Нурсултан НАЗАРБАЕВ: «Түбөлүктүү эл болуу – көз карандысыздыктын өмүрлүк философиясы»

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»


16-декабрь – Казакстан Республикасынын көз карандысыздыгынын күнү. 1991-жылдын 16-декабрында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев «Казакстан Республикасынын көз карандысыздыгы тууралуу» Конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам Казак ССРинин Жогорку Совети 1990-жылдын 25-октябрында кабыл алган «Казак Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү тууралуу Декларациянын» мыйзам ченемдүү жалгашы болду. Казакстандын көз карандысыздыгын расмий түрдө алгач тааныган мамлекеттердин катарында Кыргызстан (1991-жылдын 19-декабры) да болду. Алгач тааныган делинип жүргөн АКШ 25-декабрда маалымдамасын билдирип, 26-декабрда расмий түрдө тааныган.

Казакстан  көз  карандысыздыгынын  жыйырма  жети  жылында мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөөдө орошон  зор  иштерди  аткарды  десек жаңылышпайбыз. Өлкөнүн азыркы учурдагы жетишкендиктери сөзүбүздүн айкын далили. Казакстан дүйнөдөгү атаандаштыкка жөндөмдүү элүү мамлекеттин катарына кошулуп, эми 2050-жылы отуз мамлекеттин ортосунан орун алууну көздөп турган учуру. Өлкөнү өнүктүрүүдө чакан жана орто ишкердүүлүккө чоң маани берилип, Казакстан азыр Бүткүл дүйнөлүк банктын бизнес жүргүзүү боюнча рейтингинде, 190 элдин ичинде, 36-орунду ээлеп турат. Соңку жыйырма жылда өлкөгө 300 миллиард АКШ доллары көлөмүндө чет өлкөлүк инвестиция тартылган. Бул, албетте, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө көргөзүлгөн ишеним.

Казакстан  КМШ  жана  Борбор  Азия өлкөлөрүнүн арасынан эл аралык ЭКСПО көргөзмөсүн өткөргөн биринчи өлкө. Бул иш-чара Казакстандын эл аралык имиджин көтөрүп гана койбой, ата мекендик ишкерлердин бизнесине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди.

Учурда Казакстандын калкынын саны 18 миллиондон ашты. Өмүр жашынын узактыгы орто эсеп менен 72,5 жаш болуп отурат. Ушул бир гана маалымат Казакстандын соци-алдык абалынын түзүк экендигин, ошондой эле калктын ден соолугунун жакшы болушуна ылайыктуу шарттардын жасалып жатканын тастыктайт.

2014-жылы өлкөдө өлкөнүн инфратүзүмүн жаңылай турган «Нурдуу жол» комплекстүү программасы  ишке  ашырыла  баштаган. 2015-жылы «100 конкреттүү кадам» аттуу Улут планы жарыяланган. Ага улай Казакстандын Үчүнчү жаңылануу программасы ишке киргизилген. Мунун максаты – элдин бакубат жашоосун камсыз кылуучу экономикалык өнүгүүнүн жаңы моделин калыптандыруу. Казакстан азыркы мезгилде эл башчы Нурсултан Назарбаевдин жетекчилиги менен ушул багытта иш алып барууда.

Адатта  элдин  бакубаттуулугунун көрсөткүчү иретинде ички дүң продукциянын (ИДП) көрсөткүчү мисалга келтирилет. 2018-жылдын ИДПысы, Президент Н.Назарбаевдин 21-ноябрда Казакстанда ак-кредиттелген чет өлкөлүк дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдиргениндей, быйыл былтыркыга караганда 4 пайызга өсүп, дүйнөлүк көрсөткүчтүн орто деңгээлинен ашкан. «Казакстан бир нече маанилүү масштабдуу реформаларды ишке ашырып жатат. Биз алардын аткарылышын көзөмөлгө алганбыз. Бюджеттик тармактагы 1,3 миллион кызматкердин эмгек акысы жогорулайт. Ошону менен бирге биз адамдык капиталды өнүктүрүү жана укук коргоо системасын жакшыртуу боюнча конкреттүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу ниетиндебиз, биздин «7-20-25», «Нурлуу жол» жана «Нурлуу жер» программаларыбыз элибиздин бакубаттуулугун арттырууга багытталган», – деди Президент жолугушууда.

Атап айтсак, Бүткүл дүйнөлүк банктын 2017-жылдын жыйынтыктары боюнча аныктамасында Казакстандын адам башына эсептегендеги жылдык ИДПысы 7 миң доллардан 12 миң долларга чейинки категорияга кирген.

Казакстандын  азыркы  социалдык-экономикалык абалын так билүү максатында   Казакстан  Республикасынын  Улуттук экономика министрлигине караштуу статистика комитетинин маалыматтарына көз жүгүрткөнбүз. 2018-жылдын 1-октябрындагы маалымат боюнча калк саны 18 миллион 334 миң 300 адамга жеткен. Орточо эмгек акы 164 миң 552 теңгени түзгөн. Учурда Казакстандагы эң төмөнкү күн көрүү деңгээлинин каржылык көрсөткүчү 26 миң 108 теңгени курайт.

Нурсултан Назарбаев 29-ноябр дакалкты социалдык жактан коргоо маселесине арналган кеңешме өткөрдү. Анда Эл башчы өзүнүн 5-октябрда жарыялаган Кайрылуусунда айтылган тапшырмаларынын кандай аткарылып жатканын Өкмөттөн жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринен сурады.

Президент  Нурсултан  Назарбаевдин 5-октябрдагы кайрылуусу «Казакстандыктардын  байгерчилигинин  өсүүсү:  киреше менен  жашоо  сапатын  жогорулатуу»  деп аталган. Анда мамлекет башчы казакстандыктардын жашоо-турмушунун мындан ары жакшыруусуна, эмгекчилердин кирешесинин өсүүсүнө басым жасаган. Бул максатта республика Өкмөтүнө 2019-жылдын 1-январынан тартып эң төмөнкү эмгек акыны 1,5 эсеге көбөйтүүгө тапшырма берген. Демек, учурдагы 28 миң теңге 42 миң теңгеге чейин көтөрүлөт. Бул ар түрдүү тармактагы ишканаларда жумуш иштеген 1 миллион 300 миң адамдын маянасына түздөн-түз тиешелүү. Белгилей кетсек, Президент жеке менчик ишканалардын жетекчилеринен да кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү талап кылып жатат. Ал эми бюджеттик мекемелерде иштеген 275 миң кызматкердин эмгек акысы орто эсеп менен 35 пайызга өсмөкчү. Ушул максаттарга 2019-2021-жылдарда республикалык бюджеттен жыл сайын 96 миллиард теңге бөлүнүшү керек. Каржы булактарынын бири – экономиканын башка тармактарын кошпогондо, ишкердүүлүк чөйрөсүндө үч жылда 22 миң жаңы жумуш орду ачылып, бюджетке 224 миллиард теңге салык түшүүгө тийиш.

Кайрылууда экспортко багытталган индустриялаштыруу экономикалык саясаттын негизги элементи катары белгиленди. Өкмөткө кайра иштетүү өнөр жайы жана чийки заттык эмес экспортту колдоо максатында 3 жылда азыркыга кошумча 500 миллиард теңге бөлүп берүү тапшырылды. Ал эми Казакстандын Улуттук банкы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруучу ишкерлерге 600 миллиард теңге көлөмүндө кайтарымы узак мөөнөттүү насыя бөлүүгө тийиш. Чийки заттык эмес секторду каржылай турган инвестиция фонду түзүлүүсү керек.

Аталган Кайрылууда Президент өлкөдөгү турак жай курулуштарына чоң дем берип жаткан  «Нурлуу  жер»  программасынын ийгиликтүү ишке ашырылып жатканына токтолуп, аны кеңейтүү үчүн турак жай ипоте-касынын жетиштүүлүгүн камсыздай турган жаңы «7-20-25» программасы кабыл алынганын атап көрсөткөн. Бул педагогдор менен медицина кызматкерлерине, полицияга жана аймактарга барып иштеп жаткан адистерге үйлүү болууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Мындан тышкары, социалдык жактан жардамга муктаж адамдар үчүн да турак-жайларды салуу колго алынган. Мында 250 миңден ашуун үй-бүлө турак-жайын жакшырта алышат. Бюджеттин эсебинен, беш жылдын ичинде инфратүзүмү кошо курулган турак жайлар менен 650 миң үй-бүлөнү камсыз кылуу мерчемделип отурат. Бул 2 миллиондон ашуун адам батирлүү болду деген сөз.

– Мамлекет жыл сайын социалдык тармакты каржыландыруу көлөмүн арттырып, милдеттемелеринин  бардыгын  орундап келет. Быйыл ушул максаттарга 2,6 триллион теңге бөлүндү. Бул былтыркы менен салыштырганда  21,3  пайызга  көп,  –  деди Н.Назарбаев калкты социалдык жактан коргоо  маселесине  арналган  кеңешмеде. Мамлекет  башчы  2019-жылдан  баштап Казакстандын жумуш иштеп жаткан жараны үчүн бирдиктүү жыйынтык төлөм системасын киргизүү мерчемделип жатканын баса белгиледи.

– 2018-жылдын1 январдан баштап жашоосу төмөн үй-бүлөлөр үчүн даректүү социалдык жардамдын жаңы форматын кийирдик. Анын аркасында быйылкы 10 айдын ичинде 103 миңге жакын үй-бүлө, мындайча айтканда, 534 миң адам мамлекеттик колдоо чаралары менен камтылды – деди Президент. Анын тапшырмасы боюнча 2019-жылдын 1 январынан тартып жашынын улгайганына байланыштуу бериле турган пенсия 7 пайызга, майыптыгы жана багуучусу жокторго бериле турган жөлөк пул 5 пайызга көтөрүлүүгө тийиш.

Президент Н.Назарбаев Казакстандын санариптик экономикага жана төртүнчү өнөр жай индустриясына (учурда дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү «Төртүнчү өнөр жай революциясы доору» деп аталган форматта иш алып барууда. Анын негизи – нанотехнологиялар аркылуу экономиканы өнүктүрүү) өтүүсүнө байланыштуу эмгек ресурстарынын сапатына коюлуучу талаптардын күчөгөнүнө көңүл бурду. Сапаттуу жумуш орундарын ачуу үчүн эмгек рыногун өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын даярдоо керек. 2025-жылга карата кошумча 2 миллионго жакын жаш адис эмгек рыногуна кошулат деп болжолдонуп жатат. Жаштарыбызды тиешелүү жумуш орундары менен камсыз кылуу абдан маанилүү, –деди ал. Кеңешменин соңунда Н.Назарбаев Президенттик администрацияга тапшырмалардын  аткарылуусун  көзөмөлдөөнү жүктөдү.

Жакында Н.Назарбаев Астанадагы Улуттук аскердик-патриоттук борборго барып, «Ата Мекен, Эл башчы, Жаш жоокер» аттуу мааракелик иш-чарага катышты. Ошондо сүйлөгөн сөзүндө Н.Назарбаев мындай деди: «Эгерде биз Ата Мекенибизди коргой албасак, анда Көз карандысыздыктын 27 жылы ичинде аткарган бардык иштерибиздин мааниси жоголот».

Ушуга байланыштуу Н.Назарбаевдин мындан бир нече жыл мурда жарыя-лаган  «Көз  карандысыздык  тууралуу  ой-толгоо» эссеси эске түштү. Анда эл башчы «Калкыбыздын көз карандысыздыгы ме-нен  түбөлүктүүлүк  келечеги  мени  дайыма толгондурат. «Көз карандысыздык философиясы» кандай болушу керек?» деген соболду мен өзүмө ар дайым коём. Заман агымы бизди Казакстан Республикасы тунгуч ирет көз карандысыз эл катары ааламга айгинеленген дата – 1991-жылдын 16-декабрынан  күн  сайын,  саат  сайын  алыстатып  бара  жатат.  Биз  жыл  өткөн  сайын ошол тарыхый тандоонун түгөнгүс кудуретин жан-жүрөгүбүз менен түшүнөбүз. Ал – эгемендүү мамлекетте тынчтык менен ынтымакта, өз ара ишенимде азат өмүр сүрүүнү тандоо. Ал – тууган жерибиздин казынасы менен байлыктарына өз алдыбызча ээлик кылып, аларды бүткүл коомдун ийгилиги үчүн өз каалаганыбыздай жумшоону тандоо. Ал – өз тагдырыбызды өзүбүз айкындоо, келечегибизди өз колубуз менен жасоону тандоо. Биздин Казакстаныбыз жарык жылдыз болуп дүйнөгө келди. Бардыгыбызды көз карандысыздык руху колдойт, бириктирет, боюбузга кубат берет, ишенимибизди күчөтөт», – деп толгогон.

Ошондой эле, Эл башчы көз карандысыздык бардык муундагы ата-бабалардын касиеттүү жер – Ата мекендин ар бир кадамын коргоосу үчүн өлчөөсүз төгүлгөн каны менен теринин өтөмү экендигин, көз карандысыздык, кечээки баатыр бабалар керээз кылгандай, тууган жерди кашык каны калганча коргоо жөнүндөгү ар бир азаматтын чечкиндүү чечими экендигин атап көрсөткөн.

Түбөлүктүү эл болуу – көз карандысыздыктын өмүрлүк философиясы», – дейт Н.Назарбаев «Көз карандысыздык тууралуу ой-толгоосунда».

Көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында экономиканы өнүктүрүүнү биринчи орунга койгон Н.Назарбаев, ал максат жүзөгө ашкан соң, маданиятты өнүктүрүүнү колго  алды.  2017-жылдын  12-апрелинде Казакстандын башкы улуттук «Егемен Казакстан» гезитинде «Келечекке багыт: руханий жаңылануу» аттуу программалык макаласын жарыялап, элдин руханий дөөлөтүн арттырууга жол ачып берди. Жакында эле анын жалгашы болгон «Улуу Талаанын жети кыры» деген макаласын жарыялап, маданиятты өнүктүрүүдөгү милдеттемелерди белгиледи.