«Мен билген Айтматов…»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


6-декабрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун замандаштарынын: «Мен билген Айтматов» аттуу эскерүүсү жана «Айтматов окуулары – 2018» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция КР Улуттук илимдер академиясында өттү.

Анда жазуучунун замандаштары чогулуп, кезинде Айтматов менен болгон мамилелери, жолугушуулары менен катар, алп жазуучунун буга чейин маалым болгон да, маалым болбогон да кулк-мүнөздөрү, адамдык касиеттери, жашоо образы, чыгармачылыктагы айрым бир учурлары тууралуу кеп кылышты.

Иш-чараны Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту уюштуруп, академиктер жана аталган мекеменин жамааты, КР Президентинин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев баш болгон бийлик өкүлдөрү, улуу жазуучу менен замандаш жүргөн М.Мамакеев, М. Мамытов сыяктуу ардагерлер, окурмандар катышты.

КР Президенти С.Жээнбековдун жана ЖК төрагасы Д.Жумабековдун, Премьер-министр М.Абылгазиевдин конференциянын ишине жолдогон куттуктоолору атайын өкүлдөр тарабынан окулду.

“Биз Айтматов менен замандаш болгонубузга кубанабыз. Бирок, качандыр Айтматовду билгендердин да катары суюлуп, “Айтматовду ким көрдү эле?” – деп издеп калган учур болот. Ошондуктан жазуучуну көргөнүбүздү, андан укканыбызды учурунда келечек муундар үчүн айтып калалы. Бул – тарыхта калышы керек”, — деди конференциянын ачылышында А.Акматалиев.

Конференциянын  алгачкы  сабында Ч.Айтматовдун 2008-жылы академияга келип жолугушуусу жөнүндө видеотасмада анын академиянын жана кыргыз илим тармагынын, жалпы кыргыз журтчулугунун ошол учурдагы абалы, ошондой эле өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө сүйлөгөн сөзү көрсөтүлдү. “Эшикте суук жы йырма градуска чейин жетип турганына карабай, чогулуп келгениңиздерге рахмат.

…Убакыт деген ушунчалык тез экен. Сексен жашка кантип келип калганымды байкабай деле калгандай болдум. Албетте, чакыруулар көп болуп жатат. Баарына барганга милдеттүүмүн деп ойлойм. Барып да жатам. Ошолордун арасында сиздер менен жолугушуу мага жагымдуу”, — дептир анда Айтматов.