50 млрд. доллардын изи кайда же Бажы кызматы эмне үчүн унчукпайт?

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргызстан менен Кытайдын бажы кызматтарынын маалыматтарынын ортосундагы айырмачылык, мындан келип чыккан көмүскө импорт жана аткезчилик тууралуу көп жылдардан бери айтылып жүрөт. Бирок, Акаевден Атамбаевге чейинки бийлик укмаксан, көрмөксөн болуп келгенин жакшы билебиз. Бери болгондо “алар башкача эсептейт, биз башкача эсептейбиз” деген шылтоону бетке кармап келдик. Ал арада Кытайдын Бажы статистикасынын, Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмунун тандырбай турган фактылары эл аралык маалымат булактарына жарыяланып, Кыргызстандын бажы тармагына, жалпы эле мамлекетибизге көлөкө түшүрүүдө. Ал көлөкөдөн кутулуу үчүн Бажы тармагында ачык-айкындуулукту камсыздоодон башка жолубуз жок.

Жылына 4 млрд. доллар жерге сиңгенби?

Былтыртан бери Кыргызстан-дын Бажы тармагынын быкыйын чукуган маалыматтар арбыды. “Кыргызстан – ЕАЭБдеги көмүскө  импорттун  жана  аткез-чиликтин  королу.  Иликтөөлөр” аталган  макалада  (Kaktus.media 23-октябрь 2017) 2016-жылы Кыргызстандын  Кытайдын  импорту 1,48 млрд. долларды түзгөндүгү, же болбосо аркы жылга салыштырмалуу 500 млн.долларга өскөндүгү белгиленет. Буга кубаналы десек, Кытайдын импорту 1,48 млрд доллар эмес, 5 млрд долларды түзөөрүн айтып кызартып жатпайбы. Аталган макала Кыргыз бажысы менен Кытайдын, андан ары БДБнын маалыматтарына таянып жазылганы келтирилет.

Мындай бир нече мамлекеттин башын бир казанга кайнаткан эл аралык деңгээлдеги макалалар тегин жеринен жазылбайт. Таянган фактысы, сүйөнгөн жүйөөсү болот. Ошону менен Кыргызстан Кытайдын эске алынбаган импортунун айынан жыл сайын эбегейсиз (4 млрд. доллар) чыгым тартып жатканы айтылат.

Кайсы гана басылма болбосун кайсы бир тараптын камчысын чабаары же кандайдыр бир саясий-экономикалык  кызыкчылыкты көздөөрү белгилүү. Ошол эле учурда бул фактылар биринчи жолу айтылып жаткан жери жок. Жогоруда айтканымдай Кыргызстан буга чейин Кытай менен алакасындагы (экспорт-импорт) келип чыккан айырмачылыктын себептерин, эки өлкөнүн ортосундагы эсептөө ыкмасына байланыштырып, мындай айыптарды жанына жуутпай келди.

Кытай, Түркия башканы айтып жатат

Жакында  ушул  темага кайрылган  Россиялык “REGNUM” маалыматтык агенттиги «Кыргызстандагы аткезчилик: эмне үчүн элита айтылгандарга аябай чычалайт” деген (21-ноябрь 2018) дагы бир олутуу макаланы жарыялады.

Макалада чү дегенде эле экс-президент А.Атамбаевдин “Апрель” телеканалына берген интервьюсуна шилтеме жасалыптыр. “Менин үч жылдык премьер жана президенттик мезгилимде Кубанычбек Кулматов менен биргеликте бажы жыйымын үч эсеге өстүргөнбүз” дептир А.Атамбаев. Андан ары экс-президент Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун түрмөгө камалуу себептерин Р.Матраимовдун кызматтан алынышы менен байланыштырганы келтирилет.

Эми  бул  сырттагы  кишинин жазганы. Тактоо иретинде айтсак А.Атамбаев Баш мыйзамга ылайык 6 жыл “кедей хандык” кылган. Ошол эле Р.Матраимовду Түштүк бажысын “түгөлдөтүп” дээрлик алты жыл бою алып жүргөн дагы өзү болчу. Анда эмне үчүн ал кездеги өкмөт башчысы Сапар Исаковдун “суук” колу аркылуу Р.Матраимовду президенттик кызматынан кетип жатканында алдырып салды? Же анын кемчиликтерин кетип жатканда гана көрүптүрбү? Азыр бул маселе «Чубактын кунундай чубалып» соттон сотко сүйрөлүп жүрөт.

Кандай болгондо да Кыргызстандын  бажы  кызматы  кыйла мезгилден бери экс-президенттер баш болгон, бир ууч чиновниктердин жем жеген акырына айланганын бүтүндөй кыргыз эли көрүп эле  келген.  Анын  үстүнө  ааламдагы өлкөлөрдүн экономикалык алакасын эринбей каттап отурган Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун далилдерине таянган жогорку макалада акыркы 20 жылдын ичиндеги (2001-2017) Кыргызстандын коңшу  Кытай  менен  экспорт-импортундагы айырмачылык асман менен жердей экендиги кашкайта көрсөтүлүптүр.

Айталы, кыргыз бажычыларынын сары эсеби боюнча 20 жылдын аралыгында Кытайдын Кыргызстанга  импорту  11,64  млрд. долларды түзгөн. Ал эми Кытайдын эсеби боюнча (алар бул жагынан абдан эле так экени белгилүү, кокус башкача чыгып калса баштары кетээрин жакшы билет) бул көрсөткүч 61,667 млрд. долларды чапчыган. “Айырмачылык 50 млрд. долларды түзүп жатат. Мындай айырмачылыкты эч кандай эсептөө ыкмаларына шылтай албайсың – бул башка өлкөлөргө тараган обьективдүү аткезчилик болуп саналат, Кыргызстандын дүң базарлары ушунун эсебинен жашап жатат”, –деп айтылат макалада.

Ошондой эле Түркия менен ала-кабыздагы импорттун айырмасы дагы – 1,839 млрд. долларды түзгөн.

Ак же көк дебеген “байкуш” мамлекеттик бажы кызматы

“Мындай статистика Кыргызстандын  элитасы негизинен аткезчиликтен миллиарддаган доллар менен өлчөнгөн киреше таап жатканын көрсөтөт. Мындай кедей өлкөдөн байпагы манат байлардын чыгып жатышынын себеби ушул. Өлкөнүн элитасы элдин өсүп-өнүгүшүнө түкүрүп да коюшпайт, аларды жыргал турмушу башка нерселерге байланышкан”, – деп жазат аталган макалада Россиянын “REGNUM” маалымат агенттиги.

Эмне дейбиз?! Мамлекеттик бажы кызматына, жалпы эле элибизге сөз тийгизип жаткан мындай маалыматтарга Кыргызстан, баарыдан мурда ошол эле Мамлекеттик бажы кызматы “ак же көк” деген жообун бериши керек. Бергенде да айныксыз далилдерди келтириши зарыл. Болбосо 50 млрд. доллар айырма чыгат дегендик эмне тамтык?! Же болбосо “мынча каражатты кимдер ашап келген?” десек жарашкан турат.

Деген менен бажы кызматындагылар жакшы жашай турганын да жакшы билебиз. Кыргызстандын  Мамлекеттик  бажы  кызматынын алдына барсаң куну бери болгондо бир үйлүк укмуш унааларды көрөсүң. Айлыктары деле белгилүү.  Орточо  20-25  миңдин тегерегин  түзөт.  Анан  ушул  айлык  менен  мындай  машиналарды  алууга  болобу?  Айтор  суроо толтура…

Ошол  эле  мезгилде  Кыргызстандын бажы кызматы эл көзүнө эң эле жөнөкөй, кала берсе бечара көрүнгөндү жакшы көрөт. Бир мисал келтирейин. Учурда “Кыргыз Туусу” гезитине 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына жазылуу өнөктүгү жүрүп жатат. Гезитибизге  жазылуу  боюнча  жиберген өтүнүч катыбызга, Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Ш.Бердалиевдин колу коюлган жооп кат келиптир. Анда мындай деп айтылат: “бюджетинин ар кандай чыгымдар сметасында гезит-журналдарга жазылууга акча каражаты каралбагандыгын маалымдайбыз.

Ушуга байланыштуу МБК сиздердин  кайрылууңуздар  боюнча “Кыргыз Туусу” гезитине жазылуу мүмкүнчүлүгү жок экендигин билдиребиз”.

Каап… Байкуш Мамлекеттик бажы кызматы. Силердин мындай итке минген кедей экениңерди билгенде кат жазып бекер убара болуптурбуз. Уялып да кеттик…Олда бечаралар ай! Убал болгон турбайбы!

Какшыгыбызды мындай жылдырып, сөздү тике айтканда “Кыргыз  Туусу”  гезити  мамлекеттин саясатын чагылдырган мамлекеттик гезит. Болгондо да Өкмөттүн гезити. Ушул өңүттөн алып караганда мамлекеттин күндөлүк турмушу, саясаты, социалдык-экономикалык абалы, алдыдагы стратегиялык багыттары тууралуу жаңылыктардан кабары жок, бу эмне болгон Мамлекеттик бажы кызматы?!