12-декабрга карата аба ырайы

12-декабрда айрым аймактарда жана тоо кыркаларында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,

Баткенде түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10,

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,

Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүзү 4…6° болот.