Жеңил өнөр жайы – жүк көтөргөн тармак

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Эсибизде жеңил өнөр жай тармагы Кыргызстандын сыймыгы болчу. “Октябрдын 40 жылдыгы”, “ВЛКСМ”, “1-май”, “Ош-Касиет”, “Камволдук-нооту комбинаты” ж.б. ондогон завод-фабрикаларда жүз миңдеген кыз-келиндерибиз иштеп, атайы анда иштегендерге арналып салынган үйлөр-жатаканалар шаарыбыздын көркү эле.

Бүгүнкү күндө күнү-түнү күркүрөп иштеп турчу ал ишканалар ар кимдин жеке менчигине айланып, изи деле калган жок. Бирок, ааламда жок ак калпак тигип, атыбызды дүйнөгө тааныткан кыз-келиндерибиздин узчулук касиети, жоктон барды жараткан керемет потенциалы, эгемендик мезгилинде таш жарып чыккан булактай эле кайрадан көтөрүлдү.

Көтөрүлгөндө  да  эч  кандай  завод-фабрикасыз, эч кандай шарты жок эле 5-6 машинкадан баштаган уздарыбыз, кийимдин түрүн тигип, өзүбүздү гана камсыздабастан, чет өлкөлөргө да чыга баштады. Бул “алтын оймок, жез билек” келин-кыздарыбыздын кылымдан бери келаткан улуу касиети болчу. Дагы фактыга кайрылсам, 2012-жылы Кыргызстан тигилген кийимдерди Россияга экспорттоонун көлөмү боюнча Кытайдан кийинки эле орунга чыккан. Башкача айтканда Россиянын тигүү буюмдарына болгон импортунун 15 пайызын биз ээлеген деңгээлге жеткенбиз.

Жеңил  өнөр  жайы  –  дүйнөдөгү  эң өнүккөн,  теңдешсиз  атаандаштыкты  жараткан тармак. Соңку жылдарда Россиянын рыногуна жулунуп кирген мамлекеттердин арасында (Кытай, Түркия, Италия, Германия) бешинчи орунду бербей келебиз. Айта кетүүчү нерсе мындай ийгиликтердин жаралышына Кыргызстандагы чакан цехтерде иштеген тигүүчүлөрдүн башын-коштурган  Жеңил  өнөр-жай  ассоциациясынын түзүлүшү өзүнүн чоң таасирин тийгизген. Бүгүнкү күндө ассоциация Кыргызстанда иштеген 7 миңден ашуун тигүү ишканаларын баш коштуруп турат. Эгерде улуттук статистикалык маалыматтарга кайрылсак тигүү тармагы акыркы 15 жылда150 миңден ашуун кыз-келиндерди иш менен камсыз кылган.

Ошону менен Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагын кайра калыбына келтирүүгө толук негиздер түзүлдү. Анын түзүлүшүнө уз кыз-келиндерибиз өздөрү көмөкчү болушту. Учурда Өкмөт бул тармакка өзгөчө маани берип, Бишкектин аймагынан (Военно-Антоновка) 50  гектар  жер  бөлдү.  Премьер-министр М.Абылгазиевдин айтымында жакынкы 5 жылдын аралыгында бул жерде 40 ири ишкана курулмакчы. Ошондой эле алдын-ала эсептөөлөр боюнча 10 миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөт. Бүгүнкү күндө аны курууга 45 млн. доллар жумшалары белгилүү болду. Ал эми Өкмөт башчы бул каражатты 200 млн. долларга чейин көтөрүү мүмкүндүгүн да айтты.