Нурсултан Назарбаев: «Өз тарыхын баалаган элдин келечеги кең»

«Улутун кимдер сүйбөгөн,
Улутчул дешер билбеген», – деп залкар акын Байдылда Сарногоев жазгандай, өз улутун сүйбөгөн адам башка улутту сыйлап жарытпай турганы айдан анык. Көп улуттуу Кыргызстанда жашап жаткан казак калкынын өкүлү катары мен дагы тарыхый ата мекенибиз Казакстанда болуп жаткан окуяларды көңүл чордонумдан тыш калтырбайм. Кыргыз менен казакка орток жакшы нерселер болуп жатса кубанабыз. Боордош эки элдин ортосунда дайыма ынтымак-ырашкердик, ынак мамиле болгонун каалайбыз.

Ушундан он жылдай мурда Казакстанга барган кезектеги сапарымда Жамбыл облусунун аймагында, чоң жолдун боюнда «Казак тарыхында биз уяла турган эч нерсе жок. Нурсултан Назарбаев» (бул кыргызча котормосу) деген транспарант жазууну көрүп, терең таасирге кабылганмын. 2015-жылдын 11-сентябрында Казак хандыгынын 550 жылдыгына арналган Астана шаарындагы салтанаттуу мааракеде сүйлөгөн сөзүндө Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев: «Мен мурдараак бир жазганымда айткан элем: «Казак тарыхында биз уяла турган эч нерсе жок», – деп. Бүгүн ошол сөзүмдүн жалгашы иретинде айтар элем. Бизге бабалар тулпарынын туягы менен жазылган ата тарыхыбыздын ар бир барагы өзгөчө кымбат. Казак элинин бүгүнкү жана келечек мууну аны менен ар качан сыймыктана турган болот. Казакстан – улуу иштердин уюткусу болгон Улуу Талаа эли», – деп билдирген. Салтанаттуу жыйынга түркү тилдүү мамлекеттердин жетекчилери жана коноктор, интеллигенция, бардыгы  эки  миңдей  адам  катышып отурган.

Мынакей эми, жакында Президент Нурсултан Назарбаев «Улуу Талаанын жети кыры» аттуу программалык макаласын жарыялады. Программалык деп жатканыбыз, мында айтылган милдеттер Казакстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилери үчүн аткарылууга тийиш көрсөтмө.

Баса, «Улуу Талаанын жети кыры» макаласы Н.Назарбаевдин 2017-жылдын 12-апрелинде жарыяланган «Келечекке багыт: руханий жаңылануу» программалык макаласын андан ары тереңдеткен, андагы  милдеттерди  ишке  ашыруунун жолун так көргөзгөн багытнаама. Анда Н.Назарбаев мындай деген эле: «Бүткүл жер жүзү биздин көз алдыбызда өзгөрүүдө. Ааламда багыты бүркөк, жаңы тарыхый доор башталды. Күн санап өзгөрүп жаткан дүбүрттүү дүйнөдө аң-сезимибиз менен дүйнө таанымыбызга абдан сиңип тепселген эрежелерден арылбасак, көч башындагы элдер менен терезебизди теңеп, ийин тирешүүбүз мүмкүн  эмес.  Батыштык  жаңылануу үлгүсүнүн бүгүнкү замандын болмушуна ылайык келбөөсүнүн себеби эмнеде? Менимче, башкы кемчилик – алар өздөрүнө таандык калыбы менен тажрыйбасын башка элдердин жана цивилизациялардын өзгөчөлүктөрүн эскербей, бардыгына аны жапырт таңуулап жатат. Ар бир коомдун өзүнүн тарыхый тамырынан башат алган руханий коду болот. Жаңы өңүттөгү жаңылануунун эң башкы шарты – улуттук кодуңду сактай билүү». Нурсултан Назарбаев белгилегендей, улуттук коддун негизин адамдын чыныгы мекенчилдик сезими, иш-аракети, улуттук маданиятты, салттуу үрп-адаттарды кармануусу түзөт. «Жаңылануу элдин улуттук-руханий тамырынан азыктан-баса, ал адашууга алып барат», – дейт Казакстандын Эл башчысы.

«Улуу Талаанын жети кырында» Н.Назарбаев казак элинин тарыхый тамырын издеп миңдеген жыл мурдагы материалдык мурастарга жүгүнөт. «Биздин мекенибиз материалдык маданияттын көптөгөн байлыктарынын пайда болгон жери, башаты десек, аша чапкандык болбойт», – деп ал казак талаасындагы жети ачылышка токтолот:

1.Атка минүү маданияты. Атка минүү маданияты менен жылкы чарбачылыгы жер жүзүнө Улуу Талаадан тараганы тарыхтан белгилүү. Меке-нибиздин түндүк аймагындагы энеолит дооруна таандык «Ботай» конушунда жүргүзүлгөн казуу иштери жылкынын алгач  ирет  азыркы  Казакстан  аймагында колго үйрөтүлгөнүн далилдейт.

3. Улуу Талаадагы  байыркы  металлургия. Байыркы заманда эле Казакстандын Орто, Түндүк жана Чыгыш аймактарында  тоо-кен  өндүрүшүнүн очоктору пайда болуп, коло, жез, цинк, темир, күмүш менен алтын эритмелери алына баштаган. Казуу иштеринин учурунда табылган металл эрите турган мештер менен колго жасалган зер буюмдар, байыркы доордун тиричилик буюмдары менен курал-жарактары бул тууралуу кеңири маалымат берет.

3. Жаныбар  стили. Эгемен Казакстандын символдорунун бири – ак илбирс. Ал эзелки куймаларда чагылдырылган. Бабаларыбыз металл менен иштөөнүн техникасын, анын ичинде, жез менен колодон эритме жасоонун жана куймаларды куюунун, жука жайма алтын жасоонун ыкмаларын мыкты өздөштүргөн.

4. Алтын адам. Биздин түп-тамырыбызга жаңыча көз караш менен кароого жол ачып, дүйнөлүк илим үчүн сенсация болгон жаңылык – 1969-жылы Казакстанда табылган жана өнөр таануучу окумуштуулар арасында «казакстандык Тутанхамон» деген атка конгон «Алтын адам». Бул жоокер көптөгөн сырдуу жагдайлардын бетин ачты. Биздин бабаларыбыз азыркы күнгө чейин өзүнүн өзгөчө көркөмдүгү менен тамшандыра турган өтө жогорку деңгээлдеги көркөм буюмдарды жасашкан. Жоокердин алтын менен капталган кийимдери байыркы чеберлердин алтын иштетүү техникасын мыкты өздөштүргөнүнөн кабар берет.

5.Түрк дүйнөсүнүн бешиги. Казактардын жана Евразиянын башка элдеринин тарыхында Казакстандык Алтайдын орду өзгөчө. Ушундай бийик тоолор кылымдар бою Казакстан жеринин таажысы гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн бешиги болуп келген. Дал ушул аймакта биздин замандын биринчи миң жылдыгынын орто ченинде Түрк дүйнөсү пайда болуп, Улуу Талаа үстүндө жаңы

мезгил  башталган.  Орто  кылымдагы Отрар шаары дүйнөлүк цивилизациянын улуу ойчулдарынын бири – Абу Насыр Аль-Фарабини дүйнөгө алып келсе, түрк элдеринин руханий көч башчыларынын бири Кожа Ахмет Ясави Түркстан шаарында өмүр сүрүп, илим тараткан.

6. Улуу Жибек жолу. Биздин эрабыз-дан баштап жолдор Евразиянын Чыгышы менен Батышынын, Түндүгү менен Түштүгүнүн ортосундагы соода жана маданият тармагындагы байланыштардын трансконтиненталдык тармагына – Улуу Жибек жолунун системасына айланган.

7. Казакстан – алма менен кызгалдактын мекени. Бийик Ала-Тоонун этектери алма менен кызгалдактын «та-рыхый мекени» экени илимий жактан да-лилденген. Бүгүнкү күндө жер жүзүндө кызгалдактын 3 миңден ашуун түрү бар, алардын басымдуу көпчүлүгү – биздин талаа кызгалдагынын «урпагы». Азыр Казакстанда кызгалдактын 35 түрү өсөт.

Макаласында Улуу Талаанын же ти касиетин баяндаган Н.Назарбаев андан ары тарыхый аң-сезимди жаңыртуу үчүн ири долбоорлорду ишке ашыруу керектигине токтолот.

1. Архив – 2025. Элибизде «Маданий мурас» программасы ийгиликтүү ишке ашырылды. Бирок ата-бабаларыбыздын өмүрү менен алардын ажайып цивилизациясы жөнүндөгү көптөгөн даректүү булактар, али да болсо, илимий жүгүртүүгө кирген жок. Алар дүйнөнүн ар кыл архивдеринде өз изденүүчүсү менен изилдөөчүсүн күтүп жатат. Андыктан ата-мекендик жана чет элдик архивдерде изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн «Архив – 2025» жети жылдык программасын кабыл алуубуз зарыл.

2. Улуу Талаанын улуу ысымдары. Өткөн доорлордогу Тутанхамон, Конфуций, Искендер Зулкарнайн, Шекспир, Гёте, Пушкин жана Жорж Вашингтон сыяктуу инсандар бүгүнкү күндө «өз мамлекеттеринин» баа жеткис символдук капиталы болуп саналат. .. Улуу Талаа Аль-Фараби менен Ясави, Күлтегин менен Бейбарс, Аз-Тауке менен Абылай, Кенесары менен Абай жана башка да көптөгөн улуу инсандарды дүйнөгө берген. Андыктан биз, биринчиден,ачык асман астында эстелик-айкелдер тургузула турган «Улуу Талаанын улуу ысымдары» деген аталыштагы окутуучу-агартуучу энциклопедиялык парк ачуубуз керек.

Экинчиден, улуу ойчулдар, акындар жана эл башкарган инсандардын бейнесинин мыкты галереясын ачуу кажет.

Үчүнчүдөн, элибиздин тарыхый доорлорун кеңири камтый турган «Улуу Талаа инсандары» аттуу илимий-популярдуу серияларды чыгаруу зарыл. Чет элдик адистер да тартыла турган эл аралык көп тармактуу уюм курууга болот.

3. Түрк дүйнөсүнүн генезиси. Казакстан – бүткүл түрк элдеринин касиеттүү «Ата түндүгү». Бүгүнкү казактын кең талаасынан дүйнөнүн ар тарабына тараган түрк тектеш уруулар менен элдер башка элдер менен аймактардын тарыхый процесстерине көрүнүктүү салымдарын кошушкан. Ушуга байланыштуу, «Түрк цивилизациясы: түп-тамырынан азыркы заманга чейин» аттуу долбоорду колго алуу керек. Анын алкагында 2019-жылы Астанада “Түркологдордун дүйнөлүк конгрессин” жана ар түрдүү элдердин музейлеринин экспозицияларына байыркы түрк эстеликтери коюла турган “Түрк элдеринин маданий күндөрүн” уюштуруу керек. Ошондой эле, Википедиянын үлгүсүндө Казакстандын модераторлугу менен Түрк элдеринин орток чыгармаларынын бирдиктүү онлайн китепканасын түзүү да маанилүү.

4. Улуу Талаанын  байыркы  өнөр  жана  технологиялар музейи. «Улуу Талаа» аттуу байыркы өнөр жана технологиялар музейин  ачууга  толук  мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ага жаныбар стилинде жасалган буюмдарды, «Алтын адамдын» курал-жарактарын, жылкыны колго үйрөтүү, металлургияны өнүктүрүү, курал-жарак, соот-шайман жасоо процессин чагылдыра турган нерселерди ж.б. эстеликтерди коюуга болот. «Улуу Талаанын улуу цивилизациялары» аттуу жалпы улуттук тарыхый реконструкциялар клубун түзүп,  анын  негизинде  Астанада  жана Казакстандын башка аймактарында байыркы сактар, гундар, улуу түрк кагандарынын доору ж.б. боюнча фестивалдарды өткөзүүгө болот.

5.  Талаа фольклору менен музыкасынын миң жылы. Бул долбоордо «Талаа фольклорунун антологиясын» түзүүбүз керек. Мында Улуу Талаа мураскерлеринин өткөн миң жылдыктагы элдик оозеки адабиятынын тандамал үлгүлөрү – жомоктору, уламыштары, легендалары менен эпостору жыйналат. Ошону менен катар казактын комуз, домбыра, сыбызгы, саз сурнай жана башка салттуу музыкалык аспаптары менен аткарылган маанилүү чыгармаларынын топтомун – «Улуу Талаанын байыркы күүлөрү» жыйнагын басып чыгаруу зарыл. Улуу Талаанын  фольклору  менен  күүлөрү заманбап цифралык форматта «жаңы дем» алууга тийиш.

6. Тарыхтын кино-искусство менен телевидениедеги көрүнүшү. Элдин аң-сезимине таасир этүү жагынан тасмалардагы кинообраздар илимий монографиялага караганда маанилүүрөөк роль аткарат. Андыктан тез арада Казакстандын цивилизациясынын тарыхынын үзгүлтүксүз өнүгүүсүн чагылдыра турган даректүү тасмалардын, телевизиондук сериалдар менен толук метраждуу көркөм картиналардын атайын циклин өндүрүшкө киргизүү абзел. Долбоорлор ата-мекендик жана чет элдик мыкты сценаристтерди, режиссёрлорду, актёрлорду, продюсерлерди жана заманбап кино өндүрүшүнүн башка адистерин тартуу аркылуу ишке ашырылууга тийиш. Улуу Талаанын бай мифологиялык жана фольклордук материалдарын пайдаланууга болот. Балдар тасмалары менен мультипликациялык сериалдарды талап кылган жеткинчектин, өспүрүм муундун да талаптарына жана табитине айрыкча көңүл буруу керек. Булар улут каармандарын үлгү тутуу көндүмүн калыптандырат. Биздин даңктуу баатырларыбыз, ойчулдарыбыз менен эл башкаруучуларыбыз – Казакстан гана эмес, бүткүл дүйнөгө өрнөк болууга татыктуу инсандар.

Нурсултан Назарбаев макаласын «Өз тарыхын билген, баалаган жана аны менен сыймыктанган элдин келечеги кең болот деп ишенем», – деп жыйынтыктаган. Эл башчынын улуттун өнүгүүсү жөнүндө көтөргөн маселелери, айталы, улуттук код, Батышты туурабоо, ары барбай эле, Борбордук Азияда жашаган элдер үчүн да абдан маанилүү экени даана байкалып турат.

Ергали АБДИКАИМОВ, Кыргыз-Казак университетинин ага окутуучусу, юридика илимдеринин кандидаты, Кыргызстан эли Ассамблеясынын тутумундагы Кыргызстан казактары ассоциациясынын кеңешинин мүчөсү