«Антистандарттагы» алты «кумалак»: Поэзия — порнография эмес

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Башталышы бул жерде

Ушул ачуу чындыкты жазып жатып да, эсибизге Мидин Алыбаевдин Алыкулдун «Махабат» ырлар жыйнагына жазган «Мааниси жок махабат» деген сын макаласы эске түшөт. Алыкул ыр генийи экени кандай талашсыз болсо, Мидин да дал ошондой эле таланттуу акын. Бирок, мына ошол таланты талашсыз Мидин ошол жылдарда Алыкул Осмоновдун биз тамшанган айрым ырларына карата аябай катуу сын жазган. Бирөө жаздырган эмес, өзү жазган. Биз деле өзүбүз жазып жатабыз. Жазып жатып, Мидин жаңылгандай, биз да жаңылып калсак эмне деп өзүбүздү сооротобуз. Бирок, С.Раевдин «Антистандарды» анти чындык, анти түш эмес, эч ким талашкыс чындык!!! С.Раев поэзияга поэзия кечирбей турган кор мамиле жасаган.

 

С.Раевдин дарегине ачуу сын айтканыбыздын дагы бир себеби, ал өзүн улуттук деңгээлден өйдө көтөрүлгөн, дүйнөлүк чен-өлчөмдөгү жазуучумун деп эсептеген жазмакер, анүстүнө чет жерге көп чыгып, кыргыздын жүзүн дүйнөгө таанытып келет. Каалайбызбы же жокпу, талашкыс чындык ушул. Мына ошондой эл аралык жолугушууларда казак элинин улуу акыны Олжас Сулейманов «Аз и Я» чыгармасынан үзүндү окуса, С.Раев анын жанында туруп, «Антистандартын» ачып, «…менструацияны…» окуйбу, бул акылга сыярлык нерсе эмес. Азияны, көчмөн элдерди, көчмөн цивилизацияны даңазалаган Олжас Сулейманов өз кезегинде орус академиктери менен кыл чайнашкан полемикага каршы чыгып, баарына жалгыз өзү татыганы азыр да көз алдыда турат. Олжас Сулейманов энциклопедиялык билими бар, пайгамбар адам. Пайгамбар деп Олжасты айтсак жарашат. Анын жанында С.Раевди эмне деп атайбыз?!! Бул өтө чоң суроо…

Биз поэзия ышкыбоздоруна С.Раевдин «Антистандартын» окуганда өтө астейдил мамиле кылгыла, ветеринардык, медициналык терминдер, орус жана башка тилдерден кыргыз тилине келип кирген түшүнүктөр жолукса эле, элейип, «буга биздин акылыбыз жеткенче бир кылым керек турбайбы» деп, аны пир тутпагыла, эң башкысы аны туурап жазбагыла деп айтмакчыбыз. Сөздүктөрдү барактасаңар, ал сөздөрдүн түшүндүрмөлөрүн кыйналбай табасыңар. Өтө деле татаалдыгы жок.

Поэзия — ыйык, кир кол менен кармагыс нерсе. XXI кылымдын поэзиясы интеллектуалдык жактан терең, эстетикалык жактан бийик болушу кажет. Кимде ким болбосун, мейли ал С.Раев болобу, башка бир «гений» болобу, жаңыдан ыр жазган ышкыбозбу, ыр жазганда ашкере «акылдуу» көрүнүү үчүн, же өзүнүн талант дараметинин чектелүү экенин жаап-жашыруу үчүн обу жок ойкуштанып, өзү түшүнбөгөн татаал термин, түшүнүктөрдүн артына жашынып, окурмандардын башын чаташтыра берүүнү эч кажети жок.

Таланты таасын акын — Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Шайлообек Дүйшеевге окшоп:

«Өзгөлөргө теңечү эмес Турарды,

Өзү дагы Турарга окшоп жыгылды.

Жүрөгүндө карасы жок эр эле,

Жүгөнү жок жөөлөп турган кылымды.

Стакеңдей баштап алып чыгышчу,

Стамовду “найза” кылып сунушчу.

Ал танк болчу, сүйлөгөндө тарыхтан,

Асанбекти баары муюп угушчу.

Арт жагында Мелис, Сейит, Төлөгөн,

Жалил, Майраш ж.блары турушчу.

Ак Үйду ал каалагандай “кеччү” эле,

Анатайга там алперген дешчү эле.

Акаевди сагыз кылып чойгулап,

Бакиевди сары майдай эзчү эле.

Жайыл тургай, Жазуучулар союздун,

Жалгыз “өзү” маселесин чеччү эле,

Керек кезде селин тостуң тосоттун,

Керек кезде отун кечтиң тозоктун.

“Жарым пааша” Киселевго тиш салып,

“Москвалык десанттарды” мокоттуң.

“Жайыл” атап орус атын, Чүйдү сен,

Калмактардан бошоткондой бошоттуң» (Шайлообек Дүйшеев, акын. «Жалгыз канат кушу бар, жалганда жалгыз ушу бар», «Багыт» гезити), — деп карапайым дыйканга да, чабанга да, академикке, бизнесменге түшүнүктүү, эң жөнөкөй тил менен жеткиликтүү кылып жазат. Чеберчилик деп ошону айтат. Шакенин бул ырын тамшанып окуйсуң, жазуучу Асанбек Стамовдун элеси жарк этип көз алдыга тартылат.

Эми С.Раевдин «Рамис» деген ырын окуйлу.

«Антистандарт ойлору да, ырлары,
Антисанитария… жүргөнү да, күлгөнү,
Антидүйнө Антейине айланып,
Чыгып кетпей Жер огунан калжаңдап,
Акын келет Фараону ырлардын,
Бүт ааламдын сезимдерин букеттеп,
Кыялында “кыты-кыты” тийишет,
Афинанын кыздарына кылактап.
Кызык дүйнө, кызык адам, кызык бир,
Балч-балч чайнап булочканы балжаңдап,
Куунак жашоо ычкырларын бошотуп,
Ыр заманы, ыр акеси, олда – “Бис!”
Көчө толо, көчө менен бир болуп,
Жайдаңдаган акын келет О, Рамис!

 

Шилекейи ыр чачыла, энөө кыял, ыр аалам,
Чачы тармал. Дүйнө шамал. Эмоция бийлеген.
Чечотканы чертип турат бут менен. Чулу салам,
Чукоткадан келгендей, Абрамович, Адам – ович,
Алмазынан бергендей.

 

“Биги-биги” жер чиет буттун учу,
Сүлкүлдөп денебою. Бийленет сезим бийи,
Рамис экспрессия, а дүйнө депрессия,
Ырлары ооздукталбай, тепкилейт көкүрөктү,
Регги. Блюз. Кантри. Хип-Хоп. Рок. Поп.
Бийлейт Рамис, Ааламды бийлеп алган.
Ырлары дүлөй дүйнө. Ритмика сезбей калган.
Тогузунчу валындай океандын. Көөдөн бороон.
Верлибир ойлоруна Берлиндин туусун сайган,
Түшүнүп бу ааламды. Түшүнбөй бу Адамды,
Түркөйлөр дивизиясы түрүлүп турат ана.
Түркүн ой баккан адам, оозунда Пайгамбар түкүрүгү,
Ырлары жан сезимдин урабас хан түркүгү,
Жашоосу нота кыял: до, ре, ми, фа, соль, ля, си,
Жашасын Ырдын – Асы. Кылымдын Ра-ми-си!» (“Рамис”, 86-бет, С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет).

Байкадыңыз да, өзүн антистандарт эсептеген акын «антидүйнө», «антистандарт», «антисанитария…» деп, антисөздөрдү ойлоп таап, «анти» катышкан сөздөргө басым жасай келип, фараон, Афина, “Бис!”, эмоция, чечотка, экспрессия, депрессия, регги, блюз, кантри, хип-хоп, рок, поп, ритмика, тогузунчу вал, нота, до, ре, ми, фа, соль, ля, си, ас, верлибир деген сыяктуу бөтөн сөз, чоочун түшүнүктөр менен акын Рамис Рыскуловдун бейнесин ачкысы келет. Арийне, ал канчалык антистандарт ойлонгусу келбесин, антистандарт акын бөтөн сөз, чоочун түшүнүктөр менен «стандарт» Ыр-акенин бейнесин ача алган эмес. «Калжаңдап», «балжаңдап», «Шилекейи ыр чачыла», «Ырлары дүлөй дүйнө» деген сыяктуу салыштыруулардан, сөз айкаштыктардан С.Раевдин мыйыгынан жылмайган кебетеси эле көрүнбөсө, омоктуу ой табуу кыйын.

«Антистандартта» арбын кездешкен арноо ырларынын баары мына ошондой, бир деңгээлде, чоочун сөздөр, жат түшүнүктөр көп кошулуп жазылган. Өкүнүчтүүсү, автордун өз каармандарынын адамдык жана чыгармачылык бейнесин ачып берүүгө жасаган далалаты сая кеткен, эч кандай деле табылга, жаңылык, же көркөм образ жок.

Антсе да, антистандарт акындын сүйүү лирикалары, сүйүү ырларында дурус табылгалар бар. Анткени, ал ырларда антидух жок, автордун чыныгы сезими, адамдын жан дүйнөсүн аруулаган махабатка толо жүрөктөн чыккан сөздөр камтылган.

«Кат жаздым сага, акыреттин сыясына көз малып,

Жооптун да. Жооп жазуунун кереги жок.Адресим

Көз жетпеген, кыйыры жок ээн боштук,

Аалам мага үңүрөйгөн кең суздук…» («Кат жаздым сага», 68-бет. С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет)

«Мен күйөөгө чыккан атам…

Турмуш сага айттырдыбы бу сөздү?

Көзүңдө нур отуң жок,

Көз тамыр кургап калган.

………………………………………….

Арга жок. Амал да жок…

Отуздун ары жагы.

Жалгыз гана аргасыздык шыбырады:

«Мен күйөөгө чыккан атам…»  («Мен күйөөгө чыккан атам…», 70-бет. С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет)

«Көзүңдө жети материк, бүт аалам уюлгуйт,

Сезимде сценасы сүйүүнүн ойнолот.

Бир гана мен жокмун сызылган ролдой,

Алкымга такалат айтылбай монолог» («Көзүңдө жети материк…», 76-бет. С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет)

Жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жетет дегендей, бул ырлар окурмандын кайсы катмары болбосун түшүнүктүү тилде, жөнөкөй жазылган.

«Ага деген сөзүңүз агып кетти,

Көзүмдүн ядросу…

Кылыгыңа кырк мүчөм

Чылк чыдабай, жыртып ийди сезимдин,

Тигиштерин,

Сыртта суук.Ичкериде буу кайнайт,

Булоо батпай…

Кучагымда казак кызы, азап кызы,

Сүйүүнүн аалам кызы…» («Ал – Алматы…», 80-бет. С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет),

Же

«Эриниң суусу жок, кумсарган улуу чөл…

Кучагың суздук, ууртуң жоголгон кумсарган жүзүңдө,

Чыйрыккан денеңдин ысыгы кеткенби?

Ысытар сөздөрүң какшатты көз караш

…………………………………………………

Зумбалдай тешилген бу дүйнө маңызы,

Жыртылды жүрөктө» («Көзүңдү умачтай ачылган бир саамга жума тур», 78-бет. С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет)

«-Жолукпайт, турмушта ушундай эркектер,

Үшкүрдү көк түтүн. Жалгыздык жан бирге.

Аялдын көзүндө аялдык алсыздык» («Күтүүсүз кездешүү…», 76-бет С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет.)

«Өмүр үтүр…, көп чекит…

«…Сүйүүгө жетпей калган…» (Уучуна аалам батпай…, 74-бет. С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет).

Антистандарт акындын мындай стандарт табылгаларын дээрлик бардык сүйүү лирикаларынан тапса болот. Эмне үчүн автордун лирикалары жүрөккө жакын, эмне үчүн жарк эткен табылгаларга бай? Анын себеби, бул ырлар жөнөкөй, түшүнүктүү тил менен жазылган. Эң башкысы, автордун акыл-эсинде күн сайын кайталана берип, жедеп бышып, анан акырында жазбай коюуга мүмкүн болбой калганда, шуу эткен үшкүрүккө окшоп, жүрөктөн сызылып чыккан. С.Раев башка ырларында чындыктан качса да, бул ырларында көкүрөгүндө сызылган чындыктан кача алган эмес. Бул ырлар Бүбүжанды аңсап, куса болуп, түн жорткон Танабайды эске салат. Автор бул ырларда айтылган сезимдерди өз башынан өткөргөн, жон терисинен өткөн. Ошондон улам, бул ырлар чындыгында да шедевр ырларга айланган. Демек, сүйүү ырларында калп айта албаган С.Раевге «бали» деп кол чабабыз.

Антистандарт акындын сүйүү лирикаларын жыргап окуп, андан арылаганда кайрадан чайналабыз:

«Кыймыл мээде чийилет,

Мегаполис,

Бу чоң аалам,

Мээсинде кайнап турат,

Жашоонун ритми

Ырга окшобой,

Ыпыр-сыпыр сезимдерди,

Ыргытып бюстгалтерди,

Бюсту бука тумшук,

Кыздары чучук шымчан,

Чучугуна кирип кеткен,

Шаар пейили.

……………………….

Сексуал мүнөз күтүп,

Чекчейип барат заман.

………………………………….

Подвалда, паркта да,

Барда, бакта да

Эзилип эриндери,

Өбүшөт бу шаардын

Энөөсүз сезимдери.

…………………………

Таңыркап карап турат,

Согуштун ветераны

Балкондо баш кылайтып.

…………………………………….

Миномет үнү келет,

Ми…тен жаны жыргап… («Шаар», 111-114-беттер).

«Антистандарттагы» алты «кумалак»: Поэзия — порнография эмес: 1 комментарий

Комментарии запрещены.