Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Жан болсо чынар теректин жоон бутагына оролуп алып, аны так төбөсүнөн карап жатты! Актуяк жаныбардын баятан бери ээсине айта албай, кош кареги чанагынан ыргып кетчүдөй чакчаңдаганы ошол! Башка учур болгондо го, улан күлүгүнүн бар кыймылын көз жаздымдан кетирбей билет болчу. Бу саам ал,  жада калса жыландын так үстүндө ойдолоктоп, теректин бариктерин тынымсыз шыбырттата бергенин да туйган жок! Анткени ага азыр ай ааламдын бүтүндөй өзү бир тең, Кызмончогу бир тең болуп, башканын баарын кулагы укпай, көзү көрбөй турган!

Кеч коюуланып, айлана караңгыга толук чүмкөнгөн кезде, айыл тараптан эрбеңдеп чыккан жалгыз караан көрүндү. Бектемирдин жүрөгү «болк!» дей түшүп, кубанганынан кыйкырып жибере жаздап, турган ордунда так секирип, чимирилип-чимирилип кетти!

– Келатат! Кызмончок келатат!.. – деп ичи элжирей, өзүнө-өзү батпай кетти, – Сүйөм сени! Сүйө-өм!..

Ушинткен жигит келе жаткан караандын алдын утурлай басты. Көйнөгүнүн этек-жеңи делбектеген жан агы караан да бирде жүгүрүп, бирде жайлап, шашы лып келаткан… Ушул тапта жигиттин эсине бир нерсе «кылт!» эте түштү. Айжаркын кыздын алдынан Актуягы менен жолуккусу, анан аны так көтөрө тулпарына мингизип алып, ааламды тегиз айланып, тегеренип кеткиси келип кетти! Бул анын бала кезинен берки эңсөөсү, кыялы болчу. Кээде ушундай элести ал түшүндө көрөр эле.

Бирок ал Актуягын таппай калды.  Аты ордунда жок эле. Демейде дүпүлдөп секирип, өзүн айланчыктап отточу аргымагы каякадыр житип кеткенсийт!

Көз байланып калган…

– Актуяк?! Мо, мо?! Актуяк?! – деп адатынча таңдайын шакылдатып чакырды. Эч дабыш, жооп жок. Күлүгүнүн бу жоругуна таң калып да, ачууланып да кетти. А бирок бат эле колду шилтеп салып, сүйүктүүсүнүн жолун жөө эле тосуп баратты. Жол узарып кеткендей, же кадамдары тушалып калган өңдүү, өзүн беттеп келаткан алиги караанга жете албай келет! Аңгыча ошол караан Бектемирди көрө «тык» токтоп, бүшүркөй түштү. Ошого удаа эле Бектемирдин кулагына тааныш үн:

– Бектемир?!. – деди акырын, – Бу сенби, Беки?!.

Кимдир бирөө башка чаап ийгендей, жигиттин кулагы туна түштү! Кадамдары жайлап, токтоп калды. «Апам тура!» – деди шаабайы сууй.

Анча алыс эмес жердеги соройгон жалгыз карандын уулу экенине көзү жеткен Сайра жалгыз аяк жолдун сары топурагын боркулдата кечип, коңултак кийген көлөчүн тарпылдата чуркап келип, уулун кучактап калды:

– О, Кудай! Барсыңбы, балам?! Деги соосуңбу?!

Эсине келе түшкөн жигит абалкысындай апасынын  мээримине эрип, болбурап боюн таштамак тургай, эмнедир денеси жыйрыла түштү да:

– Апа?! Эмне болду эми?! – деди жактырбагандай, – Эмне эле ушинте бересиз?!.

– Э, ботом, Актуягың эчак келип, өзүң жок! Оюма алда нелер келип, жинди болуп кете жаздадым! Жакшысыңбы деги? – баласынын үстү-башын колдору менен сыйпалап көрүп:

– Кудайга шүгүр… – деди санаасы тынчыгандай, – Жүрө гой үйгө!

Уулу тескерилеп кетти:

– Бара бериңизчи, апа! Анан барам!

Эне аңкая карады да, алаканын уулунун чекесине койду:

– «Анан» дегениң эмнең, балам?! Деги, жакшы элесиңби?

– Айтпадымбы, «жакшы» деп! Мен эми кичинекей эмесмин да!.. Бара бериңизчи үйгө.

– Сенчи?!

– Мен артыңыздан барам.

– Бирөөнү күтүп атасыңбы?! – эне эмнегедир жоошуй, акырын унчукту.

– Ооба…

Бир нерсени сезгендей эненин эриндери диртилдеп, колдорун майда калтырак басып, саамдан кийин ынтыга, ызалуу унчукту:

– Кимди?!

– ?!. – баласы айткысы келбегендей көздөрүн ала качып, көктү карады. Аялдын өңү кумсарып, эми элеки балбыраган энелик мээрими буркан-шаркан түшкөн албуут ачууга алмашып:

– Ким ал?! – деди чаңырып. Бактан түшүп, баятан бери жигитти акмалап, аркасынан келаткан ак жылан да ал кезде алардан анча алыс эмес, алты эле кадам ары жакта, жол жээгиндеги куурайдын арасында жаткан.

Улан энесинин Кызмончокко болгон мамилесин башынан эле жактырчу эмес. Ал жөнүндө айткан ар кыл сөздөрүнө ишенбей, баары бир ичинен кыңырылып кызды аячу. А бирок бир да жолу энесине кайым айтып, өйдө карап көңүлүн оорутпай, ыйбаа кылган уландын бу жолку «тарс!» жарылып кетиши эненин өзүн эле эмес, жыланды да «селт!» эттирди. Демин ичине катып, алардын ар бир кыймылынан көз албай, тирмийип тиктеп турду.

– Ай, бала! – деди эне калтырак баскан, ызалуу добуш менен, – Бери карачы!

Анын бул сөзүндө: «Сен кимге каяша кылып жатасың?! Мен – энеңмин да!» – деген түшүнүк бар эле. Уулунун көгөрүп, айтканынан кайтпай, Кызмончокко көөнү жедеп бурулуп калганын баамдаган аял бир убакта өктөм унчукту:

– Бектемир! Азыр же мени тандайсың, же жанагы ажыдаарды тандайсың!

– Ал ажыдаар эмес! – эненин көздөрүнө тике карап, энтиге үн катты улан, – Ал – кыз! Ал эч кимге, керек болсо сизге дагы окшобойт! Ал – ажайып кыз, апа! Ал деген!…

Ушинткен сайын Кызмончоктун уяң, назик элеси көз алдына тартыла калып, эмнегедир энесине болгон эми элеки таарынычы, ачуусу тарай түштү. Жандүйнөсүндө кандайдыр бир жагымдуу нур айланып, жылуу сезим көңүлүн чайыттай жууп, жүзү да тамылжып, ошону түшүнбөй, билбей турган апасын аяп, боору ачып кетти.

– Апа?! Апаке, – деди анан эч нерсе болбогондой, баягысындай эркелей, эркелете үн катып, – Мен аны сүйөм, апа! Айтыңызчы, качандыр сиз дагы сүйүп көрдүңүз беле?!

– Сүйбөй сүмүрөң кал, акмак!!!

Энесинин жообу баланы башка ургандай «солк!» эттирди:

– ?!.

– «Сүй-йөм!» деп коёт! Сүйгөндүн балакетин алат бекенсиң?! Андай эле өлүп баратсаң элге-журтка шерменде кылбай, оңураак бирөөнү сүйбөйт белең?! Бас үйгө! Аял уулун билектен алып, жетелеп кетмекчи болду эле, баласы колун жулкуп алып:

– Барбайм! – деди. – Эми эч качан барбайм!!!

Аңгыча аялдын ачуу алаканы уулунун жаагында «чуу!» дей түшкөндө, Бектемир түгүл, энени мынчалыкка барат деп күтпөй турган Жан дагы катуу чочуп, ордунан кантип ыргып кеткенин өзү да билбей калды! Тикесинен тура калган ак жыландын чачырап кетүүчү айнектей теше тиктеген түссүз  көздөрү айдын жарыгында жалтылдап, дапдаана көрүнүп, аял экөө эки эле кадам алыстыкта арбашып, бойлошуп калышты анан! Жаңы эле апасынан терс бурулуп, кулак угуп, көз көргүс жакка чымын-куюн болуп чуркап кетүүгө комдоно түшкөн улан да, ыза менен ачуудан өңү каракөк тартып, каны кызып кеткен эне да эс-мас боло, эмне кылаарын билбей эстери ооп, кайдан-жайдан пайда боло калган жылан менен тиктешип, катып турушту. Атүгүл айлана-тегерек да: «Эмне болуп кетээр экен?!» – дегендей жымжырт болуп, бүт ааламга аппак нурун чачып, кыбыр эткенге көз кырын салып, акырын кетип бараткан алтын ай да демин ичине катып калган сыяктуу эле. «Кызмончок?!» – эмнегедир эненин да, Бектемирдин оюна да адеп ушул келди. «Өлүгүңдү көрөйүн, акыры ажалым ажыдаардан турбайбы!..» – деди аял оюнда.

* * *

Кызмончоктун ата-энеси ал күнү айылдан түш оой келишкен. Үйгө кирип келип эле Сырга кызынын ыйлаганын билди:

– Кагылайыным десе, бери карачы?!

Ансыз да араң турган Кызмончок энесинин кучагына кулап, сөз сүйлөөгө дарманы жетпей, солкулдап ыйлай берди. Кызын маңдайынан, чачынан жыттагылап:

– Кагылып кетейиним! Кагылайыным! – дей берди эне да, – Керелди кечке отурганымды карачы! Таякең кетирбей казан асып… Кара жаным, менин! Кызым менин!..

Тээ качан кызынын эки ийни солкулдап барып басылганда гана батынып сурады эне:

– Эми айтчы, берекем? Эмнеге ыйладың?

– Жан кетип калды! – деди кыз шыбырай сүйлөп. Энеси ишенер-ишенбесин билбей:

– Эмне дейсиң?! – деди же кайгырганы, же кубанганы белгисиз.

– Жан эми такыр келбейт! – деди кыз.

– Аны сага ким айтты?

– Өзү!

– Эми эч качан келбейм дедиби?

Кыз башын ийкеди.

– Туура кылыптыр. Ал акыры кетиши керек эле, – деди эне коңур үн катып, – Канткен менен эстүү эмес беле…

(уландысы бар)

 

One thought on “Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Комментарии закрыты.