Министр Кашкар Жунушалиевге

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


“Кыргыз Туусу” мамлекеттин ар тараптуу саясатын, күндөлүк турмушун, стратегиялык багытын өзүнө мүнөздүү олуттуулук, салабаттуулук менен чагылдырып келаткан бирден-бир мамлекеттик гезит. Учурда 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына “Кыргыз Туусу” гезитине жазылуу өнөктүгү кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу дээрлик бардык министрликтерге, мамлекеттик органдарга жазылуу өтүнүчү менен кат жөнөткөнбүз.

 

Күйгөнүбүз  айрым  министрликтер, мамлекеттик мекемелер ар кандай шылтоолор менен жазылуудан баш тартып жатышкандыгы. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Финансы-чарбалык камсыздоо башкармалыгынын  башчысы Р.Жапаровдун  колу  коюлган мындай мазмундагы кат келиптир:  “Кыргыз  Республикасынын Ички иштер министрлиги “Кыргыз Туусу” гезитин, бүгүнкү күндө гезит сатуучу жайлардан накталай акча төлөө жолу менен сатып алып келүүдө, ошого байланыштуу Ички иштер министрлиги тарабынан “Кыргыз Туусу” гезитине 2019-жылдын 1-жарым  жылдыгына  жазылуунун  зарылдыгы  бүгүнкү күндө  жоктугун  билдирет”,  – деп айтылат.

Биринчиден “Кыргыз Туусу” гезити сатыкка чектелүү гана санда чыгарылат. Демек, жеткени жетип, жетпегени албай калышат. Көбүрөөк чыгаралы десек чөнтөгүбүзгө  убал.  Себеп  дегенде Бишкек шаарындагы биз келишим менен иштеген айрым басма  сөздү  таркатуучу  уюмдар банкрот болуп жоюлуп кетип, канчалаган акчаларыбызды алалбай калып, оозубуз күйгөн.

Ошондуктан сатыкка ченем менен чыгарабыз. Бул эми Бишкек шаарындагы абал.

Экинчиден, гезиттин негизги нускасы (6000) жазылып окугандарга гана таркатылат. Алыскы райондордо, жер-жерлерде “Кыргыз Туусу” сатыкка чыкпайт.

Үчүнчүдөн  ИИМ  бакыйган министрлик. Бардык жерде структуралары, бөлүмдөрү бар. Макул, Бишкектеги бөлүмдөрү эптеп сатыктан таап алат экен дейли.  Ал  эми  облустардагы, райондордогу, айыл аймактарындагы  ИИМдин  структурасында иштегендер “Кыргыз Туусун”   окубайбы?  Биз  жер-жерлерге сатыкка чыгарбасак алар кайдан алышат? “Кыргыз Туусун” окубаган, мамлекеттин учурдагы  саясатынан  кабары жок бул эмне болгон милиция кызматкерлери?

Ысмайыл акындын “Оңуту келген сөздөр бар, оозум барбайт айтканга”,-деген ыр сабы бар. Ошондой болсо да оңу келип турганда айта кетсек бир аз жыл мурда аттестация учурунда  ИИМ  кызматкеринин“Өзбекстандын президенти ким?”, – деген суроого “Өзбек ажы” деп жооп бергени эсибизден чыга элек.

Бир чети баарыбызды кызарткан, бир чети намысыбызга тийген бул видео интернет булактарынан күнү бүгүн чыга калып жүрөт. Муну менен эмне айткыбыз келет?! Жер-жерлерде  ИИМ  кызматкерлери гезит окубаса, болгондо да мамлекеттин саясатын жүргүзүп жаткан гезиттерди окубаса жыйынтыгы ушул да.

Түз эле айталы “Кыргыз Туусу” гезитине жазылбайсыңар деп догурунуп жаткан жерибиз жок. Биз мамлекеттин саясатын чагылдырсак, ИИМ – мамлекеттик бийликтин өтө маанилүү бутактарынын бири. Ушул жерден киндигибиз туташ. Анан килейген ИИМ “жазылбайбыз” деп “кибиреп” турса жарылат экенсиң.

Жакын калды жыл бүтөт,
Жазылуу мөөнөт аз калды…
Камчылап көрсөм деп турам,
Демейде,
Кызый сүйлөп теминген,
“Кыргыз Туусуна” келгенде,
Жаздыруудан эринген,
ИИМдин лөгү Кашкарды.

Угуп турчу Кашкарым,
Кырдан карап дегеле,
“Кыргыз Туусун” кылымдык,
Таанымаксан болосуң…
Калктын чансаң тарыхын,
Кантип анан оңосун?!
…“Кыргыз Туусу” түбүндө,
Чоң атаң менен тең эле.
Аалы, Касым, Түгөлбай…
Алптардын баары иштеген,
Абалтан кутман жер эле.
Жал-жаяга кекирип,
Жазылбайм деп секирип,
Мөңкүп турсуң сен эле!

Эми жүйөлөшүп көрөлү,
ИИМде болсо жаңылык,
Ай-асманга чыгарып,
Жазып келе жатабыз.
Жашырганда эмине,
Жаман-жуман иш болсо,
Жалпы журтка көргөзүп,
Казып келе жатабыз.
Грамота сыйлыгың,
Алып келе жатабыз,
Ишиңерди жазмакка,
Жердин түбү болсо да,
Барып келе жатабыз!
Анан,
Жазылбайбыз дегенге,
Ачыгын айтсак капабыз!

Айтсам сөзүм мол Кашкар,
Арыдан-бери бол Кашкар!
Жарды болбойт андан – ИИМ,
Жамбаштап жатып окуйсуң,
Жалпы журттук гезитке,
Жаздырып эле кой Кашкар!