы экен да.

Дагы бир Владимир Санги деген досубуз бар эле. Союз маалында Кыргызстанга келип кеткен, ага дагы Көлдү көрсөткөм. Москвада балдар үчүн гезит чыгат экен, ошого: “Кыргызстанда Майрамкан деген акын бар эле, кабарлаша албай калдым, аман-эсен бар бекен, ошонун амандыгын мага билдирип койгулачы”, – деп жазыптыр. Ал гезитти бир бала окуп, менин келиниме жолугуп: “Майрамкан эжеге мына бул гезитти бериш керек”, – деген тура…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *