«Бири-бирибизди алдабайлычы!»

 Күмөндөр УСУПТЕГИН, “Кыргыз Туусу”


«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы (КМИ) менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы өз ара ишкер байланыш жок. Ошондуктан, Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү калкты жана тармактарды кара алтын менен камсыздоодо ырааттуулук жок деп кине койсо, КМИ көмүр казууда алашемдиктер жок деп жооп кылат. Мындай тартышуу атайын олтурумда ачыкка чыкты.

Облустук бийлик коллегиялык олтурум өткөрүп, кыш мезгилине карата даярдыктын ал абалын талкуулады. Өкүлчүлүктүн бөлүм башчысы Жылдызбек Беккелдиевдин маалыматы боюнча Жумгал району (86%) башка аймактарда жана Нарын шаарында бюджеттик мекемелер 100 пайыз кара алтын менен камсыздалган. Ал эми калк катмарынын 64 пайызына көмүр түшүрүлгөн экен. Ошол эле учурда бир катар айыл аймактарда көмүрканалар аңгырап бош турганы сынга алынды. Негизги кеп көмүр казууда жана тартып келүүгө байланыштуу болду.

– Биз 1-4-күндөрү машиналарды жиберели, ошондо кезек кылбай жүктөп бергиле дегенбиз. Ал график аткарылбай жатат. Кара-Кечеге барсак эле сиздер мына биякта 100 миң тонна көмүр даяр турат дейсиздер. Кетерибиз менен эле карьерлер токтоп калды деген кепти угабыз. 5 күн иштеп 10 күн токтойсуздар. Негизи бири-бирибизди алдабайлычы, – деди облус жетекчиси Аманбай Кайыпов. Мындай жүйөөгө КМИ деректири макул болгон жок.

–  Биздеги  оорчулук  күнүнө  250-300 машина келгендигинен улам гана болууда. Анткени бир тараза жетишпей жатат. Экинчи  таразаны  койгондон  кийин  бул маселе чечилет. (Айтмакчы кийин 2-тараза коюлгандыгы маалымдалды. К.У.). Ал эми даярдалган көмүрлөр бар. Бирок айдоочулар төмөн жактагы даярдалган майдараак көмүрлөрдү алгылары келишпей, жогорудан казылгандар үчүн өздөрү кезек күтүшүүдө, – дейт КМИ деректири Канатбек Ашырбаев.