Адепсиз таксисттер коомчулукту дүрбөттү

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Өткөн аптада Бишкектин эки тургуну жолдо кетип жатып, жакын арадагы машинадан кыздын жардам сурап кыйкырганын угуп, барып жардам беришкени тууралуу видео социалдык түйүндөргө чыгып, кызуу талкуу жараткан. Андан көп өтпөй эле дагы бир таксисттин “кылыгы” коомчулуктун үрөйүн учурду десек болот. Мындан улам такси кызматына алууда иштөөчүлөрдүн моралдык адебин жөнгө салуу керектиги тууралуу маселе көтөрүлө баштады.

Кыныккан тыныкпайт же адатка айланган аңгилик

Зордуктоого аракет кылган деп шектелип, үстүнөн бир нече арыз түшүп жаткан айдоочуну шаар тургундары ачыкка чыгарышкан. Кайдыгерликке салбай жардам кылууга белсенген ал тургундар окуяны видеого да тартып алышкан. Унааны барып ачып, ичинен ыйлап, кыйкырып жаткан хиджаб кийинген кызды куткарып калышкан. Маалыматтарга ылайык, окуя 24-ноябрь күнү түнкү саат экилерге чукул болгон. Кыз түштүк микрорайондор тарапта жалгыз кетип бара жаткан. Анын жанына машине токтоп, жеткирип коюуну сунуштаган. Эч нерсени капар албаган кыз автоунаага отурганда 49 жаштагы айдоочу аны чечинтип, зордуктоого аракет кылган.

Буга күбөлөр кийлигишип калгандан кийин кыз качып, ал эми айдоочу белгисиз тарапка из жашырып кеткен. Буга милиция органдары тезинен реакция кылып, 27-ноябрь күнү унаанын ээсин табышкан. Ал эми кыз арыз жазган. 30-ноябрь күнү Октябрь райондук соту айдоочуну №1 СИЗОго эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Шектүүгө карата “Зордуктоого аракет” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Видео коомчулукка тарагандан кийин шектүүгө  карата  дагы  эки  арыз  түшкөн. Октябрь райондук ички иштер органдарына 29 жаштагы С.А. аттуу айым кайрылып, ушул жылдын 26-ноябрында ушул айдоочу Бейшеналиева көчөсүндө зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу маалымдаган.

Ал эми экинчи жабырлануучу 40 жаштагы Д.Ж. ушул жылдын февралында Линейная көчөсүндө ушул таксист зордуктоого аракет кылгандыгын маалымдаган. Алучурда айдоочу кармалбайт деген ой менен милицияга кайрылган эмес. Ноябрдын этегинде гана жаңылыктардан таксисти таанып калып, арыз жазууну туура көргөн.

Бул адамдан жабыр тарткандар мындан да көп болушу ыктымал.

Адепсиз СМС жазган айдоочу

Жогорудагы окуядан көп өтпөй эле, Эркин Абдыкалыков аттуу Фейсбук колдонуучусу таксист анын карындашына ыңгайсыз нерселерди сунуштаганын жазып чыкты. Анын айтымында окуя 1-декабрда болгон.

“Конокко келе жаткан карындаштарым сыртка чыгып туруумду суранышты. Бир нерселерин көтөрүшүү керек го деген ой менен чыгып, подъезден карындаштарыма кезигип калдым. Карындашым мага телефонун сунуп, андагы СМСти таксист жолдо келе жатканда кетиргенин айтып көргөздү. Мен телефонду алып короого чуркап чыгып, таксистке ушул номер сеникиби десем, билбей турганын айтты. Анан ошол номерге чалсам, анын экинчи телефону шыңгырады. Жиним менен аны түшүндүрүп берүүсүн талап кылдым”, — дейт ал кайрылуусунда.

Абдыкалыков жүктөгөн сүрөттөрдө кандайдыр бир номерден келген СМСте интимдик сунуш киргизген жазууну окууга болот. Бул окуя боюнча түшүндүрүп берүүсүн талап кылып, такси кызматына кайрылган Абдыкалыковго эч кандай реакция болбогондуктан ал милицияга арыз жазып кайрылууну эп көргөн. Ал эми Абдыкалыков айткан такси кызматынын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Мындан да кызыгы Абдыкалыков Фейсбук баракчасына жазгандан кийин анын алдына мындай абалга көп эле туш боло тургандарын жазган айымдар болду. Балким мындай нерселерди кадимки тамаша же адепсиздик катары эле кабылдап тим болушаар. А бирок баарыбыз ишенип, эч нерседен кооптонбой түшүп жаткан такси кызматында мындай нерселерге жол берилбеши керек.