“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын кызмат адамдары айыпка тартылды

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын кызмат адамдары айыпка тартылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, авто транспорт менен коопту жүктөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында 30-ноябрынан 1-декабрына чейин Балыкчы өтмөк базасынан  “Кумтөр Голд Компани” компаниясынын коопту жүктөрдү ташуучу транспорттук каражаттары текшерүүгө алынган.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 5 автоунаада техникалык бузулуулар аныкталган.

Техникалык бузуулары бар автоунааларды линияга чыгаргандыгы үчүн компаниянын аткаминерлери мыйзам чегинде административдик айыптарга тартылган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *