11-декабрга карата аба ырайы

11-декабрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,

Баткенде түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,

Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз +5…+7° болот.