28-майга карата аба ырайы

Кыргызстанда 28-майда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32;

Баткенде түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27 градус ысык болот.

Бишкекте 28-майда күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 28…30 градуска чейин жогорулайт.