Кыргыз Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнө 25 жыл болду

Бүгүн, 29-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы белгиленет. Бул маанилүү мааракеге карата борбор калаадагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанаттуу жыйын уюштурулат. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жыйынга жалпы аскер кызматчылары жана меймандар менен бирге президент Алмазбек Атамбаев, Башкы штабдын башчысы генерал-майор Раимберди Дүйшенбиев да катышаары белгиленген.

Маалымат боюнча, эртең кечинде аскер кызматчыларына арналып, Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында театрлаштырылган оюн-зоок кечеси жана кыргыз эстрада жылдыздарынын концерти уюштурулат. Ошондой эле, аскер техникасынын көргөзмөсү болот.