Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Чокморов алмаштырыла турган болду. Эми бүшүркөткөн Айтматов да алмаштырылабы?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Кечээ жакында Москва шаарында улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго эстелик ачылды. Аны карап туруп биздеги “Айтматов” эске түштү.

2016-жылы көз карандысыздык күнүнө  карата  Бишкектин ортосунда Айыл чарба министрлигинин алдына Айтматовго эстелик коюлган. Биринчиден, эмне үчүн ошол жер тандалып алынганы азыркыга чейин мага түшүнүксүз. Же улуу жазуучубуздун алгачкы кесиби зоотех-ник экени эске алындыбы…

Бирок, ал деле анчалык маанилүү эмес. Кеп – эстеликте, биз замандаш болуп калган, сексен жашты таяп барып бул дүйнөдөн өткөн залкардын жаш кезиндеги келбети түшүрүлгөнүндө. Ошол эстелик ачылгандын эртеси балдарымды ээрчитип алып, аны көргөнү барып, “тааныбай” турсам, бир улгайып калган байбиче келип эле алаканын шак коюп: “Оп-пей, Айтматовду эмне кылып салышкан?” – деп менин оюмдагыны тастыктап салды. Мунун көшөгө артындагы аки-чүкүсүн билбейм, бирок дагы бир залкарыбыз Сүймөнкул Чокморовдун эстелигиндей эле азыркыга чейин эл кабыл албай турганы – чындык.

Мында “Айтматов деле жаш болгон” деген актануу суу кечпейт. Ушуга кейип жүрсөм, Москвада  жакында  ачылган  “Айтматов” көңүлүмдү көтөрүп койду.

Учурда Чокморовдун эстелиги алмаштырыла турганы да айкын болду. Ансыз да бир жасаганыбызды он жолу оңдогон адат болуп калган кыргыздар эми Бишкектеги Айтматовду да оңдойт окшойбуз…