Мектеп окуучуларына веложол эмес, мектепке ылай кечпей барып-келгидей тротуар керек

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев шаардык кеңештин 20-ноябрда өткөн сессиясында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго кайрылып, Түштүк магистралдын жээгин бойлой салынып жаткан веложолдун курулушуна каражатты кайдан алып жатканын сураган.

Бул суроого жооп берген биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев каражат  шаардын бюджетинен бөлүнүп жатканын,  жалпы сумма 70 млн. сомду түзөрүн билдирген.

Веложолго  70 млн. сом бөлүнүп жатканына жаны кейиген К.Мүзүралиев: “арзан пиар жасап, веложол кургандан  көрө,  бул  акчаны  социалдык мекемелердин чатырын кайра жапканга жумшаса болбойт беле, мектеп ремонту ата-энелердин фондунун эсебинен жасалып жатат, дегеле кыш келип, тоң түшүп калганда, веложолду куруунун канчалык зарылдыгы бар” деп буга бир кейип, эртең эле жаз келсе, кышында курулган жол жараксыз абалга келип калбайбы дегенди кыйытканы эсибизде.

Кечээ  жакында  шаар  мэриясынан Байтик баатыр көчөсүнөн Д.Садырбаев көчөсүнө чейин 7,2 чакырымга созулган Түштүк магистралдагы  веложол  бүткөнүн  кабарлап, курулушка 55 миллиондон ашуун каражат кеткенин, же болжолдонгондон азыраак акча жумшалганын сүйүнчүлөштү.

Бирок, Түштүк магистралдын батыш  учундагы  Арча-Бешикти алалы. 45-50 миңдин тегерегинде тургуну бар Арча-Бешикте веложол түгүл, Түштүк магистрал, Чортеков, Термечиков, Ахунбаев, Күйүкованы айтпаганда, дурусураак автожолу жок. Чоңдорду айтпайлы, мектеп окуучулары ылай кечип мектепке барып-келишет.

Бир Арча-Бешик конушу эмес, шаардын жака-белиндеги 70ке жакын конуштун тургундары, асыресе мектеп окуучулары жазда-күздө ылай кечип мектепке барып-келери эч кимге жашырын эмес. Аларга веложол эмес, эртели-кеч ылай кечпей баса турган жол, тротуар керек.